Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-БӨЛҮМ

Падышалыктын кызматчылары билим алууда

Падышалыктын кызматчылары билим алууда

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Теократиялык мектептер Падышалыктын кызматчыларын тапшырылган ишти аткарууга даярдайт

1—3. Иса пайгамбар кабар айтуу ишин кантип алга илгерилеткен жана буга байланыштуу кандай суроолор туулат?

 ИСА пайгамбар Галилеяда 2 жыл бою кабар айткан. (Оку: Матай 9:35—38.) Ал айылдарды, шаарларды кыдырып, синагогаларда элди окутуп, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды тараткан. Каякка барбасын, аны калың эл тегеректеп алчу. Ал: «Түшүм көп»,— деп айткан. Ооба, түшүм жыйноого көп жумушчулар керек болчу.

2 Ошондуктан ал кабар айтуу ишин алга илгерилетиш үчүн 12 элчисин «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтууга» жиберген (Лк. 9:1, 2). Элчилер: «Бул ишти кантип аткарабыз?» — деп ойлонушса керек. Иса пайгамбар элчилерин жиберерден мурун, Атасы ага билим бергендей эле, аларды көп нерсеге үйрөткөн.

3 Ал Атасынан кандай билим алган? Өзү элчилерине кандай билим берген? Падышабыз бүгүнкү күндө да жолдоочуларына кызматын аткарганды үйрөтүп жатабы? Ошондой болсо, кантип?

«Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөйм»

4. Атасы Уулун каяктан жана качан окутуп-үйрөткөн?

4 Иса пайгамбар билимди Атасынан алганын ачык эле айтчу. Мисалы, ал бир жолу: «Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөйм»,— деген (Жкн. 8:28). Атасы аны каяктан жана качан окутуп-үйрөткөн? Кудайдын тун Уулу асманда жаралгандан тартып эле Атасынан билим ала баштаган көрүнөт (Кол. 1:15). Ал сансыз жылдар бою «Улуу Насаатчынын» жанында болуп, аны кунт коюп угуп, кылган иштерине байкоо салган (Ыш. 30:20). Ошентип, Иса Машаяк Атасынын касиет-сапаттары, иштери жана ой-ниети тууралуу теңдешсиз билим алган.

5. Жахаба Уулун жерде аткара турган кызматына кантип даярдаган?

5 Өз убагы келгенде Улуу Насаатчы Уулун жерде аткара турган кызматына даярдаган. Ышая пайгамбардын алардын мамилесин кандайча сүрөттөгөнүн карап көрөлү. (Оку: Ышая 50:4, 5.) Окуучусуна билим бериш үчүн аны таң атпай тургузган мугалимдей болуп, Жахаба өз Уулун «күнүгө эртең менен ойготкон». Бир эмгекте: «Жахаба... эмне жөнүндө жана кантип кабар айтканды үйрөтүш үчүн окуучусун мектепке алып баргандай эле болгон»,— деп жазылган. Асмандагы ошол «мектептен» Жахаба Уулуна «эмнени айтып, эмнени сүйлөштү» үйрөткөн (Жкн. 12:49). Ошондой эле элди окутканды да үйрөткөн a. Ошентип, Иса пайгамбар жерге келгенде өзүнүн кызматын жакшы аткаргандан тышкары, жолдоочуларына да кызматын аткарганды үйрөтүп, асмандан алган билимин иш жүзүндө колдонгон.

6, 7. а) Иса Машаяк элчилерине кандай билим берген жана ал билим аларды эмне кылууга даярдаган? б) Иса Машаяк бүгүнкү күндө жолдоочуларына эмнени үйрөтүп жатат?

6 Иса пайгамбар элчилерине кандай билим берген? Ал, Матай 10-бөлүмдө айтылгандай, кызматка байланыштуу так-айкын көрсөтмөлөрдү берген. Мисалы, каякта кабар айтуу (5, 6-аяттар); эмне деп айтуу (7-аят); Жахабага таянуу (9, 10-аяттар); үй-ээсине кандай мамиле кылуу керектигин (11—13-аяттар) жана эл укпай койгондо (14, 15-аяттар); куугунтукташканда эмне кылуу керектигин (16—23-аяттар) үйрөткөн b. Ошондой жакшы жетекчиликтин аркасында элчилер кабарды бардык жерде таратууга даяр болушкан.

7 Бүгүнкү күн жөнүндө эмне айтууга болот? Падышабыз жолдоочуларына тарыхтагы эң маанилүү ишти — Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратууну — тапшырган (Мт. 24:14). Ал бизге ушул олуттуу ишти аткарууга жардам берип жатабы? Ооба. Падышабыз асмандан жетектеп, бардык элдерге кабар айтканды жана жыйналыштын иштерин аткарганды үйрөтүп жатат.

Кызматчылар жакшы кабар таратканды үйрөнүп жатышат

8, 9. а) Теократиялык мектеп кандай максатта уюшулган? б) Иш күндөрүндөгү жолугушуу сага кандайча жардам берип жатат?

8 Жахабанын уюму бизге көп жылдан бери жыйындар, кызмат жолугушуусу сыяктуу жолугушуулар аркылуу кызматыбызды аткарганды үйрөтүп келет. Алсак, 1940-жылдардан тартып башкы башкармалыктагы жооптуу бир туугандар ар кандай мектептерди уюштура башташкан.

9 Теократиялык кызмат мектеби. Өткөн бөлүмдөн билгенибиздей, бул мектеп 1943-жылдан тартып өткөрүлө баштаган. Анын максаты тек гана баяндаманы жакшы айтканды үйрөтүү беле? Жок. Мектеп, негизинен, бизге Кудай берген белекти — сүйлөө жөндөмүн — аны даңктоо үчүн колдонгонду үйрөтүү максатында уюшулган (Заб. 150:6). Ал ага-инилерге да, эже-карындаштарга да Падышалыктын мыкты жарчылары болууга жардам берген. Учурда мындай билим иш күндөрүндөгү жолугушуу аркылуу берилип жатат.

10, 11. Гилат мектебине кимдер чакырылат жана ал кандай максатта уюшулган?

10 Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектеби. Бул мектеп 1943-жылы 1-февралда, дүйшөмбү күнү, өткөрүлө баштаган. Мектеп башында пионерлерди жана толук убакыт кызмат кылган башка бир туугандарды миссионер катары башка өлкөлөрдө кызмат кылууга даярдоо үчүн уюшулган болчу. Ал эми 2011-жылдын октябрынан тартып ага атайын толук убакыттагы кызматты аркалагандар: атайын пионерлер, кыдыруучу көзөмөлчүлөр менен алардын аялдары, бейтелдиктер жана бул мектепте окуй элек миссионерлер чакырыла баштаган.

11 Гилат мектеби кандай максатта уюшулган? «Кудайдын Сөзүн терең изилдөөнүн аркасында бир туугандардын ишеними бекемделет жана дайындалган жерде кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө жардам бере турган сапаттарды өрчүтө алышат. Анын дагы бир чоң максаты бир туугандарга кабар айтуу ишин аткарууга күчтүү каалоо өрчүтүүгө жардам берүү болуп эсептелет»,— дейт бул мектепте көп жылдан бери сабак берген бир ишенимдешибиз (Эф. 4:11).

12, 13. Гилат мектеби кабар айтуу ишинин дүйнө жүзү боюнча алга илгерилешине кандай салым кошууда? Мисал келтиргиле.

12 Гилат мектеби кабар айтуу ишинин дүйнө жүзү боюнча алга илгерилешине кандай салым кошууда? Ал мектептен 1943-жылдан тартып 8 500дөн ашык бир тууган билим алып, 170тен ашуун өлкөдө кызмат кылып жатышат c. Миссионерлер алган билимин иш жүзүндө колдонуп, ынталуу кызмат кылышат. Алардын мыкты үлгүсү көптөргө кызматын жигердүү аткарууга түрткү берет. Мурун миссионерлер кабар айтуу ишин алдыга жылдыруу үчүн жарчылар аз же таптакыр жок жерлерге дайындалышчу.

13 Мисалы, Жапонияда Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда кабар айтуу иши дээрлик токтоп калган. 1949-жылы августта онго жетпеген эле жарчы отчёт тапшырган. Бирок ошол эле жылы Жапонияга Гилат мектебин бүтүргөн 13 миссионер дайындалган. Көп өтпөй дагы башкалары келишкен. Миссионерлер адегенде чоң шаарларда кабар айтып, анан чакан шаарларга көчүп барышкан. Алар өздөрү менен Ыйык Китепти изилдегендерди жана башкаларды пионердик кызматты баштоого үндөшкөн. Ооба, миссионерлердин күжүрмөн эмгегинин акыбети кайтты. Азыр Жапонияда 216 000ден ашык жарчы бар, алардын дээрлик 40 пайызы пионер болуп кызмат кылат d!

14. Теократиялык мектептер эмнени далилдеп турат? (« Падышалыктын эли билим алган мектептер» деген кутучаны да карагыла.)

14 Теократиялык башка мектептер. Пионердик кызмат мектеби, Жубайлар үчүн жана Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектептер көптөргө Кудай менен болгон мамилесин бекемдөөгө, жигердүү кабар айтууга жардам берди e. Ал мектептер — Падышабыздын бизге кызматты мыкты аткарууну үйрөтүп жатканынын төгүндөлгүс далили (2 Тим. 4:5).

Ага-инилер жооптуу иштерди аткарганды үйрөнүп жатышат

15. Жооптуу бир туугандар Иса Машаякты кантип туурашат?

15 Ышая пайгамбардын жогоруда айтылган пайгамбарлыгына кайрадан токтолсок. Асмандагы «мектептен» Кудайдын Уулу «чарчагандарды» «кандай сөздөр менен кубаттандырууга болорун үйрөнгөн» (Ыш. 50:4). Жерде жүргөндө ал ошол билимге ылайык иш кылып, «мээнеттенгендер» менен «түйшүк тарткандарды» сергиткен (Мт. 11:28—30). Жооптуу бир туугандар, Иса пайгамбарды туурап, ишенимдештерин дайыма сергитүүнү каалашат. Андыктан, алар жыйналышка жакшы кам көрө алышы үчүн, ар кандай мектептер уюшулган.

16, 17. Падышалык кызмат мектеби кандай максатта уюшулган? (Шилтемени да карагыла.)

16 Падышалык кызмат мектеби. Бул мектептин 1-классы 1959-жылы 9-мартта Саут-Лансингде (Нью-Йорк) өткөрүлгөн. Бир айга созулган мектепке кыдыруучу көзөмөлчүлөр жана жыйналыштын кызматчылары чакырылган. Кийин программа башка тилдерге которулуп, бара-бара бүт дүйнө жүзү боюнча өткөрүлө баштаган f.

Ллойд Бэрри бир тууган Падышалык кызмат мектебинде сабак берип жатат, Жапония, 1970-жыл

17 Ушул мектептин кандай максатта уюшулганы жөнүндө 1962-жылдын «Жылдык китебинде» (англ.) мындай делген: «Агымы шар аккан суудай болгон азыркы заманда аксакал бүт иштерин жыйналыштагылардын ар бирине көңүл бөлө алгыдай уюштурушу керек. Ошондо ал баары үчүн Кудайдын белеги боло алат. Ошол эле учурда жыйналыш үчүн кам көрөм деп, үй-бүлөсүн таштап салбашы керек. Кыскасы, ал бардык жактан акыл-эстүү болууга тийиш. Дүйнө жүзүндөгү аксакалдарга Падышалык кызмат мектебине чогулуп, көзөмөлчүлөргө коюлган Ыйык Китептеги талаптарды аткарууга жардам бере турган теңдешсиз билим алууга абдан сонун шарт түзүлдү!» (1 Тим. 3:1—7; Тит 1:5—9).

18. Падышалык кызмат мектебинен кандайча баарыбыз пайда алабыз?

18 Падышалык кызмат мектебинен баарыбыз пайда алабыз. Кандайча? Алган билимин иш жүзүндө колдонгон аксакалдар менен кызмат жардамчылары, Иса пайгамбардай болуп, ишенимдештерин ар дайым сергитишет. Мээримдүү аксакалдардын жылуу сөздөрү, кунт коюп укканы, үйгө келип, бекемдегени кимибизге эле жакпасын?! (1 Тес. 5:11). Ооба, ар тараптуу билим алган ага-инилерибиз биз үчүн зор бата!

19. Окутуу комитети дагы кандай мектептерди көзөмөлдөйт жана ал мектептердин максаты кандай?

19 Теократиялык башка мектептер. Жетектөөчү Кеңештин Окутуу комитети уюмдагы жооптуу бир туугандар билим алган башка мектептерди да көзөмөлдөйт. Ал мектептер аксакалдарга, кыдыруучу көзөмөлчүлөргө, филиалдын комитетинин мүчөлөрүнө көптөгөн милдеттерин натыйжалуу аткарууга жардам берет. Ыйык Китепке негизделген окутуу программасы аларга Кудай менен болгон мамилесин бекемдөөгө жана Ыйык Жазмадагы принциптерди колдонуп, Кудайдын аларга тапшырган, кымбат баага сатылып алынган койлоруна кам көрүүгө көмөк кылат (1 Пет. 5:1—3).

Кызматка окутуу мектебинин 1-классы, Малави, 2007-жыл

20. Иса пайгамбар: «Баарын Жахаба үйрөтөт»,— деп эмне үчүн айткан жана сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

20 Ырас, Падышабыз кызматчыларынын ар тараптуу билим алышына кам көрүп жатат. Адегенде Жахаба билимди Уулуна берген, Уулу болсо жолдоочуларына берип жатат. Ошондуктан Иса пайгамбар: «Баарын Жахаба үйрөтөт»,— деген (Жкн. 6:45; Ыш. 54:13). Андыктан, келгиле, баарыбыз Падышабыз берип жаткан билимден толук пайда ала берели! Ошондой эле бул билимдин негизги максаты чындык жолунда бекем болуп, кызматыбызды толугу менен аткарууга жардам берүү экенин эч качан унутпайлы!

a Атасы Уулун элди окутканды үйрөткөн деп эмне үчүн айта алабыз? Иса Машаяктын мисалдарды көп колдонуп окутканы кылымдар мурун жазылган бир пайгамбарлыктын аткарылышы болгон (Заб. 78:2; Мт. 13:34, 35). Демек, ал пайгамбарлыкты жаздырган Жахаба Кудай Уулунун мисалдар, накыл сөздөр менен окута турганын эң сонун билген (2 Тим. 3:16, 17).

b Бир нече айдан кийин Иса пайгамбар 70 шакиртин тандап, кабар айтууга «эки-экиден жөнөткөн». Ал аларга да көрсөтмөлөрдү берген (Лк. 10:1—16).

c Айрымдар Гилат мектебинде бир нече жолу окушкан.

d Гилат мектебин бүтүргөн миссионерлердин кабар айтуу ишине кандай салым кошкону жөнүндө «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.) китебинин 23-бөлүмүнөн көбүрөөк биле аласыңар.

e Жубайлар үчүн жана Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектептер Падышалыктын жарчылары үчүн мектебине алмаштырылды.

f Азыр Падышалык кызмат мектебинин окутуу мөөнөтү ар кандай. Андан бардык аксакалдар билим ала алышат жана ал мектеп бир нече жылда бир өткөрүлүп турат. Ага 1984-жылдан тартып кызмат жардамчылары да чакырыла баштаган.