Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Солдо: Ишенимдешибиз Рутерфорддун баяндамасын угузуп жатат, Алабама (АКШ), 1930-жылдардын аягы. Оңдо: Швейцария

1-БӨЛҮК

Падышалык жөнүндөгү чындык. Кудай жөнүндөгү билимдин таралышы

Падышалык жөнүндөгү чындык. Кудай жөнүндөгү билимдин таралышы

ЫЙЫК КИТЕПТИ изилдеп жаткан кишинин кайсы бир аяттын маанисин түшүнгөндө, көздөрү жайнай түшкөнүн элестетсең. Анан бир аздан кийин: «Биз ушул эле жер бетинде Бейиште түбөлүк жашайт турбайбызбы!» — деп таң калат. Окутуп жаткан бир туугандын шериги ага: «Ооба, Ыйык Китепте так ушинтип жазылган»,— дейт. Ал уккан кулагына ишене албай: «Мындайды деле угуп көрбөптүрмүн!» — дейт. Анын бир нече жума мурун эле Кудайдын аты Жахаба экенин билгенде ушу сыяктуу сөздөрдү айтканы дароо эле бир туугандын эсине түшөт.

Сенде да ушундай окуялар болду беле? Көптөрдө болгон. Ушу сыяктуу окуяларды укканда бизге Кудай жөнүндөгү чындыкты билүү сыймыгы ыйгарылганын эстейбиз. Бир саамга токтоп: «Ошол сыймыкка кантип ээ болдум эле?» — деп ойлонуп көрсөң. Бул бөлүктө ушул ойго кененирээк токтолобуз. Кудайдын өз элине Ыйык Китептеги чындыкты акырындык менен ачып берип жатканы — Падышалыктын чынында эле башкарып жатканынын төгүндөлгүс далили. Ооба, жүз жылдан бери асмандагы Падышабыз Иса Машаяк бизге чындыкты терең түшүнүүгө жардам берип келет.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

3-БӨЛҮМ

Жахаба ой-ниетин ачып берип келет

Падышалыкты орнотуу Жахабанын алгачкы ой-ниетине кирген беле? Машаяк Кудайдын Падышалыкка байланыштуу ой-ниетине кантип жарык чачкан?

4-БӨЛҮМ

Жахаба өз ысмын даңазалап жатат

Жахаба Падышалыгы аркылуу өз ысмын кантип даңазалап келет? Кудайдын ысмынын ыйыкталышына кантип салым кошо аласың?

5-БӨЛҮМ

Падыша Падышалыгына жарык чачып жатат

Падышалыкка, анын башкаруучуларына, элине жана берилгендикке байланыштуу маанилүү чындык тууралуу окуп көргүлө.