Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-БӨЛҮМ

Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү

Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Табигый кырсык учурунда бир туугандарыбызга сүйүү көрсөтөбүз

1, 2. а) Машаяктын Жүйүт жериндеги жолдоочулары кандай кыйынчылыкка туш болушкан? б) Ишенимдештери аларга кандай жол менен сүйүү көрсөтүшкөн?

 БОЛЖОЛ МЕНЕН б.з. 46-жылы. Жүйүт жеринде катуу ачарчылык болуп турган маал. Дан азыктары өтө тартыш, баасы да асмандын башы. Машаяктын жолдоочуларынын дан сатып алганга акчасы жок. Бирок жакынкы арада Жахаба аларга өзгөчө жол менен кам көрмөк. Буга чейин Машаяктын жолдоочуларына андай жардам көрсөтүлө элек болчу.

2 Антиохиядагы, Сириядагы жүйүт элинен жана башка элден болгон бир туугандар Иерусалимдеги ишенимдештерине боору ооруп, акча чогулта башташкан. Анан чогулган акчаны Иерусалимге жеткирүүнү Барнаба менен Шабылга табышташкан. (Оку: Элчилер 11:27—30; 12:25.) Ошондо Жүйүт жериндегилер антиохиялык ишенимдештеринин сүйүүсүнөн улам берген жардамына аябай ыраазы болушкан.

3. а) Антиохиядагы бир туугандарды кантип туурай алабыз? Мисал келтиргиле. ( «Биздин күндөрдө көрсөтүлгөн алгачкы чоң жардам» деген кутучаны да карагыла.) б) Бул бөлүмдөн кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Бул б.з. 1-кылымында Машаяктын жолдоочуларынын башка жерде жашаган ишенимдештерине жардам бергени жөнүндөгү алгачкы билдирүү болуп саналат. Биз да Антиохиядагы бир туугандарыбызды туурагыбыз келет. Кайсы бир өлкөдө ишенимдештерибиздин табигый кырсыктан жапа чеккенин же сыноолорго кабылганын билгенде дароо жардамга келебиз a. Кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү иши кызматыбыздын башка түрлөрү менен кандай байланышта экенин түшүнүш үчүн төмөнкү үч суроого жооп алышыбыз керек: жапа чеккендерге жардам берүүнү эмне үчүн ыйык кызмат деп эсептейбиз? Анын кандай 3 негизги максаты бар? Жардам берүүдөн кандай пайда алабыз?

Жапа чеккендерге жардам берүү — «ыйык кызмат»

4. Элчи Пабыл Машаяктын жолдоочуларынын кызматынын кандай өзгөчөлүгү жөнүндө айткан?

4 Элчи Пабыл корунттуктарга жолдогон экинчи катында Машаяктын жолдоочуларынын кызматы 2 бөлүктөн турарын айткан. Анын каты майлангандарга жазылганы менен, «башка койлорго» да тиешелүү (Жкн. 10:16). Биринчиден, биз «элдештирүү кызматын», тактап айтканда, кабар айтуу, окутуу ишин аткарабыз (2 Кор. 5:18—20; 1 Тим. 2:3—6). Экинчиден, «ыйыктарга кызмат кылабыз», башкача айтканда, табигый кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерибизге жардам беребиз (2 Кор. 8:4). «Элдештирүү кызматы» жана «ыйыктарга кызмат кылуу» деген сөз айкаштарында камтылган «кызмат» деген сөз грек тилиндеги диакониа деген сөздөн алынган. Буга эмне үчүн көңүл бурушубуз керек?

5. Элчи Пабылдын жапа чеккендерге жардам берүүнү «ыйык кызмат» деп эсептегени эмне үчүн көңүлгө аларлык?

5 Элчи Пабыл жогорудагы эки сөз айкашта тең диакониа деген сөздү колдонуп, жапа чеккендерге жардам берүү ишинин, кызматтын башка түрлөрүндөй эле, маанилүү экенин баса белгилеген. Ал: «Кызматтын ар кандай түрлөрү бар, бирок Мырзабыз бирөө эле. Иш-аракеттер да ар түрдүү болот, бирок... мунун баарын бир эле рух аткарат»,— деп жазган (1 Кор. 12:4—6, 11). Муну менен элчи Пабыл кызматтын ар кандай түрлөрү «ыйык кызмат» менен тыгыз байланышта экенин айткысы келген b (Рим. 12:1, 6—8). Андыктан «ыйыктарга кызмат кылууга» убакыт бөлүүнү маанилүү деп эсептеген (Рим. 15:25, 26).

6. а) Жапа чеккендерге жардам берүү эмне үчүн сыйынуунун бир бөлүгү болуп эсептелет? б) Жапа чеккендерге жардам берүү иши дүйнө жүзү боюнча кандайча аткарылып жатат? (« Табигый кырсык болгондо...» деген кутучаны карагыла.)

6 Элчи Пабыл корунттуктарга жапа чеккен ишенимдештерине жардам берүү Жахабага сыйынуунун жана ыйык кызматтын бир бөлүгү экенин түшүнүүгө жардам берген. Ал жазгандай, алар муну «Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарга» «баш ийгени» үчүн кылышкан (2 Кор. 9:13). Корунттуктар Машаяктын айткандарын аткаргысы келгендиктен бир туугандарына жардам беришкен. Алардын жакшылыгы, чынында, «Кудайдын... ырайымынын» көрсөтүлүшү болгон (2 Кор. 9:14; 1 Пет. 4:10). Муктаж болгон бир туугандарга кызмат кылуу, анын ичинде жапа чеккендерге жардам берүү жөнүндө «Күзөт мунарасынын» 1975-жылдын 1-декабрындагы санында: «Жахаба да, Уулу Машаяк да кызматтын ушундай түрүн жогору баалайт»,— делген. Ооба, жапа чеккендерге жардам берүү — ыйык кызматтын маанилүү бөлүгү (Рим. 12:1, 7; 2 Кор. 8:7; Евр. 13:16).

Жардам бергенибиздин негизги үч максаты

7, 8. Жапа чеккендерге жардам бергенибиздин биринчи себеби кайсы? Түшүндүргүлө.

7 Жапа чеккендерге эмне үчүн жардам беребиз? Бул суроого элчи Пабылдын корунттуктарга жазган экинчи катында жооп берилет. (Оку: 2 Корунттуктар 9:11—15.) Ал «ыйыктарга... кызмат» кылуунун, башкача айтканда, жапа чеккендерге жардам берүүнүн аркасында негизги үч максатка жетерибизди баса белгилеген. Келгиле, алардын ар бирин карап чыгалы.

8 Биринчиден, Жахабаны даңктайбыз. Элчи Пабыл 2 Корунттуктар 9:11—15-аяттарда ишенимдештерин Жахабаны даңктоого бир нече ирет үндөгөн. Алсак, аларга «Кудайга ыраазычылык билдирүүнү», «Кудайга көп ыраазычылык айтууну» эскерткен (11, 12-аяттар). Ошондой эле жардам берүү ишинин аркасында ырайымдуу Кудайыбыздын даңкталарын айткан (13, 14-аяттар). Акырында сөзүн: «Кудайга алкыш!» — деп жыйынтыктаган (15-аят; 1 Пет. 4:11).

9. Бир туугандарыбызга жардам берүүнүн аркасында адамдардын ою кандайча өзгөрөт? Мисал келтиргиле.

9 Биз да жапа чеккендерге жардам берүүнү Жахабаны даңктоого жана анын окууларын көркүнө чыгарууга өбөлгө түзгөн мүмкүнчүлүк катары көрөбүз (1 Кор. 10:31; Тит 2:10). Көбүнчө, бир туугандарыбызга жардам бергенибиздин аркасында биз жөнүндө жаман ойдо болгондордун ою өзгөрөт. Алсак, катуу шамал болгон жерде жашаган бир аялдын эшигинде: «Жахабанын Күбөлөрү, тынчымды албагыла!» — деп жазылып турчу. Бирок ал бир нече күн бою маңдайындагы үйдү топ кишилердин күлүп-жайнап оңдоп жатканын байкаган. Алардын Жахабанын Күбөлөрү экенин билгенде таң калып: «Мен мурун силер жөнүндө жаман ойдо болчумун»,— деген. Анан эшигиндеги жазууну алып салган.

10, 11. а) Жардам бергенибиздин экинчи максаты ишке ашып жатканын кайсы окуялар көрсөтүп турат? б) Ыктыярдуу кызматчыларга кайсы китепче жардам берет? (« Жардам катары чыгарылган китепче» деген кутучаны карагыла.)

10 Экинчиден, ишенимдештерибиздин «кем-карчын толуктайбыз». (2 Кор. 9:12а). Биз бир туугандарды зарыл нерселер менен камсыз кылып, кайгысын тең бөлүшкөнгө даярбыз. Анткени жыйналыштын мүчөлөрү бир денени түзөт. «Дененин бир мүчөсү кыйналса, аны менен кошо калган мүчөлөрдүн баары кыйналат» (1 Кор. 12:20, 26). Андыктан көптөгөн ага-инилерибиз, эже-карындаштарыбыз сүйүүсүнөн, боорукердигинен улам жеке иштерин калтырып, шаймандарын алып, кырсык болгон жерге учкан бойдон жөнөшөт (Жкп. 2:15, 16). Мисалы, 2011-жылы Жапонияда суу ташкындаганда, АКШдагы филиал өлкөдөгү Региондук курулуш комитеттерине кат жөнөтүп, Падышалык залдарын кайра курууга «тажрыйбалуу бир нече бир туугандын» бара алар-албасын сураган. Ошондо бир нече жуманын ичинде эле 600дөй бир тууган арыз толтуруп, Жапонияга өз акчасына учуп барууга даяр экенин билдиришкен. «Ушунчалык көп бир туугандын даяр болгонуна» филиалдагылар аябай таң калышкан. Бир байке ыктыярдуу жардамчыдан Жапонияга эмнеге келгенин сураганда, ал: «Жапониядагы ишенимдештерибиз — „денебиздин“ бир мүчөсү. Биз алар менен кошо кыйналып жатабыз»,— деп жооп берген. Бир туугандарга жардам бериш үчүн жан аябас кызматчылар атүгүл өмүрүн да тобокелге салган учурлар болгон c (1 Жкн. 3:16).

11 Биздин жардамыбызга башкалар да ыраазы болушат. Алсак, 2013-жылы Арканзаста (АКШ) табигый кырсык болгондон кийин дароо иш-аракет кылганыбыз жөнүндө бир гезитке: «Жахабанын Күбөлөрү ушунчалык уюшкандыкта иштешет экен. Аларды карап эле тургуң келет»,— деп жазылган. Ырас, элчи Пабыл айткандай, биз ишенимдештерибиздин «кем-карчын толуктайбыз».

12—14. а) Жапа чеккендерге жардам бергенибиздин үчүнчү максатын ишке ашыруу эмне үчүн маанилүү? б) Табигый кырсыктан кийин кызматка, жыйналышка катышуу канчалык маанилүү экени эмнеден көрүнүп турат?

12 Үчүнчүдөн, бир туугандарга кызматын улантууга жардам беребиз. Бул абдан маанилүү, анткени элчи Пабыл жазгандай, мунун аркасында «Кудайга көп ыраазычылык айтылышына шарт түзүлөт» (2 Кор. 9:12б). Жабыр тарткан бир туугандарга Жахабага ыраазычылык билдирүүгө жардам берүүнүн мыкты жолу — аларга кызматын улантууга көмөк көрсөтүү (Флп. 1:10). «Күзөт мунарасынын» 1945-жылдагы санында: «Элчи Пабыл бир туугандарга жардам бериш үчүн акча чогултууну туура көргөн,.. мунун аркасында алар зарыл нерселер менен камсыз болуп, кабар айтуу ишине көбүрөөк, ынталуу катыша алышмак»,— деп жазылган. Биздин максатыбыз да ушундай. Кабар айтуу ишине кайрадан катыша баштаганда бир туугандар жабыр тарткандарды жубаткандан тышкары, өздөрүнүн ишенимин да бекемдешет. (Оку: 2 Корунттуктар 1:3, 4.)

13 Жардам алгандан кийин кызматын улантып, ишеними бекемделген бир нече бир туугандын айткандарына көңүл бурсаңар. Бир үй-бүлө башчысы: «Үй-бүлөбүз менен кабарга чыкканыбыз аябай жакшы болду. Анткени башкаларды жубатып жатып, өзүбүздүн кыйынчылыктарыбыздан, кичине болсо да, алаксыдык»,— деген. Ал эми бир эже: «Кызматты көбүрөөк ойлогондуктан бүлгүнгө учураган айланага көп көңүл бурбай, сарсанаа болбой калдым»,— деген. Башка эже болсо кызматка чыгуу үй-бүлөсүнө кандай таасир эткени жөнүндө: «Жагдайды өзгөртө албасак да, жаркын келечекке болгон үмүтүбүздү бекем сактай алдык. Башкаларга жаңы дүйнө жөнүндө айтып жүрүп, жакында баары жаңы болоруна болгон ишенимибиз ого бетер бекемделди»,— деген.

14 Жапа чеккен бир туугандардын жолугушууларды создуктурбай өткөрө баштаганы да абдан маанилүү. Мисалы, суу ташкындагандан кийин үстүндөгү кийиминен башка эч нерсеси калбай калган, 60ка чукулдап калган Киоко бир тууган эмне кыларын билбей отуруп калган. Бир аксакал ага жыйналышты машинеде өткөрүп турарын айткан. Киоко бир тууган: «Аксакал, анын аялы, мен, анан дагы бир эже болуп машинеде жыйналыш өткөрдүк. Ал жыйналышыбыз Падышалык залындагыдай болбосо да, мен үчүн керемет болгондой эле болду, анткени кырсык болгонун унутуп, жүрөгүм тынч ала түштү. Ошондо чогулуп туруунун ушунчалык зор күчкө ээ экенине ынандым»,— деген. Дагы бир эже: «Жыйналыш мага кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө жардам берди»,— деп айткан (Рим. 1:11, 12; 12:12).

Жардам берүүнүн пайдасы

15, 16. а) Корунттагы жана башка жердеги бир туугандар ишенимдештерине жардам берүүдөн кандай пайда алышкан? б) Жардам берүүдөн биз кандай пайда алабыз?

15 Элчи Пабыл Корунттагы жана башка жердеги ишенимдештерине жапа чеккендерге жардам берүүдөн кандай пайда алышарын түшүндүргөн. Ал: «Кудай силерге ырайымын төгүп жаткандыктан, алар [Иерусалимдеги жардам алган жүйүттөр] силерди жакшы көрүп, силер үчүн Кудайга жалынып жатышат»,— деп жазган (2 Кор. 9:14). Ооба, Корунттагы жүйүт жана башка элден болгон бир туугандардын берешендигине ыраазы болгон иерусалимдиктер алар үчүн тиленип, аларды мурдагыдан да көбүрөөк жакшы көрүп калышкан.

16 Жардам берүү ишинин пайдасы жөнүндө «Күзөт мунарасынын» 1945-жылдын 1-декабрындагы санында: «Кудайдын эли бири-бирине жардам бергенде алардын биримдиги абдан чыңдалат»,— делген. Буга көптөр кошулушат. Суу ташкындаган жерде жардам берген бир аксакал: «Бир туугандарга жардам берип жүрүп, алар менен аябай ынак болуп калдым»,— деген. Ал эми бир эже ыраазы болгонунан: «Дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз — азыркы маалдагы баалуу кенчибиз»,— деп айткан. (Оку: Накыл сөздөр 17:17.)

17. а) Ышая 41:13төгү сөздөрдүн жардам берүү ишине кандай тиешеси бар? б) Жардам берүү иши Жахабаны даңктаганын жана биримдигибизди чыңдаганын көрсөткөн окуяларды айтып бергиле. (« Төгөрөктүн төрт бурчунан келген жардамчылар» деген кутучаны да карагыла.)

17 Табигый кырсык болгон жерге ыктыярдуу кызматчылар келгенде, жапа чеккен бир туугандар: «Мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам. Сага: „Коркпо, мен сага жардам берем“»,— деген убаданын аткарылганын өз көзү менен көрүшөт (Ыш. 41:13). Бир эже: «Бүт баары бүлгүнгө учураганын көрүп, ушунчалык сыздап кеттим. Бирок Жахаба мага колун сунгандай эле болду. Бир туугандардын канчалык жардам бергенин сөз менен айтып жеткире албайм»,— деген. Ал эми табигый кырсык болгон жерде жашаган эки аксакал бир туугандардын жардамы жыйналышка кандай таасир эткени жөнүндө: «Жер титирөө көптөрдү азапка салды, бирок Жахаба бизге бир туугандарыбыз аркылуу кам көрдү. Мурун ушул жөнүндө жөн эле окусак, эми баарын өз көзүбүз менен көрдүк»,— деп жазышкан.

Сен да катыша аласыңбы?

18. Жапа чеккендерге жардам бергиң келсе, эмне кылсаң болот? (« Жашоосунун нугу өзгөргөн» деген кутучаны да карагыла.)

18 Жапа чеккендерге жардам берип, кубанычка бөлөнгүң келеби? Ал кызматка Падышалык залдарын курууга катышып жүргөндөр тандалат. Андыктан Падышалык залдарын курууга катышкың келерин билдирип, аксакалдардан арыз алып, толтурсаң болот. Жапа чеккендерге жардам берүү жагынан тажрыйбасы бар бир аксакал: «Табигый кырсык болгон жерге Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү комитети тарабынан чакырылганда гана барганың туура болот»,— деп эскертет. Ошондо баары өз тартиби менен болот.

19. Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенибизди далилдөөгө ыктыярдуу кызматчылар кандай салым кошушат?

19 Жапа чеккендерге жардам берүү — Машаяктын: «Бири-бириңерди сүйгүлө»,— деген буйругун аткаруунун эң сонун жолу. Ошентсек, Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенибизди далилдейбиз (Жкн. 13:34, 35). Ооба, Падышалыкты колдогондорго жардам берип, Жахабаны даңктаган жан аябас бир туугандарыбыздын болгону биз үчүн чоң бата!

a Бул бөлүмдө ишенимдештерибизге жардам бергенибиз жөнүндө эле айтылат. Бирок биз башкаларга да жардам беребиз (Гал. 6:10).

b Элчи Пабыл кызмат жардамчыларына карата диаконос (кызматчы) деген сөздүн көптүк санын колдонгон (1 Тим. 3:12).

c «Күзөт мунарасынын» 1994-жылдын 1-ноябрындагы санынын 23—27-беттериндеги «Босниядагы бир туугандарыбызга жардам берүү» деген макаланы карагыла, ор.