Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-БӨЛҮМ

Падышалыктын ишинин каржыланышы

Падышалыктын ишинин каржыланышы

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Падышалыктын ишин колдогонубуздун себептери жана жолдору

1, 2. а) Дин кызматчынын каржылоо ишине байланыштуу суроосуна Рассел бир тууган эмне деп жооп берген? б) Бул бөлүмдө эмне каралат?

 БИР жолу Рассел бир туугандан чиркөө кызматкери Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн иши кандайча каржыланарын сураган.

 — Биз акча чогултпайбыз.

 — Анда акчаны каяктан аласыңар?

 — Мен чынын айткан күндө да, сиз баары бир деле ишенбейсиз. Биздин жолугушууларда акча салына турган себеттер колдон колго өткөрүлбөйт. Бирок келгендер залды күтө билүүгө акча керек экенин өздөрү эле түшүнүшөт. Анан: «Бул залга канча чыгым кетет болду экен?.. Мен, кичине болсо да, салым кошо алат болдум бекен?» — деп ойлонушат.

 Дин кызматчы Рассел бир тууганды шектене караган.

 Ошондо Рассел бир тууган мындай деген: «Мен сизге болгонун болгондой айттым. Алар менден: „Кичине болсо да, кантип салым кошо алам?“ — деп өздөрү эле сурашат. Кудай алардын эмгегине батасын берип, акча табышканда ошол акчаны Кудайдын ишине жумшагысы келишет. Эгер акчасы жок болсо, анда алардан эмне үчүн талап кылышыбыз керек?» a.

2 Ооба, Рассел бир тууган «болгонун болгондой» эле айткан. Кудайдын эли чыныгы сыйынууну колдош үчүн эзелтен бери эле өз ыктыяры менен тартууларды берип келет. Бул бөлүмдөн Ыйык Китептеги айрым окуяларды жана биздин күндөрдө тартуулардын кандайча чогуларын билебиз. Падышалыктын иштери кандайча каржыланары жөнүндө окуп жатканда: «Мен Падышалыкты кантип колдой алам?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус.

«Ким чын жүрөгүнөн кааласа,.. тартуу алып келсин»

3, 4. а) Жахаба эмнеден шектенбейт? б) Ысрайылдыктар ыйык чатырды жасоодо кандай колдоо көрсөтүшкөн?

3 Жахаба Кудай өзүнүн кызматчыларына аябай ишенет. Эгер ал аларга тартуу берүүгө мүмкүнчүлүк берсе, муну даярдуулук менен кылышарына эч шектенбейт. Анда ысрайыл элинин тарыхындагы эки окуяны карап көрөлү.

4 Жахаба ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан алып чыккандан кийин ыйык чатырды жасоону буйруган. Аны жана ага тиешелүү буюмдарды жасоого бир топ каражат керектелмек. Андыктан Жахаба элин Муса пайгамбар аркылуу ошол ишти колдоого үндөп: «Ким чын жүрөгүнөн кааласа, Жахабага тартуу алып келсин»,— деп айткан (Чыг. 35:5). Кулчулуктун азабын тартып, ар кандай оор жумуштарды аткарып келген эл буга кандай жооп кайтарган? (Чыг. 1:14). Ысрайылдыктар алтынды, күмүштү жана башка баалуу буюмдарды марттык менен тартуу кылышкан. Ал буюмдардын көбүн алар, кыязы, Мисирден алып чыгышкан (Чыг. 12:35, 36). Эл ушунчалык көп алып келгендиктен: «Мындан ары... эч нерсе чогултпагыла»,— деп буйрук берүүгө туура келген (Чыг. 36:4—7).

5. Дөөтү падыша ысрайылдыктарды тартуу берүүгө үндөгөндө, алар эмне кылышкан?

5 Ошондон 475 жылдай өткөндөн кийин Дөөтү падыша чыныгы сыйынуунун борбору болгон ибадаткананы курууга өзүнүн казынасынан каражат бөлүп берген. Анан ал элди да ошентүүгө үндөп: «Дагы кимиңер бүгүн Жахаба үчүн өз ыктыярыңар менен тартуу берүүнү каалайсыңар?» — деген. Ошондо эл «Жахабага бүт жүрөгү менен тартуу кылган» (1 Жылн. 29:3—9). Тартуулардын баары чынында кимден экенин түшүнгөн Дөөтү падыша: «Мунун баарын сен бергенсиң. Биз сенден алганды эле кайра өзүңө бердик»,— деп тиленген (1 Жылн. 29:14).

6. Падышалыктын ишин жүргүзүүгө эмне үчүн акча талап кылынат? Буга байланыштуу кандай суроолор туулат?

6 Муса пайгамбар да, Дөөтү падыша да элди тартуу кылууга мажбурлаган эмес. Анткени эл тартууну чын жүрөктөн берген. Бүгүнчү? Биз Падышалыктын ишин жүргүзүүгө акча керек экенин жакшы билебиз. Мисалы, Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды басып чыгарууга, таратууга, Падышалык жана жыйындар залдарын, Бейтелдерди куруп, аларды күтө билүүгө жана табигый кырсыктан жапа чеккен бир туугандарыбызга жардам берүүгө көп каражат сарпталат. Андыктан: «Каражат кайдан келет? Уюм бизди тартуу кылууга мажбурлайбы?» — деген суроолор туулат.

«Башкалардан эч качан кайыр сурабайбыз»

7, 8. Кудайдын эли эмне үчүн башкалардан кайыр сурабайт?

7 Рассел бир тууган менен анын шериктери, христиан чиркөөлөрүнүн дин кызматчыларындай болуп, акча чогултуунун амалын ойлоп табууну көздөшкөн эмес. «Күзөт мунарасынын» 2-санына чыккан «„Сион күзөт мунарасын“ алууну каалайсызбы?» деген макалага Рассел бир туугандын мындай сөздөрү жазылган: «Биз „Сион күзөт мунарасын“ ЖАХАБА өзү колдооруна ишенебиз. Андыктан башкалардан эч качан кайыр сурабайбыз. Эгер: „Күмүш да, алтын да меники“,— деп айткан Кудай зарыл каражат менен камсыз кылбай калса, журналды басып чыгарууну токтото турган убак келди деп түшүнөбүз» (Акай 2:7—9). Андан бери 130 жылдан ашык убакыт өтсө да, «Күзөт мунарасын» чыгарган уюмубуз дагы деле жүрүшүнөн жазбай келатат!

8 Жахабанын эли эч кимден кайыр-садага сурабайт. Жолугушууларга келгендерден акча чогултпайт, кат аркылуу акча сурап да эч кимге кайрылбайт. Диний адабияттарды, буюм-тайымдарды сатып пайда көрбөйт. Алар көп жыл мурун «Күзөт мунарасында» айтылгандарга карманышат. Ал жерде: «Кудайдын иши үчүн кайыр суроону туура эмес,.. атүгүл жийиркеничтүү деп эсептейбиз. Бул Кудайга жакпайт. Ал кайыр-садага бергендерге да, ошол акча жумшала турган ишке да батасын бербейт»,— деп жазылган b.

«Ар бир адам... жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын»

9, 10. Тартуу бергенибиздин бир себеби кайсы?

9 Бизди тартуу берүүгө эч ким мажбурлабайт. Падышалыктын ишин колдош үчүн каражатыбызды жана башка баалуу нерселерибизди берүүнү чын жүрөктөн каалайбыз. Эмне үчүн? Келгиле, мунун үч себебин карап чыгалы.

10 Биринчиден, биз Жахабаны жакшы көрөбүз жана «ага жаккан иштерди кылгыбыз» келет (1 Жкн. 3:22). Жахаба да чын жүрөктөн тартуу берген кызматчыларын жакшы көрөт. Анда тартуу кылууга байланыштуу элчи Пабылдын кеңешин карап көрөлү. (Оку: 2 Корунттуктар 9:7.) Кудайдын кызматчылары тартууну кыйылып же аргасыздан эмес, «жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша» беришет c. Бул Жахабага жагат, анткени ал «кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт». Ыйык Китептин башка котормосунда: «Кудай берешен адамдарды жакшы көрөт»,— деп айтылган.

Мозамбиктеги бөбөктөрүбүз тартуу бергенди жакшы көрүшөт

11. Жахабага эң мыкты тартуу берүүгө бизге эмне түрткү берет?

11 Экинчиден, тартуу берүүнүн аркасында Жахабага бата берип жатканы үчүн ыраазы экенибизди көрсөтөбүз. Жүрөктөгү ниетти айкын кылган бир мыйзамды карап көрөлү. (Оку: Мыйзам 16:16, 17.) Жыл сайын өткөрүлчү үч майрамда ысрайылдык ар бир эркек Жахабадан алган «батасына жараша тартуу алып келүүгө» тийиш болчу. Андыктан майрамга барарда ар бири жүрөгүн изилдеп, кандай бата алганын эстеп, ошого жараша кандай тартуу алып барса жакшы болору тууралуу ойлончу. Анын сыңарындай, Жахабанын жакшылыктары жөнүндө ой жүгүртсөк, колубуздан келишинче эң мыкты тартуу берүүгө түрткү алабыз. Чын жүрөктөн берген тартууларыбыз, анын ичинде акча-каражатыбыз Жахабанын бизге төгүп жаткан батасына абдан ыраазы экенибизди көрсөтөт (2 Кор. 8:12—15).

12, 13. Тартуу бергенде Падышабызды жакшы көрөрүбүздү кандайча далилдейбиз жана ар бирибиз кандай тартуу берүүнү каалайбыз?

12 Үчүнчүдөн, тартуу бергенде Падышабыз Иса Машаякты жакшы көрөрүбүздү далилдейбиз. Анын өлөр алдындагы түнү эмне дегенине көңүл бурсаңар. (Оку: Жакан 14:23.) «Ким мени сүйсө, ал менин сөздөрүмдү аткарат»,— деген ал. Анын «сөздөрүнө» жакшы кабарды бүт дүйнө жүзүнө таратууга байланыштуу буйругу да кирет (Мт. 24:14; 28:19, 20). Эгер Падышалыктын ишин алга жылдырууга мүмкүн болушунча көп убактыбызды, күчүбүздү, каражатыбызды жумшасак, Падышабыздын «сөздөрүн» аткарып, аны жакшы көрөрүбүздү далилдейбиз.

13 Ооба, ишенимдүү жарандар катары биз Падышалыкты акчалай тартууларыбыз менен колдогубуз келет. Канча акча тартуу кыларыбызды ар кимибиз өзүбүз чечебиз. Ар бирибиз колубуздан келишинче эң жакшысын беребиз. Негизи, Кудайдын кызматчыларынын көбү жөнөкөй эле турушат (Мт. 19:23, 24; Жкп. 2:5). Бирок Жахаба менен Машаяк, аз болсо да, чын жүрөктөн чыккан тартууларыбызды жогору баалашат. Андыктан көп акча тартуу кыла албаганыбызга көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз (Мр. 12:41—44).

Каражат уюмга кандай жолдор менен түшөт?

14. Жахабанын Күбөлөрү көп жыл бою эмне кылып келишкен?

14 Жахабанын Күбөлөрү көп жыл бою адабияттарды бергенде элден тартуу алып келишкен. Бирок карапайым кишилер да адабияттарды ала алышы үчүн, көп деле акча сурашчу эмес. Албетте, кимдир бирөө аябай кызыкса, бирок акчасы жок болсо, жарчылар адабияттарды бекер эле калтырып кетишчү. Эң негизгиси, алар адабияттарды чынында эле окугусу келген ак ниет кишилерге берүүнү каалашкан.

15, 16. а) Жетектөөчү Кеңеш 1990-жылы кандай өзгөрүү кылган? б) Тартуулар кандай жолдор менен кылынат? (« Тартуулар эмнеге жумшалат?» деген кутучаны да карагыла.)

15 Бирок 1990-жылы Жетектөөчү Кеңеш бир өзгөрүү кылган. Ошол жылдан тартып АКШда адабияттар үчүн акча алуу талап кылынбай калган. АКШдагы бардык жыйналыштарга жолдонгон катта: «Жарчылардан, кызыккан кишилерден адабияттар үчүн акча талап кылынбашы, атүгүл ал жөнүндө сөз да болбошу керек... Эгер билим берүү ишибизди колдогусу келгендер акча бергиси келсе, бере беришсин. Бирок алар тартуу береби же жокпу, адабияттар бекер берилиши керек»,— деп жазылган. Ушундан улам кабар айтуу ишине өз ыктыярыбыз менен катышарыбыз, анын соода-сатык менен эч кандай байланышы жок экени жана «Кудайдын сөзүн сатып пайда көрбөй» турганыбыз дагы көбүрөөк айкын болгон (2 Кор. 2:17). Убакыттын өтүшү менен бул жаңы көрсөтмө башка филиалдарга да жөнөтүлгөн.

16 Анда тартуулар кандай жолдор менен кылынат? Падышалык залдарында көзгө көп урунбаган жерге орнотулган кутулар бар. Тартуулар ошол кутуларга салынат же түз эле Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык бирикмелеринин бирине жиберилет. Тартуу кылуунун жолдору жөнүндө «Күзөт мунарасына» жыл сайын макала чыгып турат.

Каражат кандайча колдонулат?

17—19. Тартуулардын а) бүткүл дүйнөлүк иш үчүн; б) дүйнө жүзү боюнча Падышалык залдарын куруу үчүн; в) жыйналыштын муктаждыктары үчүн кандайча колдонуларын түшүндүрүп бергиле.

17 Бүткүл дүйнөлүк иш үчүн тартуулар. Бул каражат дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишине жумшалат. Ошондой эле адабияттарды чыгарууга, филиалдарды куруп, күтө билүүгө жана теократиялык мектептерди өткөрүүгө кетет. Мындан тышкары, миссионерлерди, кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү, атайын пионерлерди каржылоого жана кырсыктан жапа чеккендерге сарпталат d.

18 Дүйнө жүзү боюнча Падышалык залдарын куруу үчүн тартуулар. Бул каражат жыйналыштарга Падышалык залдарын курууга же оңдоп-түзөөгө жардам катары берилет. Улам түшүп турган тартуулар башка жыйналыштарга жардам берүүгө жумшалат e.

19 Жыйналыштын муктаждыктары үчүн тартуулар. Бул каражат болсо Падышалык залдарын колдонууга, күтө билүүгө жумшалат. Аксакалдар кээде ал каражаттан филиалга бүткүл дүйнөлүк иш үчүн жиберүүнү сунушташы мүмкүн. Бирок бул чечимди кабыл алууга бүт жыйналыш катышат. Баары макулдугун бергенден кийин, каражат филиалга жөнөтүлөт. Эсеп-кысапка жооптуу бир тууган даярдаган отчёт ай сайын жыйналышка окулуп турат.

20. Канткенде «баалуу нерселериң менен» Жахабага «урмат көрсөтө» аласың?

20 Жакшы кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинин дүйнө жүзү боюнча кандайча аткарылып жатканы жөнүндө ойлонгондо Жахабага «баалуу нерселерибиз» менен «урмат көрсөткүбүз» келет (Накыл 3:9, 10). «Баалуу нерселерибизге» күчүбүз, акыл-ой жөндөмүбүз, рухий байлыгыбыз кирет. Биз ушунун баарын Падышалыктын иши үчүн колдонууну каалайбыз. «Баалуу нерселерибизге» акча-каражатыбыздын да кирерин унутпайлы. Андыктан, келгиле, мүмкүнчүлүк болгон сайын «баалуу нерселерибизди» Жахабага бере берели. Анткени ал аркылуу Жахабаны урматтаарыбызды жана анын Падышалыгын колдоорубузду көрсөтөбүз.

a «Күзөт мунарасы», 1915-жыл, 15-июль, 218, 219-бет, англ.

b «Күзөт мунарасы», 1899-жыл, 1-август, 201-бет, англ.

c Бир окумуштуу «кандай чечсе» деп которулган грек тилиндеги сөз «алдын ала чечүү» деген маанини туюнтарын айткан. Ал: «Тартуу кылганда күтүлбөгөн кубанычты сезсек да, тартууну алдын ала ойлонуштуруп, үзгүлтүксүз кылуу керек»,— деп кошумчалаган (1 Кор. 16:2).

d Кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн 20-бөлүмдү карагыла.

e Падышалык залдарын куруу жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн 19-бөлүмдү карагыла.