Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

Иса каякта жана качан төрөлгөн?

Иса каякта жана качан төрөлгөн?

ЛУКА 2:1—20

  • ИСА БЕТЛЕХЕМДЕ ТӨРӨЛӨТ

  • КОЙЧУЛАР ЫМЫРКАЙ ИСАГА БАРЫШАТ

Рим империясынын императору Цезарь Август бүт элге каттоодон өтүшүн буйруйт. Ошондуктан Жусуп менен Мариямга Иерусалимдин түштүгүндөгү киндик каны тамган Бетлехем шаарына барууга туура келет.

Каттоодон өткөнү Бетлехемге келген эл быкылдайт. Түнөгөнгө жай таппай, Жусуп менен Мариям малканага токтошот. Так ошол жерден Иса төрөлөт. Мариям аны жалаякка ороп, акырга жаткырат.

Цезарь Август ушул мыйзамды Кудайдын жетеги менен чыгарган көрүнөт. Эмне үчүн ушинтип айтууга болот? Анткени Иса ата-бабаларынан болгон Дөөтү падыша туулган Бетлехемде төрөлүшү керек эле. Ыйык Жазмада кылымдар мурун эле ушул шаарда Башкаруучу төрөлөрү айтылган болчу (Микей 5:2).

Ооба, Исанын төрөлүшү адамзат тарыхындагы маанилүү окуя болгон. Ошол түнү талаада койчулар малын күзөтүп жүргөндө, айлана Жахабанын даңкынан жаркырай түшөт. Анан Кудайдын периштеси пайда болуп, койчуларга: «Коркпогула. Мен силерге элдин баарына чоң кубаныч тартуулай турган жакшы кабар жарыялаганы келдим. Бүгүн Дөөтүнүн шаарында Куткаруучуңар, Мырзаңар Машаяк төрөлдү. Ымыркайды жалаякка оролуп, акырда жаткан жеринен табасыңар. Аны ушундан билесиңер»,— дейт. Андан соң капысынан ошол периштенин жанына көп сандаган периштелер пайда болуп, Кудайды: «Эң жогорудагы Кудай даңкталсын! Жер үстүндө, анын ырайымына ээ болгондордун арасында тынчтык болсун!» — деп даңктай башташат (Лука 2:10—14).

Периштелер асманга көтөрүлүп кеткенде, койчулар бири-бирине: «Жүргүлө, батыраак Бетлехемге баралы. Жахабанын бизге айтканы боюнча, ал жерде эмне болгонун көрөлү»,— дешет (Лука 2:15). Анан шаарга чуркап барып, периште айткан жерден жаңы төрөлгөн Исаны табышат. Алар күбө болгон укмуштуудай окуяны айтып беришкенде, баары айран таң калышат. Мариям болсо ар бир сөздү кунт коюп угуп, көкүрөгүнө түйүп алат жана болуп өткөн окуялар тууралуу терең ой жүгүртөт.

Көптөр Иса Машаякты 25-декабрда төрөлгөн деп эсептешет. Бирок Бетлехемде декабрь айы, адатта, суук жана жаанчыл болгон. Айрым учурларда кар жаачу. Ал жакта жашаган койчулардын жылдын ошол мезгилинде койлору менен талаада түнөшү күмөн. Анын үстүнө, Рим императору көтөрүлүш чыгарайын деп араң турган элден кыштын кыраан чилдесинде каттоодон өтүшүн талап кылмак эмес. Андыктан Иса Машаяк, калыбы, октябрда төрөлгөн.