Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-БӨЛҮМ

Адеп-ахлактык тазалык. Кудайдын ыйыктыгын чагылдыруу

Адеп-ахлактык тазалык. Кудайдын ыйыктыгын чагылдыруу

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Падыша элине адеп-ахлактык мыйзамдарды жогору баалоого жардам берүүдө

Жахабанын заңгыраган каймана ибадатканасынын сырткы короосунун дарбазасынан кирип баратканыңды элестет

1. Жезекиелдин аяны эмне үчүн кастарлоо сезимин туудурат?

 МЫНДАН 25 кылымдай мурун жашаган Жезекиел пайгамбардыкындай окуяны башыңдан өткөрүп жатканыңды элестетсең. Заңгыраган, жаркыраган ибадатканага жакындап келе жатасың. Кубаттуу периште сага кастарлоо сезимин туудурган ибадаткананы көрсөтүүгө даяр турат. Туш тарапты караган үч сырткы дарбазанын бирине барып, жети тепкич менен өйдө көтөрүлөсүң. Босогодон киргенден кийин дубалдын бийиктиги 30 метрдей экенин көрүп, таң каласың. Ичинен күзөт бөлмөлөрүн жана курма дарактарына окшоштурулуп жасалган көк тиреген каптал түркүктөрүн көрөсүң (Жез. 40:1—4, 10, 14, 16, 22; 41:20).

2. а) Ибадаткана эмнени билдирет? (Шилтемени да карагыла.) б) Ибадаткананын кире беришиндеги нерселер эмнени билдирет, мындан эмнелерди билебиз?

2 Жезекиел пайгамбар каймана ибадаткананы көргөн. Ал аны ийне-жибине чейин сүрөттөгөндүктөн, бул аян Жезекиел китебинин 40-бөлүмүнөн 48-бөлүмүнө чейин жазылган. Ошол ибадаткана Жахабанын таза сыйынуу үчүн уюштурган түзүлүшүн билдирет. Аяндагы ар бир нерсенин мааниси акыркы күндөрдө жашап жаткандардын сыйынуусуна түздөн-түз байланышы бар a. Бийик дарбазалар эмнени билдирет? Алар таза сыйынуу үчүн орнотулган каймана ибадатканага киргендер Кудайдын бийик, жогорку нормаларына ылайык жашашы керектигин эске салып турат. Дубалдарга оюлуп түшүрүлгөн курма дарактарынын да мааниси ушундай, анткени Ыйык Китепте курма дарактары кээде адилдикти билдирет (Заб. 92:12). Ал эми күзөт бөлмөлөрүчү? Кудайдын мыйзамдарына ылайык жашагысы келбегендер үчүн түбөлүк өмүргө ээ кыла турган таза сыйынуунун эшиктери жабык болот (Жез. 44:9).

3. Машаяктын жолдоочулары эмне себептен дагы деле тазалана берүүгө тийиш?

3 Жезекиел пайгамбардын аяны кандайча аткарылып жатат? 2-бөлүмдөн билгенибиздей, Жахаба Иса Машаяк аркылуу 1914-жылдан 1919-жылдын башына чейин өз элин максаттуу түрдө тазалаган. Тазалоо иши ошону менен эле бүткөнбү? Жок. Акыркы жүз жыл бою Иса Машаяк Жахабанын жүрүм-турумга байланыштуу бийик нормаларын колдоп келет. Анын жолдоочулары дагы деле тазаланууга тийиш. Анткени алар адеп-ахлактык жактан бузулган дүйнөдөн суурулуп чыгышкан. Шайтан болсо аларды кайра эле баягы адеп-ахлаксыздыктын сазына батырыш үчүн тынбай аракет кылып келет. (Оку: 2 Петир 2:20—22.) Бул бөлүмдөн Кудайдын элинин кайсы үч жактан тазаланып келгенин билебиз. Алгач алардын адеп-ахлактык жактан тазаланганына, анан жыйналыш таза сакталышы үчүн жана үй-бүлө бекем болушу үчүн, эмнелер кылынганына токтолобуз.

Кудайдын элинин адеп-ахлактык жактан тазаланышы

4, 5. Шайтан байыртадан бери кайсы ыкманы колдонуп келет жана бул жагынан эмнеге жетишкен?

4 Жахабанын эли адеп-ахлактыкка, жакшы жүрүм-турумга байланыштуу мыйзамдарга башынан эле маани берип келген. Андыктан алар буга карата берилген айкын жетекчиликке дароо эле баш ийишкен. Анда алардын айрымдарын карап көрөлү.

5 Адеп-ахлаксыздык. Жахаба рахат тартуулаган жыныстык мамиленин жубайлардын ортосунда гана болушун жана таза сакталышын ниет кылган. Бирок Шайтан никеде гана боло турган ал баалуу белектин баркын кетирип, аны кир, ыпылас нерсеге айландырып салды. Ал муну бизди Кудайдын ырайымынан ажыратыш үчүн колдонуп келет. Шайтан Биламдын учурунда көптөрдү азгырып, көздөгөнүнө жеткен. Ал акыркы күндөрдө да жыныстык адеп-ахлаксыздыкты болуп көрбөгөндөй чебердик менен колдонууда (Сан. 25:1—3, 9; Аян 2:14).

6. «Күзөт мунарасына» кандай ант жазылган? Ал кандай жагдайларга тиешелүү болгон жана эмне үчүн жоюлган? (Шилтемени да карагыла.)

6 Шайтандын чабуулунун мизин майтарыш үчүн «Күзөт мунарасынын» 1908-жылдын 15-июнундагы санына мындай ант жазылган: «Мен бардык учурда, бардык жерде карама-каршы жыныстагы кишиге, элдин көзүнчө кандай мамиле кылсам, жалгыз калганыбызда да ошондой мамиле кылам» b. Ант берүү талап болбосо да, көптөр ант берип, аты-жөнү «Сион күзөт мунарасына» басылып чыгышына макулдук беришкен. Ант берүү ошол убакта көптөргө пайда алып келсе да, бир канча жылдан кийин тек гана каадага айланып калган. Ошондуктан уюм аны жоюп салган. Ошентсе да анын негизиндеги адеп-ахлактык мыйзамдар күчүндө эле кала берген.

7. 1935-жылы «Күзөт мунарасында» кайсы көйгөй жөнүндө жазылган жана эмне баса белгиленген?

7 Шайтан да жөн жата берген эмес. «Күзөт мунарасынын» 1935-жылдын 1-мартындагы санына жыйналыштарда жыныстык адеп-ахлаксыздык жактан чоң көйгөйлөр болуп жатканы ачык эле жазылган. Айрымдар Жахабага кылган кызматы тымызын кылган күнөөлөрүн жаап коёт деп ойлошкон көрүнөт. «Күзөт мунарасында»: «Бизден күбөлөндүрүү ишине катышуудан да көп талап кылынарын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Жахабанын Күбөлөрү анын өкүлдөрү болгондуктан, Жахаба менен анын Падышалыгы жөнүндө жарыялоого татыктуу болушу керек»,— деп таамай айтылган. Макалада андан ары никеге, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка байланыштуу олуттуу кеңеш берилген. Булардын баары Кудайдын элине «бузуктуктан качууга» жардам берген (1 Кор. 6:18).

8. «Күзөт мунарасында» «жыныстык адеп-ахлаксыздык» деп которулган грек тилиндеги сөздүн мааниси эмне үчүн кайра-кайра баса белгиленип келет?

8 Ошондон тартып «Күзөт мунарасында» Грек Жазмаларындагы «жыныстык адеп-ахлаксыздык» деп которулган порнейа деген сөздүн анык мааниси баса белгиленип келет. Порнейа жыныстык катнаш менен эле чектелбейт. Ал ар кандай адеп-ахлаксыз иштерди, дегеле, сойкулар үйүндө жасалган ыпылас иштердин баарын камтыйт. Өз убагында чыгып турган макалалар Машаяктын жолдоочуларына ыпылас, уятсыз иштерди тойбостук менен кылган адамдарга толгон дүйнөдө өздөрүн таза сактоого жардам берип келет. (Оку: Эфестиктер 4:17—19.)

9, 10. а) «Күзөт мунарасынын» 1935-жылы чыккан санында дагы кайсы көйгөй жөнүндө жазылган? б) Ыйык Китепте ичкилик ичүүгө байланыштуу эмне деп жазылган?

9 Ичкилик. «Күзөт мунарасынын» 1935-жылдын 1-мартында чыккан санында дагы бир көйгөй тууралуу мындай деп жазылган: «Айрымдардын кабар айтуу ишин жана уюмдагы башка жоопкерчиликтерди [спирт ичимдигин] ичип алып аткарганы байкалууда. Кайсы учурда ичсе болору жөнүндө Ыйык Китепте эмне деп айтылган? Эгер ичкилик Кудайдын ишин аткарууга залакасын тийгизип жатса, аны ичүү туурабы?»

10 Макалада ичкилик ичүүгө байланыштуу Кудайдын Сөзүндөгү тең салмактуу көз караш талкууланган. Ыйык Китепте шарапты жана башка спирт ичимдиктерин чени менен ичүүгө тыюу салынбайт, бирок аракечтиктин туура эмес экени ачык эле айтылат (Заб. 104:14, 15; 1 Кор. 6:9, 10). Ичип алып ыйык кызмат кылуунун кесепеттүү экенин Арундун уулдарынын Жахабанын алдына мыйзамга ылайык келбеген от алып келгени көрсөтүп турат. Жахаба аларды мерт кылган. Көп өтпөй ал бардык дин кызматчыларга ыйык кызматты аткарууда ичкилик ичүүгө тыюу салган. Мындан Арундун уулдарынын эмне себептен мерт болгонун биле алабыз (Леб. 10:1, 2, 8—11). Ушул билдирүүнүн негизинде Кудайдын бүгүнкү күндөгү эли ичкилик ичип алып ыйык кызмат аткаруу туура эмес экенин жакшы билет.

11. Кудайдын өз элине аракечтикке байланыштуу көп нерселерди түшүнүүгө жардам бергени эмне үчүн чоң бата болгон?

11 Убакыттын өтүшү менен Кудай өз элине аракечтикке байланыштуу көп нерселерди түшүнүүгө жардам берген. Бул алар үчүн чоң бата болгон. Өз убагында берилген жетекчиликтин аркасында көптөр ичкенин токтотуп, баш-аламан болуп бараткан жашоосун иретке келтиришсе, андан да көбү андай көйгөйдөн такыр эле алыс болууну чечишкен. Ооба, ичкиликтин айынан эч кимибиз кадыр-баркыбыздын тебеленишин, үй-бүлөбүздүн бузулушун каалабайбыз, эң негизгиси, Жахабага кызмат кылуу сыймыгынан ажырап калгыбыз келбейт!

«Мырзабыздан тамекинин жыты буркурап турганын же оозуна „чирик“ нерсени салып жатканын эч кимибиз элестете албайбыз» (Ч. Т. Рассел).

12. Машаяктын жолдоочулары акыркы күндөр башталганга чейин эле тамекиге карата кандай көз карашта болушкан?

12 Тамеки. Машаяктын жолдоочулары акыркы күндөр башталганга чейин эле тамекиге карата терс көз карашта болушкан. Чарлз Капен бир тууган 19-кылымдын аяк ченинде Рассел бир тууган менен жолукканын эскерген. Ошол кезде ал 13 жашта болчу. Бир жолу ал байкеси, эки иниси болуп, Аллегейнидеги (Пенсильвания) Ыйык Китеп үйүнүн тепкичинде турушкан. Рассел бир тууган өтүп баратып: «Балдар, силер эмне тамеки тартасыңарбы? Мурдума тамекинин жыты келип жатат»,— деп сынагандай айткан. Балдар аны тамеки тартпай турганына ынандырышкан. Ошондо алардын Рассел бир туугандын тамекиге карата кандай көз карашта экенин так-айкын түшүнүшкөнү шексиз. «Күзөт мунарасынын» 1895-жылдын 1-августундагы санында Рассел бир туугандын 2 Корунттуктар 7:1ди түшүндүрүп, мындай дегени жазылган: «Машаяктын жолдоочусунун тамеки тартканы, анын кайсы түрү болбосун, Кудайды да даңктабай, өзүнө да пайда алып келбей турганы айдан ачык... Мырзабыздан тамекинин жыты буркурап турганын же оозуна „чирик“ нерсени салып жатканын эч кимибиз элестете албайбыз».

13. 1973-жылы кандай жетекчилик берилген?

13 «Күзөт мунарасынын» 1935-жылдагы санында тамеки «уу чөп» деп аталган. Макалада кимде-ким тамеки тартса же чайнаса, Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөсү, Кудайдын уюмунун өкүлү катары пионер же кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кыла албай турганы жазылган. Ал эми 1973-жылы Кудайдын эли бул жагынан дагы бир ирет тазаланган. «Күзөт мунарасынын» 1-июнундагы санында өлүмгө дуушар кыла турган, башкалардын да ден соолугун талкалай турган ыпылас адаты бар Жахабанын Күбөлөрү жыйналышта үлгүлүү болуп эсептелбей турганы айтылган. Айкын жетекчилик берилгенден кийин да тамекини такыр таштагысы келбегендер жыйналыштан чыгарыла баштаган c. Келгиле анда, Машаяктын өзүнүн жолдоочуларын дагы кайсы жактан тазалаганын карап көрөлү.

14. Кудайдын кан куюуга байланыштуу көз карашы кандай? Кан куюу кандайча дүйнө жүзүнө кеңири тараган?

14 Кан куюу. Кудай Нух пайгамбардын күндөрүндө эле канды жегенге тыюу салган. Ал ысрайыл элине берген мыйзамында да ошону баса белгилеген. 1-кылымда да жыйналыштарга «канды колдонуудан качуу керектигин» эскерткен (Элч. 15:20, 29; Башт. 9:4; Леб. 7:26). Ал эми Шайтан биздин күндөрдө көптөрдү канга байланыштуу мыйзамды бузууга түртүш үчүн жаңы амал ойлоп тапкан. Алсак, 19-кылымда доктурлар бейтаптарга кан куюп көрүшкөн. Анан кандын топторго бөлүнөрү жөнүндө илимий ачылыш жасалгандан кийин, кан куюу кеңири тарай баштаган. 1937-жылы кан чогултулуп, атайын жайларда сактала баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда, кан куюу болуп көрбөгөндөй күч алган. Ошентип, ал дүйнө жүзү боюнча дарылоонун негизги ыкмаларынын бирине айланып калган.

15, 16. а) Жахабанын Күбөлөрүнүн кан куюуга байланыштуу көз карашы кандай? б) Машаяктын жолдоочулары кан куюуга, кансыз дарылоого байланыштуу кандай көрсөтмөлөрдү алышкан жана анын натыйжасы кандай болгон?

15 1944-жылдын башында «Күзөт мунарасында» кан куюунун кан жегенге эле тете экени айтылган. Кийинки жылы канга байланыштуу мыйзам тереңирээк түшүндүрүлүп, ага кармануунун маанилүүлүгү баса белгиленген. Ал эми 1951-жылы доктурлар менен сүйлөшүүдө жардам бере турган суроо-жооп иретиндеги макала басылып чыккан. Ошонун аркасында Кудайдын дүйнөнүн чар тарабындагы кызматчылары шылдыңга алынганына, жек көрүндү болгонуна, атүгүл катуу куугунтукталганына карабай, чечимге бекем карманып, кан куйдуруудан баш тартышкан. Машаяк андан ары да элин жетектеп, зарыл көрсөтмөлөр менен камсыз кыла берген. Терең изилдөөлөргө негизделген, баары кылдат түшүндүрүлгөн китепчелер, макалалар чыга баштаган.

16 1979-жылы айрым аксакалдар эмне үчүн кан куйдурбай турганыбызды Ыйык Жазманын негизинде доктурларга түшүндүрүш үчүн ооруканаларды кыдырып, кансыз дарылоонун ыкмалары жөнүндө маалымат беришкен. Бул иш жакшы аткарылышы үчүн, 1980-жылы АКШнын 39 шаарындагы аксакалдарга атайын билим берилген. Убакыттын өтүшү менен Жетектөөчү Кеңеш дүйнө жүзү боюнча Ооруканалар менен байланышуу комитеттерин түзүүнү туура көргөн. Бул иш-чаралардын натыйжасы кандай болгон? Учурда он миңдеген доктурлар, хирургдар, анестезиологдор биздин кан куйдурбоого байланыштуу көз карашыбызды сыйлап, жакшы кызматташып жатышат. Кансыз дарылаган ооруканалардын саны барган сайын көбөйүүдө. Атүгүл айрым доктурлар бул ыкманы медицинадагы эң сапаттуу, натыйжалуу ыкма деп эсептешет. Ырас, Машаяк бизди Кудайдын мыйзамын бузууга түрткөн Шайтандан коргоп жатат. Бул жүрөгүбүздү жылытпай койбойт. (Оку: Эфестиктер 5:25—27.)

Кансыз дарылаган ооруканалардын саны көбөйүп, атүгүл айрым доктурлар муну медицинадагы эң сапаттуу ыкма деп эсептешет

17. Машаяктын бизди тазалап жатканына ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

17 Ар бирибиздин: «Машаяктын өзүнүн жолдоочуларын бардык жагынан тазалап, Жахабанын бийик нормаларына ылайык жашоого жардам берип жатканын баалаймбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус. Ошондой эле Шайтандын бизди Жахаба менен Иса Машаяктан алыстатыш үчүн мурдагыдан да көп аракет кылып жатканын унутпашыбыз керек. Ал максатына жетиш үчүн бизди адеп-ахлактык мыйзамдарды баркка албоого түртөт. Бирок мээримдүү Атабыз бизге, Шайтандын бузулган дүйнөсүндөгү ыпылас иштерден алыс болушубуз үчүн, уюму аркылуу көп көрсөтмөлөрдү, акыл-насааттарды берип турат. Андыктан дайыма сак болуп, Кудайдын кеп-кеңештерине кулак кагып, аларды иш жүзүндө колдоно берели (Накыл 19:20).

Жыйналышты таза сактоо

18. Жезекиел пайгамбардын аянынан Кудайдын мыйзамдарына баш ийбегендерге байланыштуу эмнени биле алабыз?

18 Эми, жыйналыш таза сакталышы үчүн, Жахабанын кандай чараларды көргөнүн карап көрөлү. Тилекке каршы, Жахабага арналгандардын баары эле берилгендигин сактап, анын жүрүм-турумга байланыштуу мыйзамдарына ылайык жашай беришпейт. Бара-бара айрымдардын жүрөгү бузулуп, атүгүл Кудайдын мыйзамдарына атайлап баш ийбей калышат. Андайларга карата кандай чаралар көрүлөт? Бул суроого жооп алыш үчүн бөлүмдүн башында айтылган каймана ибадаткананын бир өзгөчөлүгүнө токтололу. Анын бийик дарбазалары эсиңерде болсо керек. Ибадаткананын ар бир дарбазасынын кире беришинде күзөт бөлмөлөрү болгон. Күзөтчүлөр ибадаткананы кайтарып, «жүрөгү сүннөттөлбөгөндөрдү» киргизишчү эмес (Жез. 44:9). Бул таза сыйынуунун эшигинен Жахабанын адеп-ахлактык мыйзамдарына ылайык жашагандар гана кирерин эсибизге салып турат. Демек, баары эле Кудайдын элине кошулуп, ага кызмат кылуу сыймыгына ээ боло албайт.

19, 20. а) Машаяк жолдоочуларына олуттуу күнөө кылгандарга байланыштуу маселелерди чечүүгө кантип жардам берип келген? б) Өкүнбөгөндөр кайсы үч себептен улам жыйналыштан чыгарылышат?

19 1892-жылы «Күзөт мунарасында»: «Биз Машаяктын адамзат үчүн өмүрүн кун [ылайыктуу баа] катары бергенин ачык эле же тымызын четке каккандарды жыйналыштан чыгарууга милдеттүүбүз»,— деп жазылган. (Оку: 2 Жакан 10.) 1904-жылы жарык көргөн «Жаңы жаратуу» (англ.) деген китепте жаман иштерди кылганын токтотпогондор жыйналыштын тазалыгына коркунуч туудурары айтылган. Ошол убакта олуттуу күнөө кылгандардын ишин бүтүндөй жыйналыш териштирчү. Бирок бул чанда эле болчу. 1944-жылы «Күзөт мунарасына» андай иштерди жооптуу бир туугандар гана карашы керектиги жазылган. Ал эми 1952-жылы «Күзөт мунарасында» укуктук маселелерди Ыйык Китептин негизинде кантип чечүү керектиги жана өкүнбөгөндөрдү жыйналыштан чыгаруунун негизги себеби жыйналышты таза сактоо экени баса белгиленген.

20 Ошондон кийин көп жылдар бою Машаяк жолдоочуларына олуттуу күнөө кылгандарга байланыштуу маселелерди кантип туура чечүү керектигин айкын түшүнүүгө жардам бере берген. Алсак, аксакалдар укуктук маселелерди Жахабага жаккандай жол менен чечүүгө, тактап айтканда, адилеттүү, бирок ошол эле учурда ырайымдуу болууга үйрөнүшкөн. Бүгүн өкүнбөгөндөр жыйналыштан, бери дегенде, үч себептен улам: 1) Жахабанын ысмына тил тийбеши үчүн, 2) жыйналышты зыяндуу таасирден коргоо үчүн жана 3) мүмкүн болсо, күнөөкөргө өкүнүүгө жардам берүү үчүн чыгарылышат.

21. Жыйналыштан чыгаруу чарасы Кудайдын элине кандай пайда алып келүүдө?

21 Жыйналыштан чыгаруу чарасы Кудайдын элине көп пайда алып келип жатканына кошуласыңарбы? Байыркы Ысрайылда күнөө кылгандар бүтүндөй элге терс таасир тийгизишкен. Атүгүл алардын саны Жахабаны жакшы көрүп, дайыма туура иш кылгандардан ашып кеткен учурлар да болгон. Ушунун айынан алар далай жолу Жахабаны жаманатты кылып, акыры, анын ырайымынан ажырап калышкан (Жер. 7:23—28). Ал эми бүгүн Кудайдын эли аны менен болгон мамилесин баалаган, жетилген адамдардан турат. Жаман жолунан кайткысы келбегендер жыйналыштан чыгарылгандыктан, Шайтан аларды, мындайча айтканда, жыйналышты бузган, булгаган курал катары колдоно албай калат. Ошентип, алардын жыйналышка тийгизген терс таасири мүмкүн болушунча азайтылат. Ошонун аркасында биз жалпы эл катары Кудайдын ырайымынан ажырабайбыз. Ооба, Жахабанын: «Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт»,— деген сөздөрүндө калет жок (Ыш. 54:17). Укуктук маселелерди чечүүгө дайындалган, жонуна оор жүк көтөрүп жүргөн аксакалдарды берилгендик менен колдоп жатасыңарбы?

«Ар бир үй-бүлө өзүнүн аты үчүн» Кудайды даңктасын

22, 23. 20-кылымдын башында жашаган бир туугандарга эмне үчүн ыраазыбыз, бирок аларга тең салмактуулук жетишпегени эмнеден көрүнүп турган?

22 Анда эмесе, Кудайдын өзүнүн элин тазалаганы үй-бүлө түйүнүн жана никени кандайча бекемдегенине токтололу. Жылдар өткөн сайын үй-бүлөгө карата көз карашыбыз жакшырдыбы? Ооба. Мисалы, 20-кылымдын башында жашаган бир туугандарыбыздын жанын аябай кызмат кылганына таң калбай койбойбуз. Биз аларга ыйык кызматты жашоосунда баарынан жогору койгону үчүн ыраазыбыз. Бирок бул жагынан аларга тең салмактуулук жетишпегенин да айкын көрүүгө болот. Кандайча?

23 Ага-инилердин ошол учурда көбүрөөк кызмат кылыш үчүн же кыдыруучулук ишти аткарыш үчүн бир нече айга үй-бүлөсүн калтырып кеткени боло жүргөн нерсе болчу. Бойдок калууга Ыйык Китепте айтылгандагыдан да көбүрөөк үндөп, ага өтө эле чоң басым жасалган. Ал эми үй-бүлө түйүнүн бекемдөөгө байланыштуу кеңештер аз эле берилчү. Бүгүнкү күндө да жагдай ушундайбы? Албетте, жок.

Теократиялык иштерден улам үй-бүлөдөгү милдеттер аткарылбай калбашы керек

24. Машаяк жолдоочуларына үй-бүлө менен никеге тең салмактуу кароого кантип жардам берип келет?

24 Азыркы учурда теократиялык иштерден улам үй-бүлөдөгү милдеттерибизди аткарбай калбашыбыз керектигине олуттуу маани берилет. (Оку: 1 Тиметей 5:8.) Андыктан Машаяк ишенимдүү кул аркылуу үй-бүлө менен никени бекемдей турган, Ыйык Китепке негизделген даанышман кеңештерди байма-бай берип келет (Эф. 3:14, 15). Алсак, 1978-жылы «Үй-бүлөң менен бактылуу өмүр сүр» (ор.) деген китеп жарык көргөн. 18 жылдай өткөндөн кийин «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген китеп чыккан. «Күзөт мунарасына» да жубайларга Ыйык Китептеги кеңештерди колдонууга жардам берген ар кандай макалалар чыгып турат.

25—27. Ар кандай курактагы балдарга кандайча көңүл бурулуп келет?

25 Ал эми балдар тууралуу эмне дешке болот? Жылдар өткөн сайын аларга да көбүрөөк көңүл буруу маанилүү экени баса белгилене баштаган. Жахабанын уюму ар кандай жаштагы балдарга арналган сонун адабияттарды чыгарып келет. Мындайча айтканда, бир учурда акырын жылжып аккан суу шаркырап катуу аккан дарыяга айланды. Мисалы, 1919-жылдан 1921-жылга чейин «Алтын кылымга» «Ыйык Китепти изилдеген жеткинчектер» деген рубрика чыгып турган. 1920-жылы «Алтын кылым алиппеси» (англ.) деген китепче, 1941-жылы болсо «Балдар» (англ.) деген китеп жарык көргөн. Ал эми 1970-жылдары «Улуу Окутуучуну ук» (англ.), «Жаштыгыңдан толук пайда ал» (англ.) жана «Ыйык китептик аңгемелер» деген китептер чыккан. 1982-жылдан тартып «Ойгонгула!» журналына «Жаштардын суроолору» деген рубрика чыга баштаган. Ал макалалар чогултулуп, 1989-жылы «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген аталыштагы китеп жарык көргөн.

«Бөбөктайдын сабагы» чыкканда, Германиядагы бөбөктөр кубанышкан

26 Ал китеп кийинчерээк кайра каралып, 2 томдуу болуп басылып чыккан. Ал эми ушундай аталыштагы рубрика jw.org веб-сайтына үзгүлтүксүз чыгып турат. Балдарга арналган «Улуу Окутуучудан үйрөн» деген китеп да жарык көргөн. Мындан тышкары, веб-сайтыбызда түрлүү рубрикалар бар. Алсак, чоңураак жана кичирээк балдар үчүн «Ыйык Китептеги инсандар», «Ыйык Китепти изилдөө үчүн тапшырмалар» деген рубрикалар бар. Ал эми үч жашка чейинки балдарга «Бөбөктөр үчүн» деген рубрика жана табышмак, сүрөт түрүндөгү тапшырмалар, видеотасмалар бар. Ырас, Машаяк 1-кылымда аны тегеректеген кичинекей балдарга мээримин кандай төксө, азыр деле балдарга мээримин ошондой төгөт (Мр. 10:13—16). Ал балдардын Кудай жөнүндө жакшы билим алышын, аларды жакшы көрөрүбүздү сезишин каалайт.

27 Ошондой эле аларды кооптуу нерселерден коргогусу келет. Ыйманы кеткен бул дүйнөдө балдарды бузгандар көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Андыктан ата-энелерге андай зөөкүр кишилерден балдарын коргоого жардам бериш үчүн, адабияттар аркылуу ачык-айкын, олуттуу кеңештер берилип келет d.

28. а) Каймана ибадатканада ыйык кызмат кылууну каалагандарга кандай талаптар коюлат? б) Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

28 Машаяктын бизди тазалаганы, Жахабанын бийик нормаларын баалап, аларга ылайык жашоого үйрөткөнү жана мунун аркасында алган баталарыбыз жөнүндө ой жүгүрткөндө жүрөгүбүз ыраазычылыкка толот. Жезекиел пайгамбар аянда көргөн ибадаткананын бийик дарбазаларын дагы бир жолу эсибизге салалы. Ал кадимки эмес, каймана ибадаткана болсо да, аны көз алдыбызда тургандай айкын көрө алабызбы? Биз көзгө көрүнө турган иштерди кылып, мисалы, Падышалык залына барып, Ыйык Китепти ачып же кызматка чыгып койсок эле, ага кирип калбайбыз. Эки жүздүүлөр Жахабанын каймана ибадатканасына кирбей эле, ушуларды кылып жүрө бериши мүмкүн. Бирок жогоруда айтылган иштер менен бирге Жахабанын бийик нормаларына ылайык жашап, ага таза ниет менен сыйынганда гана дүйнөдөгү эң ыйык жайга — Жахабанын таза сыйынуу үчүн тургузган каймана ибадатканасына — кирип, ал жерде кызмат кыла алабыз. Андыктан, келгиле, ушул зор сыймыкты жогору баалайлы! Ошондой эле Жахабанын адил мыйзамдарына бекем карманып, анын ыйыктыгын чагылдырууга бүт күчүбүздү жумшай берели!

a Кудайдын элинин мекенине кайтып келиши жөнүндөгү пайгамбарлыктын ысрайыл элине эмес, рухий Ысрайылга карата аткарылып жатканы «Актоо» (англ., 1932-жыл) деген китептин 2-томунда биринчи жолу айтылган. Ал пайгамбарлык таза сыйынуунун калыбына келишине тиешелүү болгон. «Күзөт мунарасынын» 1999-жылдын 1-мартындагы санында Жезекиел пайгамбар көргөн аян таза сыйынуунун калыбына келе турганын билдиргендиктен, ал пайгамбарлыктын акыркы күндөрдө аткарылары айтылган.

b Бул антка ылайык, эркек менен аялга, эгер алар жубайлар же жакын туугандар болбосо, эшиги жабык бөлмөдө жалгыз калууга тыюу салынган. Бир нече жыл бою бул ант Бейтелде эртең мененки сыйынууда айтылып турган.

c Бул эскертүүлөр тамеки тарткандарга эле эмес, аны өстүргөндөргө, чайнагандарга, жыттагандарга да тиешелүү болгон.

d Мисалы, «Улуу Окутуучудан үйрөн» деген китептин 32-бөлүмүн жана «Ойгонгула!» журналынын 2007-жылдын октябрдагы санына чыккан «Балдарыңарды коргогула!» деген катар макалаларын карагыла, ор.