Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

«Тынчтыктын Кудайына» кызмат кылуу үчүн уюшулганбыз

«Тынчтыктын Кудайына» кызмат кылуу үчүн уюшулганбыз

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба элине уюштуруу тартибин жакшыртууга жардам берип келет

1, 2. «Сион күзөт мунарасында» 1895-жылы кандай өзгөрүү болгон жана ал бир туугандарга кандай таасир эткен?

 ЫНТАЛУУ Ыйык Китеп Изилдөөчү Жон Бонет «Сион күзөт мунарасынын» 1895-жылдын январдагы санын алганда, көздөрү жайнай түшкөн. Анын мукабасында жаңы сүрөт — алай-дүлөй түшкөн деңизди омуроолой жиреп турган аскага орнотулган бийик мунаранын сүрөтү — тартылыптыр. Анын жарыгы түнөргөн сүрдүү асманга шооласын сээп турган экен. Журналдын ошол санына мукабанын өзгөртүлгөнү жөнүндө «Биздин жаңы кийимибиз» деген кыскача макала чыккан.

2 Бонет бир тууган кубанычын койнуна батыра албай, Рассел бир тууганга кат жазып жиберген. Катында: «МУНАРАНЫН жаңы кийими куп жарашып калат экен. Көрүнүшү да сонун!» — деген. Жон Браун деген дагы башка ишенимдүү Ыйык Китеп Изилдөөчү: «Эми укмуш экен! Алп толкундар жулкунуп келип, туш тараптан ургулап жатса да, мунаранын ордунан козголбой турганы турган»,— деп жазган. Журналдын жаңы мукабасы ошол жылдагы өзгөрүүлөрдүн алгачкысы эле болчу. Ноябрда дагы бир чоң өзгөрүү болгон. Кызыктуусу, ал да албууттанган деңизге байланыштуу болчу.

3, 4. «Күзөт мунарасынын» 1895-жылдын 15-ноябрындагы санында кайсы көйгөй жөнүндө жазылган жана эмне деп кулактандырылган?

3 «Күзөт мунарасынын» 1895-жылдын 15-ноябрындагы санына чоң макала чыккан. Анда Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн коомундагы тынчтыкты кыйынчылыктардын алп толкундары бузуп жатканы айтылган. Ошол маалда бир туугандар жыйналышты ким жетектеши керек деп талашып-тартышып жатышкан эле. Атаандашуунун туура эмес экенин баса белгилеш үчүн, макалада жыйналыш кемеге салыштырылган. Анан уюмдагы жетекчиликти колго алган бир туугандардын кемени кыйынчылыктардын толкундарына туруштук берүүгө даярдабаганы ачык эле жазылган. Алар эмне кылышы керек эле?

4 Макалада дасыккан кеме башчысынын кемечилерге, кокус деңиз толкуса, эмне кылышы керектигин үйрөтөрү жана кемеге сууга чөктүрбөгөн чыптамаларды салары жазылган. Анын сыңарындай, жооптуу бир туугандар да жыйналыштагылардын баарын жашоонун жаалдуу толкундарына туруштук берүүгө даярдашы керек болчу. Бул максатка жетиш үчүн уюмда чоң өзгөрүү болгон. Бүт жыйналыштарга оторду көзөмөлдөй турган аксакалдарды тез аранын ичинде дайындоо керектиги кулактандырылган (Элч. 20:28).

5. а) Аксакалдардын дайындалышы эмне үчүн өз убагында берилген жетекчилик болгон? б) Кайсы суроолорго жооп алабыз?

5 Аксакалдар дайындала баштаганда, жыйналыштын пайдубалы кадимкидей бекемделе баштаган. Бул өз убагында берилген жетекчилик болгон. Анткени ушунун аркасында бир туугандар Биринчи дүйнөлүк согуштун албууттанган толкундарына басылып калбай, туруштук бере алышкан. Андан кийинки жылдары да уюмдагы тартиптин жакшыра бергени Кудайдын элине ага мурункудан да жакшыраак кызмат кылууга жардам берген. Бул туурасында кайсы пайгамбарлыкта айтылган? Уюмда кандай өзгөрүүлөргө күбө болдуңар? Алардын аркасында кандай пайда алып жатасыңар?

«Көзөмөлчүң кылып тынчтыкты... дайындайм»

6, 7. а) Ышая 60:17деги сөздөрдүн мааниси кандай? б) Пайгамбарлыктагы «көзөмөлчү» жана «башчы» деген сөздөр эмнени билдирет?

6 9-бөлүмдө айтылгандай, Ышая пайгамбар Жахабанын өз элин сан жагынан көбөйтөрүн алдын ала айткан (Ыш. 60:22). Бирок Жахаба андан да көптү кыларын убадалаган. Ошол эле пайгамбарлыкта ал: «Мен жездин ордуна алтын, темирдин ордуна күмүш, жыгачтын ордуна жез, таштын ордуна темир жеткирип турам. Көзөмөлчүң кылып тынчтыкты, башчың кылып адилдикти дайындайм»,— деген (Ыш. 60:17). Бул пайгамбарлыктын мааниси кандай? Анын бизге кандай тиешеси бар?

Материалдар жаманынан жакшысына эмес, жакшысынан эң жакшысына алмаштырылган

7 Пайгамбарлыкта бир материалдын башка бир түрүнө алмаштырылары айтылган. Бирок алардын жаманынан жакшысына эмес, жакшысынан эң жакшысына алмаштырыларына көңүл бурсаңар. Жездин ордуна алтындын болору, чынында эле, жакшы нерсе. Башка материалдар жөнүндө да ушуну айтууга болот. Мындан Жахабанын уюмунда баары акырындап жакшыра бермектигин билүүгө болот. Уюмда эмнелер жакшырмак? Пайгамбарлыктагы «көзөмөлчү» жана «башчы» деген сөздөр Жахабанын элинин жакшы уюшулуп, аларга жакшы кам көрүлөрүн билдирген.

8. а) Ышая китебиндеги пайгамбарлыктын аткарылышын ким жетектемек? б) Уюмдагы тартиптин жакшырганынын аркасында кандай пайда алып жатабыз? (« Кеңешти момундук менен кабыл алган» деген кутучаны да карагыла.)

8 Мунун баарын ким жетектемек? Жахаба: «Мен... алтын,.. күмүш... жеткирип турам», «мен... көзөмөлчүң кылып тынчтыкты... дайындайм»,— деген. Ооба, жыйналыштагы тартип адам баласынын эмес, Жахабанын күчү менен жакшырып келет. Иса Машаяк падышалык такка отургандан кийин, Жахаба ал аркылуу көп нерселерди жакшыртты. Мунун аркасында биз кандай пайда алып жатабыз? Ошол эле аятта мунун натыйжасында «тынчтык», «адилдик» болору айтылган. Эгер биз Кудайдын жетекчилигине баш ийип, ага ылайык иш кылсак, ортобуздагы тынчтык жана адилдикке болгон сүйүү «тынчтыктын Кудайы» Жахабага кызмат кылууга түрткү берет (Флп. 4:9).

9. Жыйналышта өкүм сүргөн тартип менен биримдик эмнеге негизделген жана эмне үчүн?

9 Элчи Пабыл Жахаба жөнүндө: «Кудай — баш аламандыктын эмес, тынчтыктын Кудайы»,— деген (1 Кор. 14:33). Анын «баш аламандык» деген сөзгө «тартипти» эмес, «тынчтык» деген сөздү карама-каршы койгонуна көңүл бурсаңар. Эмне үчүн? Анткени тартип болсо эле, сөзсүз тынчтык болот дегенди билдирбейт. Бир кишидей кадам шилтеп, согуш майданына жөнөп кеткен аскер тобун мисалга алсак. Алардын темирдей тартипке карманганы тынчтыкка шарт түзбөстөн, бүт баарын бүлгүнгө учуратат. Андыктан тынчтыкка негизделбеген бардык түзүлүштүн эртеби-кечпи таш-талканы чыгарын унутпашыбыз керек. Ал эми Кудайдан келген тынчтык түбөлүккө созула турган тартипке өбөлгө түзөт. Ошол себептен «тынчтыктын булагы болгон Кудай» жетектеп жаткан таза уюмдун мүчөсү болгонубузга миң мертебе ыраазы болсок болот (Рим. 15:33). Кудай берген тынчтыктын аркасында бүт дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарда тартип, биримдик өкүм сүрүүдө. Бул бизди кубанычка бөлөп, жыйналышты жогору баалоого түрткү берет (Заб. 29:11).

10. а) Кудайдын элинин заманбап тарыхынын алгачкы жылдарында уюмдагы тартип кандайча жакшырган? (« Көзөмөлдөө ишинин жакшырышы» деген кутучаны карагыла.) б) Кайсы суроолорго жооп алабыз?

10 Кудайдын элинин заманбап тарыхынын алгачкы жылдарында уюмдагы тартиптин кандайча жакшырганы тууралуу « Көзөмөлдөө ишинин жакшырышы» деген кутучада кыскача айтылат. Жахаба Иса Машаяк аркылуу акыркы жылдарда кандайча жезди алтынга алмаштырды? Көзөмөл жүргүзүү жагынан көп нерселердин жакшырганы дүйнө жүзүндөгү жыйналыштардагы тынчтыкты, биримдикти кандайча чыңдап келет? Ал өзгөрүүлөр сага «тынчтыктын Кудайына» кызмат кылууда кандайча жардам берип жатат?

Машаяк жыйналышты кантип жетектейт?

11. а) Ыйык Жазманы изилдөөнүн аркасында эмне айкын болгон? б) Жетектөөчү кеңеш эмне кылууга чечкиндүү болгон?

11 Жетектөөчү кеңештин көзөмөлү астында 1964-жылдан 1971-жылга чейин Ыйык Китептеги көптөгөн суроолор, анын ичинде 1-кылымдагы жыйналыштын кандайча иш жүргүзгөнү кылдат изилденген a. Ал изилдөөлөрдүн натыйжасында 1-кылымда жыйналыштарды бир эле аксакал же көзөмөлчү эмес, аксакалдар кеңеши жетектегени айкын болгон. (Оку: Филипиликтер 1:1; 1 Тиметей 4:14.) Жетектөөчү кеңеш бул маселени терең түшүнгөндө, уюмдагы уюштуруу тартиби жакшырышы үчүн, Падышанын аларды жетектеп жатканына көзү жеткен. Алар Падышанын жетекчилигине ылайык иш кылууга чечкиндүү болушкан. Ошондуктан ал бир туугандар уюмдагы көзөмөлдөө тартибин Ыйык Жазмага ылайык келтириш үчүн дароо иш-аракет кыла башташкан. 1970-жылдардын башында кандай өзгөрүүлөр болгон?

12. а) Жетектөөчү кеңеште кандай өзгөрүүлөр болгон? б) Жетектөөчү Кеңештин бүгүнкү күндө кантип уюшулганын айтып бергиле. (« Жетектөөчү Кеңеш Падышалыктын ишин алга илгерилетүүдө» деген кутучаны карагыла.)

12 Эң оболу, жетектөөчү кеңештин өзүндө өзгөрүүлөр болгон. Ага чейин майланган жети бир тууган Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомун (Пенсильвания) жетектеген деректирлер кеңешин түзчү. Бирок 1971-жылы жетектөөчү кеңештеги бир туугандардын саны 7ден 11ге чейин көбөйүп, жетектөөчү кеңеш менен деректирлер кеңешинин ортосундагы айырмачылык даана көрсөтүлгөн. Ошондон тартып жетектөөчү кеңештин мүчөлөрү бирдей укукка ээ болуп, алфавиттик тартипте жыл сайын кезектешип төрагалык кыла башташкан.

13. а) Жыйналыштарда 40 жыл бою кандай тартип өкүм сүрүп келген? б) Жетектөөчү Кеңеш 1972-жылы эмне кылган?

13 Андан кийинки өзгөрүүлөр ар бир жыйналышка тиешелүү болгон. 1932-жылдан 1972-жылга чейин жыйналышты бир эле бир тууган жетектеп келген. 1936-жылга чейин жыйналышты көзөмөлдөөгө дайындалган бир тууган кызмат жетекчиси деп аталчу. Кийинчерээк ал шериктик кызматчысы деген аталышка, андан соң жыйналыштын кызматчысы дегенге, акырында жыйналыштын көзөмөлчүсү деп өзгөргөн. Ал бир туугандар отордогулардын Жахаба менен болгон мамилесинин бекем болушуна бүт күчүн жумшашчу. Ал маалда жыйналыштын көзөмөлчүсү жыйналышка байланыштуу чечимдерди, адатта, башка кызматчылар менен кеңешпей эле өзү жалгыз чыгарчу. Бирок 1972-жылы Жетектөөчү Кеңеш тарыхтын нугун бура турган маанилүү чечим кабыл алган. Алдыда кандай өзгөрүүлөр болмок?

14. а) 1972-жылы 1-октябрда кайсы чечим күчүнө кирген? б) Аксакалдар кеңешинин координатору Филипиликтер 2:3төгү кеңешти кантип колдонот?

14 Ар бир жыйналышты бир эле көзөмөлчү жетектебестен, Ыйык Китептеги талаптарга жооп берген башка бир туугандар да теократиялык жол менен аксакал болуп дайындала баштаган. Алардын баары аксакалдар кеңешин түзүп, жыйналышты чогуу жетектей башташкан. Бул чечим 1972-жылдын 1-октябрында күчүнө кирген. Бүгүнкү күндө аксакалдар кеңешинин координатору өзүн башка аксакалдардан жогору койбой, «кичүүдөй алып жүрөт» (Лк. 9:48). Арабызда ушундай момун бир туугандардын болгону биз үчүн кандай гана чоң бата! (Флп. 2:3).

Даанышман Падышабыз биз муктаж болгон койчуларды өз убагында дайындап жатат

15. а) Жыйналыштарда аксакалдар кеңешинин болушу эмнелерге өбөлгө түзөт? б) Падышабыздын даанышмандык менен иш кылганын эмнеден көрүүгө болот?

15 Жыйналыштагы милдеттерди бир нече аксакалдын аткарганы көп жакшы нерселерге өбөлгө түзүүдө. Мунун үч жагын карап көрөлү. Биринчиси жана эң негизгиси, бул тартип аксакалдардын баарына, жыйналышта канчалык маанилүү иштерди аткарбасын, жыйналыштын башчысы Машаяк экенинин эсинен чыгарбоого жардам берет (Эф. 5:23). Экинчиси, Накыл сөздөр 15:22де айтылгандай, «кеңешчилер көп болсо, [ой-максат] ишке ашат». Бүтүндөй жыйналышка таасир эте турган маселелер жөнүндө чогуу-чаран акылдашып, бири-биринин сунушун талкуулаганда аксакалдар Ыйык Китепке ылайык келген чечимдерди чыгара алышат (Накыл 27:17). Жахаба андай чечимдерге батасын берет. Натыйжада жыйналыш гүлдөп-өсө берет. Үчүнчүсү, талаптарга жооп берген аксакалдар көп болсо, сан жагынан өсүп жаткан жыйналыштарда жетекчиликти колго алгандар жетиштүү болуп, баарына тийиштүү кам көрүлөт (Ыш. 60:3—5). Эгер 1971-жылы жыйналыштардын саны 27 000ден бир аз ашса, 2013-жылы 113 000ден ашты! Ооба, даанышман Падышабыз биз муктаж болгон койчуларды өз убагында дайындап жатат (Мик. 5:5).

«Оторго үлгү көрсөтүү»

16. а) Аксакалдардын кандай милдети бар? б) Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Иса пайгамбардын буйругуна кандай карашкан?

16 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн убагында эле аксакалдар ишенимдештерине чындык жолунда бекем турууга жардам берүүгө милдеттүү экенин түшүнүшкөн. (Оку: Галатиялыктар 6:10.) 1908-жылы «Күзөт мунарасында» Иса пайгамбардын: «Койлорумду кайтар»,— деген буйругу талкууланган макала чыккан (Жкн. 21:15—17). Макалада аксакалдарга арналган: «Мырзабыздын: „Койлорумду кайтар“,— деген буйругу жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун алышы зарыл. Анын жолдоочуларын азыктандырып, багууну зор сыймык катары көрүп, жогору баалашыбыз керек»,— деген сөздөр жазылган. Ал эми 1925-жылы «Күзөт мунарасында» кайтаруу ишинин маанилүүлүгү дагы бир жолу баса белгиленип, аксакалдарга: «Жыйналыш Кудайга таандык,.. андыктан жыйналышты көзөмөлдөгөндөрдүн баары Кудайдын алдында жооптуу»,— деген эскертүү жазылган.

17. Жахабанын уюму аксакалдарга оторду жакшы кайтарууга кантип жардам берип келет?

17 Жахабанын уюму аксакалдарга оторду жакшы кайтарууга кантип жардам берип келет? Жахаба аксакалдарга билим берип, темирди күмүшкө айландырып жатат. 1959-жылы аксакалдар биринчи жолу Падышалык кызмат мектебинен билим алышкан. Мектептеги сабактардын бири «Ар бирине жекече көңүл бөлгүлө» деп аталган болчу. Ал сабакта аксакалдар «жарчылардын үйүнө барыш үчүн атайын график түзүп алууга» чакырылышкан. Мындан тышкары, бир туугандарды кантип бекемдесе болору да айтылган. Ал эми 1966-жылы Падышалык кызмат мектеби кайра каралган программа боюнча өткөрүлө баштаган. Программада «Кайтаруу ишинин маанилүүлүгү» деген сабак камтылган. Анын негизги ою кайсы эле? Жооптуу бир туугандар «Кудайдын оторун мээримдүүлүк менен кайтарып, ошол эле учурда үй-бүлөсүнө да, кабар айтуу кызматына да тийиштүү убакыт бөлүшү керек болгон». Акыркы жылдары аксакалдарга мурдагыдан да көбүрөөк билим берилип жатат. Муну натыйжасы кандай болууда? Азыркы тапта койчу катары кызмат кылууга жарактуу миңдеген аксакалдар бар.

Филиппиндеги Падышалык кызмат мектеби, 1966-жыл

18. а) Жахаба аксакалдарга кандай оор иш тапшырган? б) Жахаба менен Иса Машаяк аксакалдарды эмне үчүн жогору баалашат?

18 Жахаба өзү дайындаган Падыша аркылуу аксакалдарга оор иш тапшырган. Ал эмне болгон иш? Алар Кудайдын койлорун адамзат тарыхындагы эң коогалаңдуу учурда кайтарышы керек (Эф. 4:11, 12; 2 Тим. 3:1). Жахаба менен Иса Машаяк күжүрмөн эмгектенип жаткан аксакалдарды жогору баалашат, анткени алар: «Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун кайтаргыла; даярдуулук менен,.. чын көңүлдөн,.. оторго үлгү көрсөтүү менен кайтаргыла»,— деген кеңешке ылайык иш кылышат (1 Пет. 5:2, 3). Келгиле анда, койчулардын оторго кайсы эки жактан үлгү көрсөтүп жатышканын жана жыйналышта тынчтык, кубаныч өкүм сүрүшүнө кандай салым кошуп жатышканын карап көрөлү.

Аксакалдар бүгүнкү күндө оторду кантип кайтарышат?

19. Аксакалдар менен кызматташканда кандай сезимде болобуз?

19 Биринчиден, аксакалдар жыйналыштагылар менен кызматташышат. Иса пайгамбар жөнүндө Лука: «Иса шаарларды, айылдарды кыдырып, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айтып жүрдү. Аны он эки шакирти... коштоп жүрдү»,— деген (Лк. 8:1, 2). Иса пайгамбар элчилери менен бирге кабар айткандай эле, оторго үлгү көрсөткөн аксакалдар да ишенимдештери менен кызматташышат. Алар мунун жыйналышта жакшы маанай өкүм сүрүшүнө салым кошорун жакшы билишет. Аксакалдар менен кызматташууга карата бир туугандар кандай ойдо? 90го таяп калган Женин деген бир апабыз: «Аксакал менен кызматташканда аны менен жакшы сүйлөшүп, аны жакшыраак билгенге мүмкүнчүлүгүм болот»,— деп ой бөлүшөт. Ал эми 35тердеги Стивен деген бир тууган: «Аксакал менен үймө-үй кабар айтып жүргөндө анын мага жардам бергиси келгенин сезем. Анын жардам берип жатканына аябай ыраазы болуп кетем»,— дейт.

Койчу жоголгон коюн издегендей эле, аксакалдар жыйналышка келбей калгандарды издеп тапканга бүт күчүн жумшашат

20, 21. Аксакалдар Иса пайгамбардын мисалындагы койчуну кантип туурай алышат? Мисал келтиргиле. (« Аракет кылсаң — берекет» деген кутучаны да карагыла.)

20 Экинчиден, Жахабанын уюму аксакалдарга жыйналыштан алыстап кеткендерге кантип кам көрүш керектигин үйрөтүп келет (Евр. 12:12). Аксакалдар алсырап калган бир туугандарга эмне үчүн жардам бериши керек? Алар муну кантип кыла алышат? Мунун жообу койчу жана жоголгон кой жөнүндөгү мисалда камтылган. (Оку: Лука 15:4—7.) Койчунун оторундагы бир кой жоголуп кеткенде, ал аны жападан жалгыз коюн издегендей издеген. Аксакалдар ал койчуну кантип туурай алышат? Жоголгон кой койчунун көз алдында баалуу болгондой эле, Кудайдын кызматчысы, жыйналыштан алыстап кетсе да, аксакалдардын көз алдында баалуу болот. Андыктан аларды издөөгө жумшаган аракетин куру бекер убара деп эсептешпейт. Ал эле эмес, «жоголгон коюн тапмайынча издеген» койчудай болуп, алсырап калгандарды издеп тапканга, жардам берүүгө талыкпай күч жумшашат.

21 Койчу коюн тапканда эмне кылган? Аны акырын «ийнине көтөрүп алып», оторго алып келип кошкон. Ошол сыңары, аксакалдардын чын жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрү жыйналышка келбей калгандардын жүрөгүн козгоп, кайтып келүүгө түрткү бериши мүмкүн. Муну бир учурда жыйналышка келбей калган африкалык Виктор деген бир туугандын окуясы тастыктап турат. Ал: «8 жыл бою жигердүү эмес болуп жүргөндө мага аксакалдар үзбөй келип турушту»,— дейт. Анын жүрөгүн өзгөчө эмне козгогон? Виктор мындай дейт: «Бир жолу үйүмө Пионердик кызмат мектебинде чогуу окуган Жон деген аксакал келиптир. Кобурашып отуруп, мектептен түшкөн сүрөттөрдү көрсөттү. Ошондо башыман өткөн сонун күндөр эсиме түшүп, Жахабага кызмат кылып жүргөндөгү кубанычты кайрадан сезгим келди». Жон келип кеткенден көп өтпөй эле Виктор жыйналышка келе баштаган. Азыр ал кайрадан пионер болуп кызмат кылып жатат. Ырас, камкор аксакалдар кубанып кызмат кылышыбызга абдан чоң салым кошууда b (2 Кор. 1:24).

Кайтаруу ишинин жакшырганы Кудайдын элинин биримдигин чыңдоодо

22. Адилдик менен тынчтык жыйналыштын биримдигин кандайча чыңдайт? (« Биз аябай таң калдык!» деген кутучаны да карагыла.)

22 Буга чейин билгенибиздей, Жахаба адилдик менен тынчтыктын акырындык менен өркүндөй берерин алдын ала айткан (Ыш. 60:17). Ушул эки нерсе жыйналыштын биримдигине өбөлгө түзөт. Кандайча? Адилдик жөнүндө айта турган болсок, «Жахаба — жалгыз Жахаба» (Мыйз. 6:4). Анын жакшы менен жаманды айырмалаган адил нормалары ар кайсы өлкөлөрдөгү жыйналыштарда ар кандай эмес. Ал нормалар «ыйыктардын бардык жыйналыштарында» бирдей (1 Кор. 14:33). Демек, Кудайдын эли анын нормаларына ылайык жашаганда гана жыйналыш гүлдөп-өсөт. Ал эми тынчтык жөнүндө айта турган болсок, Падышабыз жыйналыштагы тынчтыкка рахаттанып жүрө беришибизди эле эмес, «тынчтык жаратуучулардан» болушубузду каалайт (Мт. 5:9, шилтеме). Ошондуктан биз «тынчтыкка... умтулабыз». Андан сырткары, демилгени колго алып, анда-санда пайда болгон келишпестиктерди чечүүгө аракет кылабыз (Рим. 14:19). Ушундайча жыйналышыбыздагы тынчтыкка, биримдикке өбөлгө түзөбүз (Ыш. 60:18).

23. Жахабанын эли кандай бата алып жатат?

23 1895-жылдын ноябрындагы «Күзөт мунарасында» аксакалдардын дайындала баштаары биринчи жолу кулактандырылганда, жооптуу бир туугандар эмнени каалашкан? Алар уюштуруу тартибиндеги жаңы өзгөрүүнүн Кудайдын элине «чындык жолунда биримдикте кызмат кылууга жардам берсе экен деп» жалындуу тиленишкен. Артка кылчая карап, Жахабанын Падышабыз аркылуу жыйналышты көзөмөлдөө ишин жакшыртып келгени баарыбызга биримдикте кызмат кылууга шарт түзгөнүн көрдүк. Биз ага миң мертебе ыраазыбыз! (Заб. 99:4). Натыйжада Кудайдын төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган эли «бир ойдо болуп», «бир жолдо жүрүп», «тынчтыктын Кудайына» «ийиндеш туруп кызмат кылып» жатат! (2 Кор. 12:18; оку: Сепания 3:9.)

a Бул терең изилдөөнүн жыйынтыгы «Ыйык Китепти түшүнүү боюнча колдонмо» (англ.) деген эмгекке басылып чыккан.

b «Күзөт мунарасынын» 2013-жылдын 15-январындагы санына чыккан «Аксакалдар — кубанышыбызга өбөлгө түзгөн кызматташтар» деген макаланы карагыла.