Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-БӨЛҮМ

Кудайдын Падышалыгы душмандарын жок кылат

Кудайдын Падышалыгы душмандарын жок кылат

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Армагедон согушуна чейинки окуялар

1, 2. а) Падышабыздын 1914-жылдан бери башкарып жатканын эмнелер далилдеп турат? б) Бул бөлүмдөн эмнелерди карап чыгабыз?

 КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ душмандарын канча ирет жеңгени тууралуу окуп, ишенимибиз абдан бекемделди (Заб. 110:2). Буга чейин эмнелерди билдик? Падышабыз жарчылардан турган аскерин топтоп, аларды адеп-ахлаксыздыктан, жалган диндин иштеринен тазалады. Душманыбыз бизди бөлүп-жарууга аракет кылса да, дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз менен биримдикте кызмат кылуудабыз. Падышалыктын ушул жетишкендиктери — Падышабыздын 1914-жылдан баштап душмандарынын арасында бийлик жүргүзүп жатканынын далили.

2 Бирок бизди алдыда мындан да укмуштуу окуялар күтүп турат. Жакында Кудайдын Падышалыгы «келип», душмандарынын «баарын талкалап», «жок кылат» (Мт. 6:10; Дан. 2:44). Ошол убак келгенге чейин дагы башка маанилүү окуялар болушу керек. Ал эмне болгон окуялар экенин Ыйык Китептен биле алабыз. Келгиле, ошол пайгамбарлыктардын айрымдарын изилдеп, бизди алдыда эмнелер күтүп турганын карап чыгалы.

«Капысынан» боло турган «кыйратылуунун» алдындагы жарыя

3. Биз күтүп жаткан окуялардын биринчиси кайсы?

3 Тынчтыкты жарыялоо. Элчи Пабыл тесалоникалыктарга биз күтүп жаткан окуялардын биринчиси жөнүндө жазган. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:2, 3.) Ал «Улуу Бабылга» кол салынганда баштала турган «Жахабанын күнү» тууралуу сөз кылган (Аян 17:5). Бирок «Жахабанын күнү» келгенге чейин элдер: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жарыялашат. Бул жарыя дүйнөнү дүңгүрөтө бир же бир нече жолу айтылышы мүмкүн. Диний жетекчилер буга катышабы? Алар да бул дүйнөнүн бөлүгү болгондуктан: «Тынчтык!» — деп жарыялаган элдерге кошулушу ыктымал (Жер. 6:14; 23:16, 17; Аян 17:1, 2). «Тынчтык жана коопсуздук!» — деген жарыя Жахабанын күнүнө аз калганын билдирген белги болот. Ошондо душмандар «качып кутула алышпайт».

4. «Тынчтык жана коопсуздук» жөнүндөгү пайгамбарлыктын маанисин түшүнүп алганыбыз эмне үчүн маанилүү?

4 Бул пайгамбарлыктын маанисин эмне үчүн жакшылап түшүнүп алышыбыз керек? Элчи Пабыл: «Бир туугандар, ал күн силерге күтүлбөгөн жерден келгидей, силер уурулардай болуп караңгыда жүргөн жоксуңар»,— деген (1 Тес. 5:3, 4). Башкалардан айырмаланып, биз бул дүйнө соңуна чыгып калганын жакшы билебиз. «Тынчтык жана коопсуздук» жөнүндөгү пайгамбарлык кантип аткарылат? Муну билиш үчүн окуялардын кантип өрчүп жатканына байкоо салып турушубуз керек. Андыктан «сергек жана сак бололу» (1 Тес. 5:6; Сеп. 3:8).

Улуу алааматтын башталышы

5. Улуу алаамат кайсы окуя менен башталат?

5 Динге кол салынат. Элчи Пабылдын: «„Тынчтык жана коопсуздук!“ деп айтып жатышканда, алардын кыйратылуусу кош бойлуу аялдын толгоосу сыяктуу капысынан келет; алар качып кутула алышпайт»,— деген сөздөрүн эстесек. Чагылган чартылдагандан кийин дароо эле күн күркүрөгөндөй эле, «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жарыяланары менен, «кыйратылуу» «капысынан» келет. Ошондо эмне кыйратылат? Чу дегенде эле, «сойку» катары белгилүү болгон жалган диндин дүйнөлүк империясы, «Улуу Бабыл», кыйратылат (Аян 17:5, 6, 15). Христиан дүйнөсүнүн жана башка диний уюмдардын кыйратылышы «улуу алааматтын» башталышынан кабар берет (Мт. 24:21; 2 Тес. 2:8). Көптөр үчүн бул күтүлбөгөн окуя болот. Анткени ошол убакка чейин «сойку» өзүн «эч качан кайгы тартпай» турган «канышадай» сезет. Бирок ал катуу жаңылып жүргөнүн моюнга алууга аргасыз болот. Себеби ал «бир күндүн ичинде» эле жок болот (Аян 18:7, 8).

6. «Улуу Бабылга» ким кол салат?

6 «Улуу Бабылга» ким кол салат? «Он мүйүзү бар... жырткыч». Аян китебинен ал жырткычтын Бириккен Улуттар Уюму экенин билебиз. «Он мүйүз» болсо ошол «кыпкызыл жырткычты» колдоп жаткан саясий күчтөрдүн баарын билдирет (Аян 17:3, 5, 11, 12). Анын соккусу канчалык күчтүү болот? Бириккен Улуттар Уюму «сойкуну...талап-тоноп», «этин жеп, өзүн өрттөп жиберет» a. (Оку: Аян 17:16.)

7. Матай 24:21, 22деги сөздөр б.з. 1-кылымында кантип аткарылган жана келечекте кантип аткарылат?

7 Күндөр кыскартылат. Падышабыз Иса Машаяк мунун кантип аткарыларын ачып берген. Ал: «Тандалгандар үчүн ал күндөр кыскартылат»,— деп айткан. (Оку: Матай 24:21, 22.) Бул сөздөр биринчи жолу б.з. 66-жылы Рим аскери Иерусалимден кайра артка тартканда аткарылган. Ал күндөр ошентип «кыскартылган» (Мр. 13:20). Мунун аркасында Иса Машаяктын Иерусалимдеги жана бүт Жүйүт жериндеги жолдоочулары аман калышкан. Ал эми бул сөздөр улуу алаамат учурунда кантип аткарылат? Жалган диндер менен кошо чыныгы дин да жок болуп кетпеши үчүн, Жахаба Кудай Бириккен Улуттар Уюмунун жалган динге каршы иш жүргүзгөн убактысын «кыскартат». Ошентип, жалган диндердин баары жок болуп, бир гана чыныгы дин калат (Заб. 96:5). Анда эмесе, улуу алааматтын ушул баскычынан кийин эмнелер болорун карап көрөлү.

Армагедондун алдында боло турган окуялар

8, 9. Иса Машаяк кайсы жышаан жөнүндө айткан жана элдер аны көргөндө эмне кылышат?

8 Иса Машаяктын акыркы күндөр жөнүндөгү пайгамбарлыгынан Армагедондун алдында бир нече маанилүү окуя болорун биле алабыз. Алардын экөөсү тууралуу Матай да, Марк да, Лука да жазган. (Оку: Матай 24:29—31; Мр. 13:23—27; Лк. 21:25—28.)

9 Асмандагы жышаандар. Иса Машаяк: «Күн караңгылап, ай жарыгын бербей калат. Асмандан жылдыздар түшөт»,— деп айткан. Ооба, эл диний жетекчилерди мурункудай жарык катары көрбөй, алардан жетекчилик издебей калат. Сөздүн түз маанисинде да асманда жышаандар болушу мүмкүнбү? Мүмкүн (Ыш. 13:9—11; Жоел 2:1, 30, 31). Элдер ал жышаандарды көргөндө «эмне кыларын билбей катуу кыйналышат» (Лк. 21:25; Сеп. 1:17). Душмандар, «падышасынан» «кулуна» чейин, «жер бетинде боло турган окуяларды күтүп, коркконунан эсинен танышат» жана баш калкалаганга жай издешет. Бирок Падышабыздын каарынан жашырып кала турган бир да коопсуз жер таба алышпайт (Лк. 21:26; 23:30; Аян 6:15—17).

10. Машаяк кайсы өкүмдү жарыялайт жана Падышалыктын жарандары менен душмандары ал өкүмдү кандай кабыл алышат?

10 Сот өкүмүн жарыялоо. Падышалыктын душмандары айрым каргашалуу окуяларды өз башынан өткөрүшү керек болот. Иса Машаяк алардын «булуттардын ичинде зор күч-кубат жана даңк менен келаткан адам Уулун көрүшөрүн» айткан (Мр. 13:26). Машаяктын күчүнүн ушундайча көрсөтүлүшү анын сот өкүмүн жарыялаш үчүн келгенинен кабар берет. Акыркы күндөр жөнүндөгү ушул эле пайгамбарлыгында Машаяк сот өкүмү качан жарыяланарын майда-чүйдөсүнө чейин айткан. Муну койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалдан билебиз. (Оку: Матай 25:31—33, 46.) Падышалыктын берилген жарандары — «койлор» — «эчкилерден» бөлүнүшөт. Алар куткарылууга аз калгандыктан, баштарын өйдө көтөрүшөт (Лк. 21:28). Ал эми душмандар — «эчкилер» — «түбөлүккө жок кылынарын» билгенде «төшүн ургулап боздошот» (Мт. 24:30; Аян 1:7).

11. Алдыда боло турган окуяларга байланыштуу эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

11 Машаяк «бүт элдерге» сот өкүмүн жарыялагандан Армагедон согушу башталганга чейин дагы бир нече маанилүү окуялар болот (Мт. 25:32). Азыр алардын экөөсүнө, Гоктун чабуулуна жана майлангандардын чогултулушуна, токтолобуз. Бирок Ыйык Китепте ушул эки окуянын кайсы убакта болору так айтылбаганын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Экөө бир учурда болушу да мүмкүн.

12. Шайтандын Падышалыктын жарандарына каршы акыркы чабуулу кандай болот?

12 Акыркы чабуул. Магок жеринен чыккан Гок майлангандардын калдыгы менен башка койлорго чабуул койгонго аттанат. (Оку: Жезекиел 38:2, 11.) Шайтандын асманда орногон Падышалыкка каршы жүргүзгөн ал согушу анын асмандан куулуп түшүрүлгөндөн бери майлангандардын калдыгына каршы жүргүзүп келаткан согуштарынын акыркысы болот (Аян 12:7—9, 17). Майлангандар калыбына келтирилген жыйналыштарга чогултула баштагандан бери Шайтан Кудайдын элинин ортосундагы сүйүүнү суутууга, биримдикти бузууга канча аракет кылса да, эч кандай ийгиликке жеткен жок (Мт. 13:30). Бирок жалган диндер жок кылынганда, ал «дубалы да, эшиги да, эшик бекиткичи да жок» «коопсуз жашап» жаткандай көрүнгөн Кудайдын элин оңой олжо көрүп, кол салууну көздөйт. Ошентип, бүт колун чогултуп, Падышалыктын жарандарына каршы акыркы чабуулун жасайт.

13. Жахаба элин коргош үчүн эмне кылат?

13 Жезекиел пайгамбар Гог жөнүндө: «Сен өз ордуңдан, түндүктөгү эң алыскы жерлерден, келесиң. Ат минген көптөгөн элдерди, калың топту, сансыз аскерлерди баштап келесиң. Сен жер бетин каптаган булуттай болуп келип,.. элиме сөзсүз каршы чыгасың»,— деген (Жез. 38:15, 16). Сүрдүү көрүнгөн ал калың колго каршы Жахаба эмне кылат? Ал: «Каарым кайнайт... Мен Гокко каршы... кылыч чакырам»,— дейт. (Жез. 38:18, 21; оку: Закарыя 2:8.) Жахаба жердеги кызматчыларын коргош үчүн Армагедон согушун баштайт.

14, 15. Шайтандын акыркы чабуулу башталгандан кийин кайсы окуя болот?

14 Жахабанын бизди Армагедондо кантип коргой турганын билгенге чейин, келгиле, 11-абзацта айтылган дагы бир маанилүү окуяга токтололу. Ал окуя Шайтандын акыркы чабуулунун башталышы менен Армагедондун башталышынын ортосунда болот. Ушул убакыт аралыгында жерде жашап жаткан майлангандардын калдыгы асманга чогултулат.

15 Майлангандарды асманга чогултуу. Иса Машаяктын «тандалгандар», башкача айтканда, ыйык рух менен майланган жолдоочулары жөнүндө айтканын Матай да, Марк да жазган. Бул пайгамбарлык Армагедондун алдында боло турган окуялардын бири болуп эсептелет (7-абзацты карагыла). Машаяк өзүн Падыша катары сыпаттап: «Ал периштелерин жиберип, төгөрөктүн төрт бурчунан, жердин бир учунан асмандын бир учуна чейин анын тандагандарын чогултат»,— деген пайгамбарлыкты айткан (Мр. 13:27; Мт. 24:31). Машаяк кайсы убак тууралуу айткан? Ал улуу алаамат башталар алдында майланган калдыкка акыркы мөөр басыла турган убак жөнүндө айткан эмес (Аян 7:1—3). Ал улуу алаамат учурундагы окуя жөнүндө айткан. Кыязы, дагы деле жерде жашап жаткан майлангандар Шайтандын Кудайдын элине жасаган акыркы чабуулу башталгандан кайсы бир убакыт өткөндөн кийин асманга чогултулат.

16. Майлангандар Армагедонго кандайча катышат?

16 Майлангандардын калдыгынын чогултулушу менен Армагедондун кандай байланышы бар? Майлангандардын калдыгы Шайтандын Кудайдын элине жасаган акыркы чабуулу башталгандан кийин асманга чогултула турган болсо, анда алар Армагедонго чейин асманда болуп калат деп жыйынтык чыгарсак болот. Ошондо Машаяк асманга чогулган 144 000 падышага бардык душмандарды «темир таяк менен» талкалап, жок кылууга бийлик берет (Аян 2:26, 27). Андан соң тирилген майлангандар Жеңилбес Падыша — Иса Машаяк — жетектеген кубаттуу периштелер менен бирге Жахабанын элин курчап алган душмандын «сансыз аскерине» каршы чыгышат (Жез. 38:15). Так ошондо чоң салгылаш, Армагедон, башталат! (Аян 16:16).

Улуу алаамат жетер чегине жеткенде...

Армагедон башталды!

17. Армагедондо «эчкилер» эмне болушат?

17 Сот өкүмүн ишке ашыруу. Армагедон согушунда улуу алаамат жетер чегине жетет. Ошол учурда Машаяк дагы бир ишти аткарат. Ал «бүт элдердин» Соту болгондон тышкары, мурунураак «эчки» катары соттолгондорго чыгарылган өкүмдү да ишке ашырат (Мт. 25:32, 33). Ооба, Падышабыз «узун курч кылыч» менен «элдерди кырат». «Эчкилердин» баары — «падыша» болобу, «кул болобу» — «түбөлүккө жок кылынат» (Аян 19:15, 18; Мт. 25:46).

18. а) «Койлор» эмне болушат? б) Машаяк согушту кантип бүтүрөт?

18 Ал эми «койлор» эмне болот? Эбегейсиз көп адамдар — оңой эле басып алса болчудай көрүнгөн «койлор» — Шайтандын «эчкилерден» турган сансыз аскеринин тебелендисинде калбай, «улуу алааматтан аман өтүшөт» (Аян 7:9, 14). Андан соң Машаяк Кудайдын Падышалыгына каршы чыккан адамдардын баарын жок кылып, Шайтан менен жиндерди түпсүз туңгуюкка ыргытат. Ал жерде алар 1 000 жыл бою өлгөндөгүдөй абалда болушат. (Оку: Аян 6:2; 20:1—3.)

Канткенде даяр турабыз?

19, 20. Ышая 26:20 жана 30:21де жазылгандардан эмнеге үйрөнө алабыз?

19 Дүйнөнү солкулдата турган окуяларга кантип даярдансак болот? Бир нече жыл мурун «Күзөт мунарасында»: «Куткарыларыбыз баш ийүүдөн көз каранды»,— делген. Мунун маанилүүлүгү Жахабанын байыркы Бабылда туткунда жүргөн жүйүттөргө берген эскертүүсүнөн көрүнүп турат. Жахаба Кудай Бабыл державасынын кулаарын алдын ала айткан, бирок жүйүттөр ага канткенде даяр болмок? Ал: «Бар, элим, төркү бөлмөлөрүңө кирип, артыңан эшикти жаап ал. Каар басылгыча, бир азга жашына тур»,— деген (Ыш. 26:20). «Бар», «кир», «жаап ал», «жашын» деген сөздөрдүн буйрук иретинде жазылганына көңүл бурсаңар. Жүйүттөр буйрукка кулак кагып, шаарды басып алганы келген жоокерлердин көзүнө урунбай, үйлөрүндө отурушу керек болчу. Алар Жахабанын буйругуна баш ийгенде гана аман калышмак b.

20 Биз мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Жакында боло турган алааматтан аман өтүш үчүн, Жахабанын байыркы элиндей эле, анын көрсөтмөлөрүнө баш ийишибиз керек (Ыш. 30:21). Ал көрсөтмөлөр бизге жыйналыш аркылуу берилет. Андыктан жыйналыштан берилген көрсөтмөлөргө баш ийүүгө үйрөнө бергенибиз маанилүү (1 Жкн. 5:3). Эгер азыртадан ушундай кыла берсек, келечекте бериле турган көрсөтмөлөргө баш ийүү оңой болот. Ошондо Жахаба Атабыз менен Падышабыз Иса Машаяк бизди коргойт (Сеп. 2:3). Кудайдын канатынын астында болсок, Падышабыздын душмандарды жер менен жексен кылганын өз көзүбүз менен көрө алабыз. Ооба, бизди алдыда жүрөк толкутарлык окуялар күтүп турат!

a «Улуу Бабылдын» кулашы бардык динчил адамдардын эмес, диний уюмдардын жок кылынышын билдирет деп тыянак чыгаруу акылга сыярлык. Мурун Бабылды колдоп жүргөндөрдүн көбү анын кулаганын көргөндө, Закарыя 13:4—6-аяттарда айтылгандай, кыязы, динден ачык эле баш тартышат.

b Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ышаянын пайгамбарлыгы — бүт адамзат үчүн жарык» (1-том) деген китептин 282, 283-беттерин карагыла, ор.