Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-БӨЛҮМ

Падыша элин жалган диндин иштеринен тазалап келет

Падыша элин жалган диндин иштеринен тазалап келет

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Иса Машаяктын өзүнүн жолдоочуларын жалган диндин иштеринен тазалаганынын себеби жана жолдору

1—3. Ыйык жайды ыпылас иштери менен булгап жаткандарды көргөндө Машаяк эмне кылган?

 ИСА МАШАЯК Иерусалимдеги ибадаткананы жогору баалачу. Анткени ибадаткана кылымдар бою чыныгы сыйынуунун борбору болуп келген. Чыныгы сыйынуу — ыйык Кудай Жахабага сыйынуу — эч нерсе менен булганбай, ар дайым таза болууга тийиш. Б.з. 33-жылы 10-нисанда ыйык жайды ыпылас иштери менен булгап жаткандарды көргөндө Машаяктын кандай сезимде болгонун элестетсеңер. Ал эмнелерди көргөн? (Оку: Матай 21:12, 13.)

2 Жүйүт элинен болбогон адамдар сыйынган короодо ач көз, амалкөй соодагерлер менен акча алмаштыргандар Жахабага курмандык чалганы келгендерден пайда көрүп жатышкан a. Иса пайгамбар «соодагерлер менен сатып алуучулардын баарын кууп чыгып», «акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн... көңтөрүп салган» (Салыштыр: Некемия 13:7—9). Анан Атасынын үйүн «каракчылардын уюгуна» айландырып салганын айтып, ач көз кишилерди катуу айыптаган. Бул иш-аракетинен анын ибадаткананы ыйык тутканы көрүнгөн. Ооба, Жахабага сыйынуу таза болушу керек болчу.

3 Кылымдар өтүп, такка отургандан кийин Машаяк Жахабанын эркине ылайык сыйынгысы келгендер кызмат кылып жаткан каймана ибадаткананы да тазалаган. Ал эмне болгон ибадаткана эле?

«Леби уулдарын тазалоо»

4, 5. а) 1914-жылдан 1919-жылдын башына чейин Машаяктын майланган жолдоочулары кантип тазаланышкан? б) Кудайдын эли ошону менен эле тазаланып бүткөнбү? Түшүндүргүлө.

4 Бул китептин 2-бөлүмүнөн билгенибиздей, Машаяк 1914-жылы такка отургандан кийин Атасы менен таза сыйынуу үчүн «курулган» каймана ибадаткананы текшерүү үчүн келген b. Натыйжада ал майлангандардын, «Леби уулдарынын», тазаланышы керектигин көргөн (Мал. 3:1—3). 1914-жылдан 1919-жылдын башына чейин Жахаба, эли тазаланышы үчүн, «Эритүүчү» катары алардын ар кандай кыйынчылыктарга, сыноолорго дуушар болушуна жол берген. Ошондо алар «оттой» сыноолорго туруштук берип, Падышаны жан-дилден колдоого даяр, таза эл болуп чыга келген.

5 Кудайдын эли ошону менен эле тазаланып бүткөнбү? Жок. Акыркы күндөр башталгандан бери Жахаба Иса Машаяк аркылуу элине, каймана ибадатканада кызмат кыла алышы үчүн, андан ары да тазалана беришине жардам берип келет. Кийинки эки бөлүмдө анын өз элине адеп-ахлактык жактан таза болууга жана уюмдагы уюштуруу тартибин жакшыртууга кантип жардам берип келгени каралат. Бирок адегенде Машаяктын бизге жалган диндин иштеринен тазаланууга кантип көмөк көрсөткөнүн карап чыгабыз. Анын бизди жалган диндин таасиринен көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да жолдор менен коргоп келгенин окуганда ишенимибиз бекемделет.

«Өзүңөрдү булгабагыла»

6. Жахабанын жүйүттөргө берген буйругу чыныгы сыйынуунун тазалыгы эмнени билдирерин кандайча көрсөтүп турат?

6 Чыныгы сыйынуунун тазалыгы деген эмне? Бул суроого жооп алыш үчүн Жахабанын б.з.ч. 537-жылы Бабыл кулчулугунан бошоно турган жүйүттөргө байланыштуу айткан пайгамбарлыгын карап көрөлү. (Оку: Ышая 52:11.) Алар мекени Иерусалимге, негизинен, ибадаткананы кайра куруп, чыныгы сыйынууну калыбына келтирүү үчүн кайтып барышкан (Эзра 1:2—4). Жахаба алардын бабылдыктардын дининдеги бардык ыпылас иштерди артка калтырышын каалаган. Анын: «Арам нерселерге тийбегиле... Анын ичинен чыккыла, өзүңөрдү булгабагыла»,— деген олуттуу буйругуна көңүл бурсаңар. Ооба, чыныгы сыйынуу менен жалган дин эч качан аралашпашы керек. Демек, чыныгы сыйынууну таза сактоо деген жалган диндин бардык окууларынан, иштеринен алыс болууну билдирет.

7. Машаяк жолдоочуларына тазаланууга ким аркылуу жардам бере берген?

7 Такка отургандан көп өтпөй, 1919-жылы, Иса Машаяк жолдоочуларына таза болууга көмөк көрсөтө турган ишенимдүү жана акылдуу кулду дайындаган (Мт. 24:45). Ага чейин эле Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр жалган диндин көптөгөн окууларынан тазаланышкан болчу. Анткен менен алар дагы деле тазалана бериши керек эле. Машаяк ишенимдүү кул аркылуу жолдоочуларына жалган диндин иштеринен, майрамдарынан арылууга акырындык менен жардам бере берген (Накыл 4:18). Келгиле анда, алардын айрымдарын карап көрөлү.

Кудайдын эли Рождествону майрамдашы керекпи?

8. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Рождествого байланыштуу эмнени билишкен, бирок эмнени акырына чейин түшүнүшкөн эмес?

8 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Рождествонун жалган динге барып такаларын жана Иса пайгамбардын 25-декабрда төрөлбөгөнүн башынан эле билишкен. «Сион күзөт мунарасынын» 1881-жылдын декабрындагы санында: «Миллиондогондор христиан чиркөөсүнө жалган динден келишкен. Бирок алардын аты эле өзгөрбөсө, эч нерсеси өзгөргөн жок. Бутпарастардын дин кызматчылары христиан дин кызматчылары болуп, бутпарастардын майрамдары христиан майрамдары болуп калды. Алардын бири — Рождество»,— деп жазылган. 1883-жылы «Күзөт мунарасына» чыккан «Иса качан төрөлгөн?» деген макалада анын, болжолу, октябрдын башында төрөлгөнү айтылган c. Ошентсе да Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Рождествону майрамдабашы керектигин толук түшүнүшкөн эмес. Аны атүгүл Бруклиндеги бейтелдиктер майрамдашчу. Бирок 1926-жылдан тартып баары өзгөрө баштаган. Эмне үчүн?

9. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Рождествого байланыштуу эмнени түшүнүшкөн?

9 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр кылдат, терең изилдегенден кийин Рождествонун келип чыгышы жана аны менен коштолгон иштердин баары Кудайды жаманатты кыларын түшүнүшкөн. «Алтын кылымдын» 1927-жылдын 14-декабрындагы санына чыккан «Рождествонун келип чыгышы» деген макалада анын жалган динден келип чыкканы жана ал майрамда элдин чеги жок рахатка батып, жалган сыйынууга аралашары айтылган. Ошондой эле ал майрамды Машаяк негиздебегени айтылгандан кийин: «Бул дүйнө, өз каалоолоруна жетеленген кишилер жана Ибилис Рождествонун майрамдала беришин көздөшөт. Бул — өзүн Жахабага арнагандар үчүн аны майрамдабоого түрткү берген абдан жүйөлүү, олуттуу себеп»,— деп корутундуланган. Ошол жылдан баштап Бейтел үй-бүлөсү Рождествону майрамдабай калган.

10. а) 1928-жылы декабрда Рождествонун жалган динден келип чыкканы дагы кантип ачылып берилген? ( «Рождествонун келип чыгышы жана максаты» деген кутучаны да карагыла.) б) Кудайдын элине башка майрамдардан да баш тартууга байланыштуу кандай жетекчилик берилген? ( «Жалган динден тамыр алган башка майрамдар» деген кутучаны карагыла.)

10 Кийинки жылы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Рождествонун жалган динден тамыр алганына дагы бир жолу ынанышкан. Башкы башкармалыкта кызмат кылган Ричард Барбер бир тууган 1928-жылы 12-декабрда радио аркылуу Рождествонун жалган динден келип чыкканы тууралуу баяндама айткан. Кудайдын эли башкы башкармалыктан келген жетекчиликке кандай жооп кайтарган? Чарлз Брендлейн бир тууган үй-бүлөсү менен Рождествону майрамдабай калган учурду эскерип: «Рождестводон баш тартуу бизге кыйын болду беле? Түк да... Бул булганып калган кийимди чечип ыргытканга эле барабар болгон»,— деген. Ал эми кийинчерээк кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган Генри Кантвел бир тууган: «Жахабаны жакшы көрөрүбүздү дагы бир ирет далилдей аларыбызга аябай кубанганбыз»,— деп айткан. Ырас, Машаяктын ишенимдүү кызматчылары оюн өзгөртүп, кир булактан келип чыккан майрамдан баш тартууга даяр болушкан d (Жкн. 15:19; 17:14).

11. Падышабызды колдоорубузду кантип көрсөтө алабыз?

11 Ошол бир туугандар бизге кандай сонун үлгү калтырышкан! Алардын үлгүсү жөнүндө окуп жатып: «Башкы башкармалыктан келген жетекчиликке мен кандай жооп кайтарам? Ыраазы болуп, ага ылайык иш кыламбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус. Жетекчиликке даярдуулук менен баш ийсек, билимди өз убагында бериш үчүн ишенимдүү кулду жетектеп жаткан Падышабызды колдогон болобуз (Элч. 16:4, 5).

Кудайдын эли крестти колдонушу керекпи?

Крест жана таажы түшүрүлгөн жасалга (12, 13-абзацтарды карагыла)

12. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр көп жылдар бою крестти эмне деп эсептеп келишкен?

12 Көп жылдар бою Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр крестти Машаяктын жолдоочуларын өзгөчөлөп турган белги катары эсептеп келишкен. Албетте, алар ага сыйынбаш керектигин жакшы билишкен, анткени бул бурканга табынуучулукка жатып калмак (1 Кор. 10:14; 1 Жкн. 5:21). 1883-жылдын башында эле «Күзөт мунарасында» «Кудайдын бурканга табынуучулукту жек көрөрү» ачык эле жазылса да, бир туугандар крестти белги катары колдоно берүүнүн эч жаман жери жок деп ойлошкон. Алар крест жана таажы түшүрүлгөн жасалганы көкүрөгүнө тагынып жүрүшчү. Бул, алардын ою боюнча, өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү болушса, өмүр таажысын аларын эске салып турган. Ал эми 1891-жылдан тартып ал белги «Күзөт мунарасынын» мукабасына чыга баштаган.

13. Крестке байланыштуу эмнелер ачылып берилген? ( «Крестти колдонуу туура эмес» деген кутучаны да карагыла.)

13 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр крест жана таажы түшүрүлгөн символду аябай баалашчу. Бирок 1920-жылдардын аяк ченинен тартып крестке байланыштуу көп нерселер ачыла баштаган. Кийинчерээк Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон Грант Сьютер 1928-жылы Детройтто (Мичиган штаты, АКШ) өткөн жыйынды эскерип: «Жыйында крест жана таажыны колдонуунун зарылдыгы жок экени эле эмес, андан таптакыр арылышыбыз керектиги айтылган»,— деген. Андан кийинки жылдары да буга байланыштуу көп нерселер билинген. Ооба, крестти таза, чыныгы сыйынууга жакын да жолотпош керектиги баарына айкын болгон.

14. Крестке байланыштуу жетекчиликке бир туугандар кандай жооп кайтарышкан?

14 Крестке байланыштуу жетекчиликке бир туугандар кандай жооп кайтарышкан? Жогору баалап келген белгиден көпкө чейин арылгысы келбей жүрүштү беле? Жахабага бир топ жыл кызмат кылган Лела Робертс бир тууган: «Жалган динден келип чыкканын билгенде аны эч буйдалбастан ыргыттык»,— деген. Урсула Серенко деген дагы бир ишенимдүү бир тууган көптөрдүн оюн билдирип: «Мырзабыздын өлүмүн жана биздин Кудайга берилгендигибизди билдирген, бир учурда жогору баалап келген белги, көрсө, жалган динден келип чыккан турбайбы. Накыл сөздөр 4:18ге ылайык, жолубузга көбүрөөк жарык чачылганына аябай ыраазы болгонбуз»,— деген. Чынында эле, Машаяктын ишенимдүү жолдоочулары жалган диндин эч бир ыпылас ишине аралашкысы келген эмес.

15, 16. Жахабанын каймана ибадатканасынын жердеги короосун таза сактоону каалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

15 Биз да аларга толук кошулабыз. Ошондой эле Машаяктын өзүнүн жолдоочуларына чыныгы сыйынууну таза сактоого жардам бериш үчүн ишенимдүү кулду колдонуп келгенине эч шектенбейбиз. Андыктан жалган динден келип чыккан майрамдарга, ырым-жырымдарга байланыштуу эскертүү берилгенде, дароо жетекчиликке ылайык иш кылабыз. Машаяктын катышуусу башталган убакта жашаган бир туугандардай болуп, Жахабанын каймана ибадатканасынын жердеги короолорун таза сактоого бүт күчүбүздү жумшайбыз.

16 Акыркы күндөр башталгандан тартып, көзгө көрүнбөсө да, Машаяк жыйналыштарды таза сыйынууну булгай турган кишилерден коргоп келет. Келгиле, муну кантип кылып жатканын карап көрөлү.

«Жаман адамдарды адил адамдардан бөлүү»

17, 18. Тор жөнүндөгү мисалдагы: а) «деңизге салынган... тор»; б) «ар кандай балыкты» торго түшүрүү; в) «жакшыларын идиштерге салуу» жана г) «жараксыздарын ыргытуу» деген сөздөрдүн мааниси кандай?

17 Падышабыз Иса Машаяк жер бетиндеги жыйналыштардын баарына көз салып турат. Толук түшүнбөсөк да, ал периштелер менен бөлүү ишин жүргүзүп келет. Бул туурасында Иса пайгамбар тор жөнүндөгү мисалында айткан. (Оку: Матай 13:47—50.) Ал мисалдын мааниси кандай?

Тор Падышалык жөнүндө кабар айтууну билдирет. Ал деңизге салыштырылган адамзатка салынат (18-абзацты карагыла)

18 «Деңизге салынган... тор». Тор Падышалык жөнүндө кабар айтууну билдирет. Ал деңизге салыштырылган адамзатка салынат. «Ар кандай балыкты» торго түшүрүү. Жакшы кабарга ар кандай адамдар кызыгат. Алардын айрымдары чындык жолуна түшүшсө, көптөрү башында кызыкканы менен, андан ары ийгилик кылышпайт e. «Жакшыларын идиштерге салуу». Жүрөгү таза адамдар идишке салыштырылган жыйналыштарга чогултулуп, Жахабага жаккандай сыйынып жатышат. «Жараксыздарын ыргытуу». Акыркы күндөр башталгандан тартып Машаяк менен периштелер «жаман адамдарды адил адамдардан бөлүп» жатышат f. Натыйжада жыйналыш жаман иштерден, жалгандан тамыр алган ырым-жырымдардан баш тарткысы келбегендерден корголууда g.

19. Машаякка эмне үчүн ыраазы болсок болот?

19 Падышабыз Иса Машаяктын бизди коргоп жатканы кандай гана жагымдуу! Ал, б.з. 1-кылымында ибадаткананы кандай ынталуулук менен тазаласа, биздин күндөрдө да чыныгы сыйынуунун жана Кудайдын чыныгы кызматчыларынын таза болушуна ошондой ынталуулук менен кам көрүп жатат. Бул жүрөгүбүздү жылытпай койбойт. Бизди жалган диндин иштеринен таза сактап, чыныгы сыйынуунун эч нерсе менен булганбашына бүт күчүн жумшап жатканы үчүн Падышабызга миң мертебе ыраазыбыз! Андыктан аны жана анын Падышалыгын колдоорубузду көрсөтүп, жалган диндин бардык иштеринен алыс бололу!

a Ибадатканага келген жүйүттөр жылдык салыкты төлөш үчүн тыйындын белгилүү бир түрүн алып келүүгө тийиш болгон. Акча алмаштыргандар кызматы үчүн акы алып пайда көрүшчү. Мындан тышкары, жүйүттөр курмандык чалганга мал сатып алышы керек эле. Иса пайгамбар соодагерлерди «каракчылар» деп атаганына караганда, алар малды кымбат баага сатышкан же кызматы үчүн көп акча алышкан көрүнөт.

b Жахабанын эли ага каймана ибадаткананын жердеги короосунда сыйынат.

c Бул макалада Иса Машаяк кышында төрөлгөн деген ойдун Ыйык Китепке дал келбеси айтылган. Анткени ал төрөлгөндө, «койчулар талаада малын күзөтүп жүрүшкөн» (Лк. 2:8).

d 1927-жылдын 14-ноябрында жазган катында Фредерик Френц бир тууган: «Бул жылы Рождествону майрамдабайбыз. Бейтел үй-бүлөсү Рождествону мындан ары майрамдабоону чечти»,— деп жазган. Ал эми бир нече айдан кийин, 1928-жылдын 6-февралында, ал: «Мырзабыз бизди Ибилистин уюмунун, Бабылдын, ыпылас иштеринен акырындап тазалап келатат»,— деп жазган.

e Мисалы, 2013-жылы жарчылардын жогорку саны 7 965 954кө жеткен, ал эми Эскерүү кечесине 19 241 252 киши катышкан.

f «Жакшы» балыктарды «жараксыздарынан» ажыратуу менен «койлорду эчкилерден бөлүү» бир эле нерсени билдирбейт (Мт. 25:31—46). Койлорду эчкилерден бөлүү иши, тактап айтканда, акыркы сот улуу алааматта болот. Ал убак келгенге чейин «жараксыз» балыктар Жахабага кайрылып келип, идишке салыштырылган жыйналыштарга чогултулушу мүмкүн (Мал. 3:7).

g Кайрылып келбесе, «жараксыз» балыктар «күйүп турган мешке» ыргытылышат, башкача айтканда, түбөлүккө жок кылынышат.