Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-БӨЛҮМ

Дин тутуу эркиндиги үчүн күрөшүү

Дин тутуу эркиндиги үчүн күрөшүү

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Падышабыз мыйзамдуу түрдө катталуу жана Кудайдын мыйзамына ылайык жашоо укугубуз үчүн күрөшүүгө жардам берип келет

1, 2. а) Падышалыктын жараны экениңди эмне далилдеп турат? б) Жахабанын элине эмне себептен дин тутуу эркиндиги үчүн күрөшүүгө туура келет?

 СЕН Кудайдын Падышалыгынын жаранысыңбы? Жахабанын Күбөсү болсоң, анда Падышалыктын жаранысың деп айтууга болот. Муну паспорт же башка документ эмес, Жахабага сыйынганың далилдеп турат. Чыныгы Кудайга сыйынуу ага ишенерибизди эле эмес, Падышалыктын мыйзамдарына баш иерибизди да билдирет. Демек, бул жашообуздун бардык тармагына, мисалы, балдарды тарбиялоого, дарылануунун ыкмасын тандоого да таасир этет.

2 Бирок бул дүйнө Падышалыктын жараны болгонубузду, анын мыйзамдарына ылайык жашаганыбызды жактыра бербейт. Айрым өлкөлөр ишибизди чектөөгө же таптакыр токтотууга аракет кылгандыктан, бизге дин тутуу эркиндигибиз үчүн күрөшүүгө туура келет. Бул таң калыштуу эмес, анткени Жахабанын эли эркин сыйыныш үчүн эзелтеден бери эле күрөшүп келет.

3. Кудайдын эли Эстер канышанын күндөрүндө эмне үчүн күрөшкөн?

3 Алсак, Кудайдын эли Эстер канышанын күндөрүндө тукум курут болуп кетпеш үчүн күрөшкөн. Жогорку даражалуу Аман деген кара өзгөй төрө Акашберош падышаны Персиядагы жүйүттөрдү, «мыйзамы башка элдердикиндей» болбогону үчүн эле, жок кылууга көндүргөн (Эст. 3:8, 9, 13). Ошондо Жахаба элин коргоду беле? Ооба, ал Эстер менен Мордохайдын аракетине батасын берип, элин аман алып калган (Эст. 9:20—22).

4. Бул бөлүмдөн эмнелерди билебиз?

4 Биздин күндөр жөнүндө эмне айтууга болот? Мурунку бөлүмдөн бийликтегилердин бизге каршылык көрсөткөнүн билгенбиз. Бул бөлүмдө алардын ишибизди чектеш үчүн эмнелерди кылганына токтолобуз. Ошондой эле төмөнкү 3 нерсе: 1) уюм катары катталып, эркин сыйынуу; 2) Ыйык Китептеги мыйзамдарга ылайык келген дарылануу ыкмасын тандоо; 3) балдарды Жахабанын мыйзамына ылайык тарбиялоо укугубуз үчүн күрөшкөнүбүз жөнүндө талкуулайбыз. Ушулар жөнүндө окуп жатып, Падышалыктын жараны болуу укугубузду кандайча кайраттуулук менен коргогонубузду жана кандай бата алганыбызды билебиз.

Мыйзамдуу түрдө катталуу жана негизги укуктарыбыз үчүн күрөшүү

5. Мыйзамдуу түрдө катталуунун кандай пайдалуу жактары бар?

5 Жахабага сыйынышыбыз үчүн бийликтегилерден уруксат алышыбыз керекпи? Жок. Бирок мыйзамдуу түрдө катталуунун аркасында ишибизди жүргүзүү кыйла жеңил болот. Мисалы, Падышалык жана жыйындар залдарында эркин чогула алабыз, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды чыгарып, жыйналыштарга оңой жеткире алабыз жана тоскоолдуксуз кабар айта алабыз. Биз көп өлкөлөрдө, башка диндердей эле, расмий түрдө катталып, эркин сыйынабыз. Бирок өкмөт каттообузду жокко чыгарса же негизги укуктарыбызды чектесе, эмне кылабыз?

6. Австралиядагы ишенимдештерибиз 1940-жылдардын башында кандай кыйынчылыкка туш болушкан?

6 Австралия. 1940-жылдардын башында Австралиянын генерал-губернатору согушка байланыштуу иш-аракеттерге «коркунуч туудурат» деген айыптын негизинде уюмубузду жаап салган. Бир туугандар эркин кабар айта албай, жыйналышты эркин өткөрө албай калышкан. Бейтелдеги иштер токтоп, Падышалык залдары тартылып алынган. Атүгүл адабияттарды үйдө сактоого тыюу салынган. Бир туугандарыбыз бир нече жыл бою жашыруун кабар айтып жүрүшкөн. Акыры, 1943-жылы 14-июнда Жогорку Сот өкмөттүн чечимин жокко чыгарган.

7, 8. Орусиядагы бир туугандардын дин тутуу эркиндиги үчүн кантип күрөшкөнүн айтып бергиле.

7 Орусия. Коммунизм доорунда ондогон жылдар бою кабар айтуу ишине тыюу салынгандыктан, Жахабанын Күбөлөрү расмий каттоодон 1991-жылы гана өтүшкөн. Ал эми Советтер Союзу кулагандан кийин, Орусия Федерациясында 1992-жылы катталышкан. Бирок көп өтпөй эле душмандар, өзгөчө, Орус православие чиркөөсү менен тыгыз байланышта болгондор Жахабанын Күбөлөрүнүн көбөйүп жатканына кооптоно башташкан. Алар 1995-жылдан 1998-жылга чейин бир туугандарга каршы кылмыш ишин козгоо үчүн 5 доо-арыз менен сотко кайрылышкан. Бирок эч кандай далил табылбагандыктан, 1998-жылы жарандык доо-арыз менен кайрылышкан. Башында сот Жахабанын Күбөлөрүн жактаган, бирок душмандар чечимге макул болбой, андан ары арызданышкан. 2001-жылы май айында сот бизге каршы чечим чыгарган. Сот иши ошол жылы октябрда кийинки баскычка өтүп, 2004-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн Москвадагы юридикалык бирикмесинин каттоосу жокко чыгарылып, жүргүзгөн ишине тыюу салынган.

8 Ошондон кийин чоң куугунтук башталган. (Оку: 2 Тиметей 3:12.) Душмандар бир туугандарга кол салып, коркутуп-үркүтүшкөн. Адабияттар тартылып алынып, имараттарды ижарага алуу же Падышалык залдарын куруу мүмкүн болбой калган. Ошондо бир туугандардын канчалык кыйналганын элестетүү кыйын эмес. Алар 2001-жылы Адам укуктары боюнча Европа Сотуна (АУЕС) кайрылып, 2004-жылы Сотко кошумча маалымат беришкен. АУЕС айыптарды негизсиз деп тапкандыктан төмөнкү баскычтагы соттордун чечимин жокко чыгарып, 2010-жылы Жахабанын Күбөлөрүн актаган. Сот Орусия өкмөтүнүн иш-аракети диндерди басмырлоого жатарын баса белгилеп, Жахабанын Күбөлөрүн мыйзам чегинде иш алпаруу укугунан ажыратууну көздөгөнүн айткан. Ошентип, Сот бир туугандардын дин тутуу эркиндигин коргогон. Орусия өкмөтү АУЕСтин чечимин ишке ашырбай койсо да, жеңиш бир туугандарга дем-күч берген.

Титос Мануссакис (9-абзацты карагыла)

9—11. Грециядагы бир туугандар дин тутуу эркиндиги үчүн кантип күрөшүшкөн жана анын натыйжасы кандай болгон?

9 Греция. 1983-жылы Титос Мануссакис бир тууган Ираклиондон (Крит аралы) жыйналыш өткөргөнгө бир бөлмөнү ижарага алган (Евр. 10:24, 25). Бирок православие дин кызматчысы полиция менен биригип, бөлмөнүн ижарага алынышына каршы чыккан. Кызыктуусу, мунун себеби окууларыбыздын православие чиркөөсүнүкүнөн айырмаланганында болчу. Титос менен башка 3 бир тууганга каршы кылмыш иши козголуп, 2 айга камакка алынсын деген чечим чыгарылган. Бул Падышалыктын жарандарынын дин тутуу укугун тебелегендикке жаткандыктан, алар жергиликтүү сотторго, акыры, АУЕСке кайрылышкан.

10 АУЕС 1996-жылы душмандардын жаагын жап кыла турган чечим чыгарган. Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн, Грециянын мыйзамына ылайык, «белгилүү эле диндердин» катарына кирерин, төмөнкү баскычтагы соттордун чечими алардын дин тутуу эркиндигин чектегенин айткан. Ошондой эле «кайсы бир диндин окууларынын, сыйынууга байланыштуу иштеринин мыйзамга ылайык келер-келбесин» өкмөт чечпей турганын баса белгилеген. Ошентип, бир туугандарга каршы чыгарылган өкүмдөр жокко чыгарылып, дин тутуу укугубуз корголгон.

11 Ошол чечимден кийин Грециядагы абал өзгөрдү беле? Жок. Титос бир туугандыкына окшогон иш Кассандра шаарында да козголуп, 12 жылдай өткөндөн кийин гана, 2012-жылы, чечилген. Ал иш да православие дин кызматчысынын арызы менен козголгон. Ошондо Мамлекеттик Кеңеш, Грециянын эң жогорку административдик соту, Жахабанын Күбөлөрүн жактаган. Чечимде Грециянын Конституциясында дин тутуу эркиндигине кепилдик берилери айтылып, «Жахабанын Күбөлөрү белгилүү дин эмес» деп кайра-кайра тагылган айып жокко чыгарылган. Сот: «Жахабанын Күбөлөрү жашыруун иш алып барбайт, андыктан аларды белгилүү дин катары кабыл алуу керек»,— деген. Кассандрадагы бир туугандар учурда өзүнүн Падышалык залында жыйналыш өткөрө аларына аябай сүйүнүшөт.

12, 13. Францияда душмандар кандайча «мыйзамды колдонуп кыянаттык кылууну ойлошкон» жана алар ийгиликке жетти беле?

12 Франция. Душмандар «мыйзамды колдонуп кыянаттык кылууну ойлошкон». (Оку: Забур 94:20.) Алсак, 1990-жылдардын орто ченинде Франциянын салык кызматы Жахабанын Күбөлөрүнүн Франциядагы юридикалык бирикмесинин эсеп-кысабын текшере баштаган. Каржы министри мунун максатын: «Текшерүүнүн аркасында аларды же жабабыз, же кылмыш ишин козгойбуз,.. бирикменин иши бара-бара басаңдап, бүтүндөй өлкө боюнча таптакыр токтойт»,— деп түшүндүргөн. Текшерүүдөн эч кандай кынтык табылбаса да, бирикмебизге чоң салык салынган. Алардын ою боюнча, Жахабанын Күбөлөрү салыкты төлөш үчүн филиалын жаап, имараттарын сатууга аргасыз болушмак. Ушундай адилетсиздикке туш болгон бир туугандар чечкиндүү түрдө жергиликтүү сотторго, акыры, 2005-жылы АУЕСке кайрылышкан.

13 АУЕС 2011-жылы 30-июнда чечим чыгарып, дин тутуу укугунун негизинде өкмөттүн, кооптуу жагдайларды эске албаганда, кайсы бир диндин окууларынын, сыйынууга байланыштуу иштеринин мыйзамга ылайык келер-келбесин чечүүгө укугу жок экенин айткан. Соттун чечиминде: «Түшкөн тартууларга салык салына берсе, бирикме каражатсыз калып, натыйжада сыйынууга байланыштуу иштерин жүргүзө албай калмак»,— делген. Ошентип, Сот бир добуштан Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чечим чыгарган. Франциянын өкмөтү Соттун чечимин ишке ашырып, бирикмебизден алган салыкты үстөгү менен кайрып берген жана филиалдын имараттарын, мүлкүн колдонууга койгон чекти алып салган. Бул жеңиш бир туугандарды кубанычка бөлөгөн.

Адилетсиздикке туш болгон бир туугандар үчүн дайыма тилен

14. Дин тутуу эркиндиги үчүн күрөшкө кантип катыша аласың?

14 Биз да, Эстер менен Мордохайдай болуп, Жахабага өзү буйругандай жол менен сыйынуу укугубуз үчүн күрөшүп келебиз (Эст. 4:13—16). Сен да ал күрөшкө катыша аласың. Ан үчүн адилетсиздикке туш болгон бир туугандар үчүн дайыма тилен. Ошентсең, азап чегип, куугунтукталып жаткан ишенимдештериңе чоң жардам бере аласың. (Оку: Жакып 5:16.) Жахаба андай тиленүүлөргө жооп береби? Ооба, соттордогу жеңиштерибиз буга далил (Евр. 13:18, 19).

Кудайдын мыйзамына каршы келген дарылануудан баш тартуу укугу

15. Кан куйдурууга байланыштуу маселеде кайсы буйрукка баш иебиз?

15 Падышалыктын жарандары, 11-бөлүмдөн билгенибиздей, Кудайдын буйругуна баш ийип, кеңири таралган кан куюу ыкмасынан баш тартышат. (Башт. 9:5, 6; Леб. 17:11; оку: Элчилер 15:28, 29.) Биз кан куйдуруудан баш тартсак да, дарылануунун Ыйык Китепке каршы келбеген, мыкты ыкмаларын тандоону каалайбыз. Көп өлкөлөрдө жогорку соттор бейтаптын абийиринин, диний ишениминин негизинде дарылануунун кайсы бир ыкмасына макул болуу же баш тартуу укугун жакташат. Бирок айрым өлкөлөрдө Кудайдын эли кыйынчылыктарга туш болгон. Алардын айрымдарын карап көрөлү.

16, 17. Мисае бир тууган эмнени билгенде жаман болгон? Жахаба анын тиленүүсүнө кантип жооп берген?

16 Жапония. 63 жаштагы Мисае Такеда бир тууганыбызга оор операция жасалмак. Падышалыктын берилген жараны катары ал эже кан куйдуруудан баш тартарын доктурга так-айкын түшүндүрүп берген. Бирок операция болгондон бир нече ай өткөндөн кийин ага кан куюп салышканын билгенде аябай жаман болгон. Укугу тебеленип, алданып калган Мисае бир тууган 1993-жылы июнда доктурлар менен оорукананы сотко берген. Өзү жумшак, момун болсо да, ишеними бекем болгон. Алсырап турганына карабай, ал элге толгон сот залында кайраттуулук менен бир сааттан ашык күбөлөндүрүү берген. Өлөрүнө бир ай калганда дагы бир жолу сот алдына барган. Анын кайраттуулугу, ишеними бизди суктандырбай койбойт. Ал Жахабадан жеңишке жеткиришин сурап, улам-улам тиленгенин айткан. Анткени Жахабанын аны угарына кымындай да шектенген эмес. Жахаба анын тилегин орундатты беле?

17 Мисае бир тууган каза болгондон 3 жыл өткөндөн кийин, Жапониянын Жогорку Соту анын эркине каршы кан куюлганын туура эмес деп таап, аны жактаган. 2000-жылы 29-февралда чыккан чечимде дарылоо ыкмасын «тандоо укугу» «адамдын башка укуктарындай эле корголушу керектиги» айтылган. Мисае бир тууган дарылануу ыкмасын абийиринин негизинде тандоо укугу үчүн кайраттуулук менен күрөшкөн. Мунун аркасында Жапониядагы бир туугандар доктурлар кан куюп салышат деп коркпой эле дарылана алышат.

Пабло Альбарасини (18—20-абзацтарды карагыла)

18—20. а) Аргентинанын Жогорку Соту эрк билдирүү документинин негизинде бейтаптын укугун кандайча коргогон? б) Кан куйдурбоого байланыштуу маселеде Падышабызга баш иерибизди кантип көрсөтө алабыз?

18 Аргентина. Падышалыктын жарандары дарыланууга байланыштуу көз карашын эс-учун жоготуп койгон учурларда кантип билдире алышат? Ан үчүн алар, Пабло Альбарасини бир туугандай болуп, мыйзамдуу күчкө ээ болгон медициналык документти дайыма жанына ала жүрүшү керек. 2012-жылы май айында тоноону көздөгөн кылмышкерлер Паблону бир нече жолу атышкан. Ал ооруканага эс-учун жоготкон абалда түшкөндүктөн, кан куйдурбоого байланыштуу көз карашын билдире алган эмес. Бактыга жараша, жанында 4 жылдан ашык убакыт мурун толтурган «Эрк билдирүү» документи бар болчу. Абалы оор болгондуктан, айрым доктурлар өмүрүн сактап калыш үчүн кан куюу керек дешсе да, көбү бейтаптын эркин эске алууну чечкен. Бирок Паблонун Жахабанын Күбөсү болбогон атасы соттон кан куюуга уруксат берген кагаз алып келген.

19 Пабло бир туугандын аялынын жактоочусу дароо эле доо-арыз менен сотко кайрылган. Апелляциялык сот бир нече сааттын ичинде эле төмөнкү соттун чечимин жокко чыгарып, бейтаптын документтеги эрки эске алынышы керек деген чечим чыгарган. Паблонун атасы Аргентинанын Жогорку Сотуна кайрылган. Бирок Сот «[Паблонун медициналык документти] акыл-эси соо кезинде, өз эрки менен толтурганын талашка салууга эч кандай негиз жок» экенине ынанган. Анан: «Жашы жеткен ар бир киши ден соолугуна байланыштуу эркин жана дарылануунун кайсы ыкмасына макул же каршы экенин алдын ала билдире алат... Доктурлар ал документке ылайык иш кылууга тийиш»,— деген чечим чыгарган.

«Эрк билдирүү» документин толтурдуңбу?

20 Пабло бир тууган сакайып кеткен. Аялы экөө «Эрк билдирүү» документин алдын ала толтуруп койгонуна сүйүнүшөт. Ал жөнөкөй, бирок маанилүү ишти кылып, Кудайдын Падышалыгынын Падышасына баш иерин көрсөткөн. Сен да үй-бүлөң менен ал документти толтурдуңбу?

Эйприл Кадора (21—24-абзацтарды карагыла)

21—24. а) Канаданын Жогорку Соту жашы жете элек балдарга байланыштуу кандай маанилүү чечим чыгарган? б) Бул чечим жаш бир туугандарга эмне кылууга түрткү берет?

21 Канада. Негизи, соттор ата-энелердин баласы үчүн дарылануунун сапаттуу ыкмасын тандоо укугун коргошот. Кээде алар жашы жете элек, бирок өз алдынча чечим чыгара алган балдардын да көз карашын жакташат. Буга Эйприл Кадоранын окуясы мисал боло алат. Ал 14 жашында ички кан агуудан улам ооруканага жеткирилген. Бир нече ай мурун ал, өтө оор жагдайда да, кан куюлбашы керектиги жазылган «Эрк билдирүү» документин толтурган болчу. Бирок доктур анын эркин эске албай, соттон кан куюуга уруксат алып, ага 3 өлчөм кан куюп салган. Эйприл мунун зордуктоого эле тете болгонун айткан.

22 Ал ата-энеси менен сотко кайрылган. 2 жылдан кийин ал иш Канаданын Жогорку Сотунда каралган. Бир караганда, Эйприл жеңилип калгандай көрүнгөн. Анткени ал Сотко Конституцияда кепилденген укугу бузулганына байланыштуу доо-арыз менен кайрылган болчу. Бирок Жогорку Сот төмөнкү соттун чечими Конституцияга каршы келбей турганын аныктаган. Ошентсе да Сот каршы тарапты Эйприлдин сотко кеткен чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирип, анын пайдасына чечим чыгарган. Мындан тышкары, жашы жете элек балдардын дарылануу ыкмасын тандоо укугун коргогон. Чечимде: «16 жашка чейинки балдарга дарыланууга байланыштуу көз карашын билдирүүгө, жетилген экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керек»,— делген.

23 Бул иш өзгөчө болгон, анткени Жогорку Сот жашы жете элек балдардын да конституциялык укугуна тийиштүү көңүл бурган. Ага чейин Канаданын соттору 16 жашка чейинки балдар үчүн дарылануунун кайсы ыкмасы жакшы болорун өздөрү эле чечип коюшчу. Жогорку Соттун чечиминен кийин соттор 16 жашка чейинки балдарга дарыланууга байланыштуу оюн билдирүүгө мүмкүнчүлүк бербей туруп, өздөрү туура көргөндөй чечим чыгарбай калышкан.

«Шайтандын жалганчы экенин далилдеп, Кудайдын ысмын даңктоого аз да болсо салым кошконума аябай сүйүнөм»

24 Үч жылдык күрөштүн акыбети кайтканбы? Ооба. Азыр Эйприлдин ден соолугу жакшы, үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылат. Ал: «Шайтандын жалганчы экенин далилдеп, Кудайдын ысмын даңктоого аз да болсо салым кошконума аябай сүйүнөм»,— дейт. Бул окуядан көрүнүп тургандай, жаш бир туугандарыбыз да Падышалыктын жарандары экенин кайраттуулук менен далилдей алышат (Мт. 21:16).

Балдарды Жахабанын мыйзамдарына ылайык тарбиялоо укугу

25, 26. Жубайлар ажырашканда, кандай кыйынчылыктар пайда болот?

25 Жахаба ата-энелерге балдарын Ыйык Китептеги мыйзамдарга ылайык тарбиялоо милдетин арткан (Мыйз. 6:6—8; Эф. 6:4). Бул оңой иштерден эмес, ата-энелер ажырашканда, жагдай ого бетер оордойт. Анткени ата-энелердин бала тарбиялоого байланыштуу көз карашы эки башка болушу мүмкүн. Алсак, Жахабанын Күбөсү болгон ата же эне баланы Кудайдын жолунда тарбиялоо керек деп эсептесе, Жахабанын Күбөсү болбогону буга каршы болушу ыктымал. Албетте, Жахабанын Күбөсү ажырашуунун ата-эне менен баланын ортосундагы мамилеге эмес, жубайлардын ортосундагы мамилеге гана таасир этиши керектигин түшүнүшү зарыл.

26 Жахабанын Күбөсү болбогон ата же эне балдарын өзү каалагандай тарбиялап-чоңойтуш үчүн сотко кайрылышы мүмкүн. Айрымдар Жахабанын Күбөлөрү балдарын көп нерседен кур калтырат деп ойлошот. Мисалы, туулган күнүн белгилетпей, майрамдарга катыштырбай, атүгүл өмүрү кылдын учунда турганда да, кан куйдурбай коюшат дешет. Бактыга жараша, соттордун көбү ата-эненин туткан дининин балага канчалык зыяндуу болор-болбосунун негизинде эмес, баланын кызыкчылыгын эске алып чечим чыгарышат. Келгиле, айрым мисалдарга токтололу.

27, 28. Жахабанын Күбөлөрүнүн тарбиясы балага зыян алып келет деген айыпка байланыштуу иш Огайонун Жогорку Сотунда кандайча чечилген?

27 АКШ. 1992-жылы Огайонун Жогорку Сотунда бир иш каралган. Ал иш бир кишинин уулунун Жахабанын Күбөсү болгон аялынын колунда калганы балага чоң зыян алып келет деп ырастаганына байланыштуу болчу. Төмөнкү баскычтагы сот аны жактап, баланы атасына берген. Апасы Жениферге баласы менен көрүшүп турууга уруксат берилсе да, «баласына Жахабанын Күбөлөрүнүн окууларын үйрөтүүгө» тыюу салынган. Бул чечимге ылайык, Женифер бир тууган уулу менен жолукканда Ыйык Китеп, андагы мыйзамдар жөнүндө атүгүл сөз да кылбашы керек болчу. Анын канчалык жаман болгонун элестетип көрсөңөр. Бирок ал чыдамдуу болуп, Жахабаны күтүүгө үйрөнгөн. «Жахаба мени таштаган жок»,— деген ал. Анын жактоочусу уюмдун жардамы менен Огайонун Жогорку Сотуна кайрылган.

28 Сот төмөнкү баскычтагы соттун чечимин жокко чыгарып, «баласын тарбиялоо, ага адеп-ахлактык, диний баалуулуктар жөнүндө билим берүү ата-эненин негизги укугу» экенин баса белгилеген. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн окуулары баланын саламаттыгына, акыл-эс жөндөмүнө зыян тийгизерине кандайдыр бир далил болбосо, атаны же энени туткан дининин негизинде эле бала тарбиялоо укугунан ажыратуу туура эмес экенин айткан. Ошентип, Сотто Жахабанын Күбөлөрүнүн окуулары балага эч кандай зыян алып келбей турганы далилденген.

Көптөгөн соттор Жахабанын Күбөсү болгон ата-энелердин балдарын Кудайдын мыйзамына ылайык тарбиялоо укугун жактап, алардын пайдасына чечим чыгарышкан

29—31. Анита бир туугандын күйөөсү эмне үчүн кызын тартып алган жана Жогорку Сот бул иш боюнча кандай чечим чыгарган?

29 Дания. Анита Хансен жолдошу менен ажырашып кеткен. Күйөөсү 7 жаштагы кызы Аманданы талашып, сотко кайрылган. 2000-жылы 1-баскычтагы сот Анита бир тууганды жактаган, бирок күйөөсү кийинки баскычтагы сотко кайрылып, ишти утуп алган. Сот ата-эненин динге байланыштуу маселеде кайчы пикирде экенин эске алып, кыздын кайсы динди тутарын атасы чечиши керек деген тыянак чыгарган. Ошентип, Анита бир тууган Жахабанын Күбөсү болгону үчүн эле кызын тарбиялоо укугунан ажырап калган.

30 Оор сыноого кабылган Анита бир туугандын ушунчалык көңүлү чөккөндүктөн, эмне деп тиленишти билбей калган учурлары да болгон. «Римдиктер 8:26, 27деги сөздөрдү окуганда сооронуп, жеңилдеп калчумун. Жахабанын эмнени айткым келип жатканын жакшы түшүнөрүн билчүмүн. Ал менден көзүн албай, дайыма жанымда тургандай сезилчү»,— деген ал. (Оку: Забур 32:8; Ышая 41:10.)

31 Анита бир тууган Даниянын Жогорку Сотуна кайрылган. Соттун чечиминде: «Бала кимдин колунда калышы керектигин чечүүдө биринчи кезекте баланын кызыкчылыгы эске алынышы керек»,— делген. Ошондой эле Сот чечимдин Жахабанын Күбөлөрүнүн «окууларынын же көз карашынын» негизинде эмес, балага кимиси жакшы тарбия бере аларына жараша чыгарылышы керектигин айткан. Натыйжада Сот кыздын апасынын колунда калышын туура көргөн.

32. АУЭС Жахабанын Күбөсү болгон ата-энелердин укугун кандайча коргоп келет?

32 Европадагы башка өлкөлөр. Баланы ким тарбиялап-чоңойторуна байланыштуу сот иштери айрым учурларда өлкөдөгү эң жогорку соттор менен эле чектелбей, АУЕСте да каралат. Андай иштердин экөөндө төмөнкү баскычтагы соттор Жахабанын Күбөлөрүн, туткан дини үчүн эле, бала тарбиялоо укугунан ажыратып койгон. АУЕС муну бет карамалык деп таап, кимдир бирөөгө «туткан дини үчүн эле каршы чечим чыгаруу туура эмес» деп белгилеген. АУЕСте укугу корголгон бир эне сезимдерин мындай деп билдирген: «Балдарыңды эң жакшы жолдо, Кудайдын жолунда, тарбиялоого бүт күчүңдү жумшап жатсаң, аларга зыян келтирип жатат деп айыпташканда, күйбөгөн жериң күл болот экен».

33. Жахабанын Күбөсү болгон ата-энелер Филипиликтер 4:5теги кеңешти кантип колдоно алат?

33 Балдарын Жахабанын мыйзамдарына ылайык тарбиялоо укугу үчүн күрөшкөн ата-энелер акыл-эстүүлүк көрсөтүшү керек. (Оку: Филипиликтер 4:5.) Алар балдарын Кудайдын насааттары боюнча тарбиялоо укугуна ээ экенин билишсе да, Жахабанын Күбөсү болбогон жубайынын да баланы тарбиялоого укуктуу экенин түшүнүшөт. Бир туугандар бала тарбиялоо милдетине канчалык олуттуу карашат?

34. Ата-энелер Некемиянын күндөрүндөгү жүйүттөрдөн кандай үлгү ала алышат?

34 Некемиянын күндөрүндөгү жүйүттөр ата-энелерге жакшы үлгү көрсөтүшкөн. Алар Иерусалимдин дубалдарын кайра курууга бүт күчүн жумшашкан. Анткени бул алардын бала-чакасын душмандардан коргоорун жакшы билишкен. Ошол себептен Некемия элди: «Бир туугандарыңар, уул-кыздарыңар, аялдарыңар жана үй-жайыңар үчүн күрөшкүлө»,— деп үндөгөн (Нек. 4:14). Алардын үй-бүлөсүн коргогону болуп көрбөгөндөй маанилүү болгон. Бүгүн да ата-энелер балдарын чындык жолунда тарбиялаш үчүн колунан келгендин баарын кылышат. Анткени алардын мектептен жана башка жерлерден терс таасирге дуушар болорун билишет. Атүгүл үйдөн да маалымдоо каражаттары аркылуу балдарга сокку урулушу мүмкүн. Андыктан, ата-энелер, уул-кыздарыңарга Кудай менен ынак мамиле өрчүтүүгө өбөлгө түзгөн коопсуз чөйрө түзүп берүүгө бүт күчүңөрдү жумшагыла!

Жахабанын чыныгы сыйынууну колдоорунан эч шектенбегиле

35, 36. Укуктарыбыз үчүн күрөшүүнүн аркасында эмнелерге жетүүдөбүз? Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

35 Жахаба бизди дин тутуу эркиндиги үчүн күрөштө колдоп, батасын берип жатат. Сот майданындагы салгылашта соттордун жана жалпы элдин алдында Жахабанын ысмы даңкталууда (Рим. 1:8). Мындан тышкары, жеңиштерибиздин аркасында башка адамдардын да укуктары мурдагыдан жакшыраак корголуп жатат. Биз коомду өзгөртүүгө, атыбызды чыгарууга умтулбайбыз. Сотторго кайрылганыбыздын негизги максаты — Кудайга сыйынуу укугубузду мыйзам боюнча бекитип, ишибизди алга илгерилетүү. (Оку: Филипиликтер 1:7.)

36 Келгиле анда, Жахабага сыйынуу укугу үчүн күрөшкөн бир туугандардын зор эмгегин баалайлы. Ошондой эле ишенимдүү болуп, Жахабанын бизди колдооруна жана эркин аткарууга күч берерине эч шектенбейли! (Ыш. 54:17).