Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

Төрөлгөнгө чейин эле урмат көрсөтүлүшү

Төрөлгөнгө чейин эле урмат көрсөтүлүшү

ЛУКА 1:34—56

  • МАРИЯМ ТУУГАНЫ ЭЛИЗАБЕТКЕ ЖОЛУГАТ

Жебирейил периште Мариямдын уул төрөөрүн, атын Иса коёрун жана анын Падыша катары түбөлүк бийлик кыларын кабарлаганда, Мариям: «Эркек көрө элек болсом, бул кандайча болот?» — деп сурайт (Лука 1:34).

Периште ага: «Үстүңө ыйык рух түшөт. Сени Эң Жогорку Кудайдын күчү каптайт. Ошондуктан төрөлө турган бала Кудайдын Уулу, ыйык деп аталат»,— деп жооп берет (Лука 1:35).

Анан Мариямга ишенүүгө жардам бериш үчүн мындай дейт: «Мына, төрөбөс аял аталган тууганың Элизабеттин да улгайганда боюна бүтүп, ичиндеги баласына алты ай болуп калды. Ал уул төрөйт. Анткени Кудайдын бир да сөзү аткарылбай калбайт» (Лука 1:36, 37).

Ошондо Мариям периштенин айтканына ишенип: «Мен Жахабанын кулумун! Мен жөнүндө эмне деп айтсаң, ошонун баары аткарылсын»,— дейт (Лука 1:38).

Жебирейил периште кеткенден кийин, Мариям Жүйүт жеринин тоолуу аймагында, Иерусалимге жакын жерде жашаган тууганы Элизабетке барууга камдана баштайт. Назарет шаарынан ал жакка чейин 3-4 күндүк жол жатат.

Ошентип, Мариям Закарыянын үйүнө барат. Босогону аттап, Элизабет менен учурашканда, Элизабет ыйык рухка толуп: «Аялдардын ичинен сен баталуусуң, ичиңдеги балаң да баталуу! Мырзамдын энеси мага келгидей, мен киммин? Сенин саламыңды укканымда, ичимдеги бала кубанганынан туйлап жиберди»,— дейт (Лука 1:42—44).

Ал эми жүрөгү ыраазычылыкка толгон Мариям: «Жаным Жахабаны даңазалайт. Жан дүйнөм Кудайды, Куткаруучумду, ойлоп шаттанат, себеби ал карапайым кулуна назарын салды. Мындан ары бардык муундар мени бактылуу дешет, анткени Кудуреттүү Кудай мен үчүн улуу иштерди жасады»,— дейт. Кудай ага зор ырайым көрсөтсө да, бүт даңкты Жахабага ыйгарганын байкасаң. Ал: «Анын ысмы ыйык. Ал Өзүнөн корккондорго муундан муунга кайрымдуулук кылат»,— деп айтат (Лука 1:46—50).

Мариям ыйык рухтун жетеги менен Жахабаны андан ары мындай деп даңазалайт: «Ал өз колу менен кереметтерди жасады, жүрөгү текеберлерди чачыратып жиберди. Бийлиги барларды тактыларынан түшүрүп, карапайымдарды жогору көтөрдү. Ачкаларга ырыскыны мол берди, байларды болсо куру кол кетирди. Убадасын унутпаганын көрсөтүш үчүн, кызматчысы Ысрайылга жардамга келди. Анткени ал ата-бабаларыбызга Ыбрайым менен анын тукумдарына түбөлүккө кайрымдуулук кыларын убадалаган болчу» (Лука 1:51—55).

Мариям Закарыяныкында 3 айдай болуп, төрөөрүнө аз калган Элизабетке жардам берсе керек. Кудайдын батасы менен кош бойлуу болгон ишенимдүү эки аялдын ушундай өзгөчө убакта чогуу болуп, бири-бирин колдогону кандай гана жакшы болгон!

Иса Машаякка төрөлгөнгө чейин эле урмат көрсөтүлгөнүнө көңүл бурсаң. Элизабет аны «Мырзам» деп атап, Мариям кирип келгенде, ичиндеги баласынын «кубанганынан туйлап жибергенин» айткан. Кийинчерээк биле турганыбыздай, бул башкалардын Мариямга жана анын төрөлө турган баласына кылган мамилесинен аябай эле айырмаланган.