Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

Жол даярдай турган кишинин төрөлүшү

Жол даярдай турган кишинин төрөлүшү

ЛУКА 1:57—79

  • ЧӨМҮЛДҮРҮҮЧҮ ЖАКАНДЫН ТӨРӨЛҮШҮ ЖАНА АГА АТ КОЮЛУШУ

  • ЗАКАРЫЯ ЖАКАНДЫН КАНДАЙ ИШ АТКАРАРЫН АЛДЫН АЛА АЙТАТ

Элизабеттин ай-күнүнө жетип калды. 3 ай бою анын тууганы Мариям жанында болду. Эми Мариямга аны менен коштошуп, түндүккө, Назаретке, кайтууга убакыт келди. Буюрса, анын да уулдуу болоруна 6 айдай калды.

Мариям кеткенден көп өтпөй эле Элизабет төрөйт. Ырас, ал аман-эсен көз жарып алды, баласынын да дени сак. Ымыркайын кошуна-колоңдоруна, тууган-туушкандарына көрсөткөндө, алар да кубанычына ортоктош болушат.

Кудайдын ысрайыл элине берген Мыйзамында эркек баланы сегизинчи күнү сүннөткө отургузуп, ат коюу керектиги айтылган (Лебилер 12:2, 3). Айрымдар ага атасы Закарыянын ысмы коюлушу керек деп ойлошкон. Бирок баланын энеси: «Жок, атын Жакан коёбуз»,— деп макул болбой коёт (Лука 1:60). Жебирейил периштенин баланын аты Жакан болушу керектигин айтканын эстесең.

Ошондо туугандары, кошуналары: «Туугандарыңдын арасында мындай аты бар эч ким жок го»,— дешет (Лука 1:61). Анан атасынан ага кандай ат койгусу келерин жаңдап сурашканда, ал тактайча сурап: «Аты — Жакан»,— деп жазат (Лука 1:63).

Ошол замат Закарыяга керемет жолу менен тил бүтөт. Периште уулдуу болорун айтканда, анын ишенбей койгону үчүн тилден калганы эсиңде чыгар. Эми болсо Закарыя сүйлөй баштаганда, эл таң калып: «Бул бала ким болор экен?» — деп өздөрүнчө күбүр-шыбыр (Лука 1:66). Эл Жакандын аты Кудайдын жетеги менен коюлганын түшүнөт.

Закарыя ыйык рухка толуп: «Ысрайылдын Кудайы Жахабага даңк! Анткени ал өз элине назарын салып, куткарып алды. Өзүнүн кызматчысы Дөөтүнүн тукумунан бизге куткаруу мүйүзүн берди»,— деп айтат (Лука 1:68, 69, шилтеме). «Куткаруу мүйүзү» төрөлө турган Иса Машаяк болмок. Закарыя Жахаба Кудайдын Машаяк аркылуу өз элин душмандарынын «колунан куткаргандан кийин», аларды «өмүр бою берилгендик, адилдик менен тайманбай ыйык кызмат кылуу сыймыгына ээ кыларын» айтат (Лука 1:74, 75).

Ал эми уулу жөнүндө мындай пайгамбарлык айтат: «Сен болсо, балам, Эң Жогорку Кудайдын пайгамбары деп аталасың, анткени Жахабанын алдында барып, анын жолдорун даярдайсың, Кудайдын элине Анын улуу боорукердигинин аркасында күнөөлөрү кечирилип, куткарылууга жол ачыларын жар саласың. Ушул боорукердиктин аркасында бизге жогорудан таң жарыгы келип, караңгылыкта жана өлүм көлөкөсүндө отургандарга жарык чачат, бутубузду тынчтык жолуна багыттап, ал жолдо бизге батасын берет» (Лука 1:76—79). Закарыя кандай гана бекемдээрлик сөздөрдү айткан!

Ал ортодо күйөөгө чыга элек Мариям Назаретке кайтып келет. Боюнда бар экени билине баштаганда эмне болот болду экен?