Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

Назарет шаарында чоңоюп-өсүшү

Назарет шаарында чоңоюп-өсүшү

МАТАЙ 13:55, 56; МАРК 6:3

  • ЖУСУП МЕНЕН МАРИЯМДЫН БАШКА ДА БАЛДАРЫ ТӨРӨЛӨТ

  • ИСА ЖЫГАЧ УСТАЛЫКТЫ ӨЗДӨШТҮРӨТ

Иса чакан, анча белгилүү эмес Назарет шаарында чоңоюп-өсөт. Ал шаар Жүйүт жеринин түндүгүндөгү Галилея деп аталган тоолуу аймакта жайгашкан. Назареттин чыгышында Галилея деңизи деп белгилүү болгон чоң көл бар.

Кыязы, Иса экиге чыкканда, Жусуп менен Мариям Мисирден көчүп келишкен. Ошол маалда алардын Исадан башка баласы жок болгон көрүнөт. Бирок кийинчерээк Жакып, Жусуп, Симон жана Жүйүт деген уулдары төрөлгөн. Алардын кыздары да болгон. Ошентип, Исанын, бери дегенде, 6 бир тууганы болгон.

Албетте, Исанын башка да туугандары болгон. Буга чейин Элизабет менен анын уулу Жакан жөнүндө окуганбыз. Алар тээ түштүктө, Жүйүт жеринде, жашашат. Мариямдын, кыязы, Саломе деген бир тууганы бар. Ал Галилеяга жакын жерде жашайт. Саломе — Исанын таежеси. Анын күйөөсүнүн аты — Зебедей. Алардын Жакып, Жакан деген эки уулу Исанын бөлөлөрү болгон көрүнөт. Иса кичинекей кезинде алар менен канчалык көп убакыт өткөргөнүн так билбейбиз, бирок ал экөө кийин Исанын жакын достору жана элчилери болушат.

Бала-бакырасын багыш үчүн Жусуп кара жанын карч уруп иштейт. Ал — жыгач уста. Жусуп Исаны өз баласындай көрүп чоңойткондуктан, эл аны «жыгач устанын... уулу» деп атай турган (Матай 13:55). Ал уулуна жыгач усталык өнөрдү үйрөтөт. Иса болсо атасынын ар бир сөзүн илип алып, мыкты уста болуп чыга келет. Ошондуктан кийинчерээк эл ичинде Иса жөнүндө: «Бул жыгач уста эмеспи?» — деген сөздөр айтыла баштайт (Марк 6:3).

Жусуптун үй-бүлөсүндө Жахабага сыйынуу негизги орунда турган. Жусуп менен Мариям, Мыйзамда айтылгандай, балдарына үйдө отурганда да, жолдо баратканда да, жатканда да, турганда да Кудай жөнүндө талыкпай билим беришчү (Мыйзам 6:6—9). Назаретте синагога да бар болчу. Жусуптун бүт үй-бүлөсүн Кудайга сыйынуу үчүн ал жерге алып барып турганы шексиз. Анткени кийинчерээк Иса Машаяктын «ишемби күнү адатынча синагогага киргени» айтылган (Лука 4:16). Алар Жахабанын Иерусалимдеги ибадатканасына жыл сайын барганды да жакшы көрүшчү.