Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын чөмүлүшү

Иса Машаяктын чөмүлүшү

МАТАЙ 3:13—17; МАРК 1:9—11; ЛУКА 3:21, 22; ЖАКАН 1:32—34

  • ИСА ЧӨМҮЛҮП, МАЙЛАНАТ

  • ЖАХАБА ИСАНЫ УУЛУМ ДЕП ЖАРЫЯЛАЙТ

Чөмүлдүрүүчү Жакандын кабар айтып жүргөнүнө 6 айдай болду. Иордан дарыясынын жанында жүргөндө ага 30 жаштарга чыгып калган Иса келет. Кандай максат менен? Ал ага жөн эле ал-жайын сураш үчүн же кабар айтуу иши кандай жүрүп жатканын билиш үчүн келген жок. Иса Жаканга чөмүлүш үчүн келди.

Бирок Жакан аны токтотууга аракеттенип: «Сен мага чөмүлтүлүш үчүн келатасыңбы? Мен сени эмес, сен мени чөмүлтүшүң керек да!» — дейт (Матай 3:14). Анткени ал Исанын Кудайдын өзгөчө Уулу экенин жакшы билет. Исаны боюнда көтөрүп жүргөн Мариям Элизабетке барганда, энесинин курсагында жаткан Жакандын кубанганынан туйлап жибергенин эстесең. Кийинчерээк Элизабеттин ага ушул жөнүндө айтып бергени шексиз. Жакан Жебирейил периштенин Исанын жарык дүйнөгө келерин алдын ала айтканын жана Иса төрөлгөн түнү көп сандаган периштелердин койчуларга көрүнгөнүн да укса керек.

Жакан күнөөлөрү үчүн өкүнгөн кишилер гана чөмүлүшү керектигин билет. Ал эми Иса эч качан күнөө кетирген эмес. Бирок Жакандын каршы болгонуна карабай, Иса: «Мага жолтоо болбо, анткени адил иштердин баарын ушинтип аткарышыбыз керек»,— деп жооп берет (Матай 3:15).

Иса эмне себептен чөмүлөт? Ал күнөөлөрү үчүн өкүнгөнүн көрсөтүш үчүн эмес, өмүрүн Атасынын эркин аткарууга арнай турганын далилдеш үчүн чөмүлөт (Еврейлер 10:5—7). Иса мурда жыгач уста болсо, эми асмандагы Атасы тапшырган ишти аткарууга убакыт келип жетти. Кандай деп ойлойсуң, Исаны чөмүлтүп жатканда Жакан адаттан тышкары бир нерсе болот деп күттү беле?

Ооба, анткени ал: «Мени элди сууга чөмүлдүрүүгө жибергендин өзү: „Ыйык рухтун асмандан түшүп, кимге конгонун көрсөң, ыйык рух менен чөмүлдүрүүчү — ошол“,— деп айткан»,— деген болчу (Жакан 1:33). Бул сөздөрдөн чөмүлгөнү келгендердин бирине Кудайдын ыйык руху түшөрүн билгени көрүнүп турат. Ошондуктан Иса суудан чыкканда, асман ачылып, «Кудайдын рухунун Исага көгүчкөндөй болуп түшүп келатканын көргөндө» ал таң калган эмес (Матай 3:16).

Андан соң дагы бир нерсе болот: Жакан асмандын ачылганын көрөт. Бул эмнени билдирген? Кыязы, ошондо Иса асмандагы жашоосун эстесе керек. Ошентип, ал Жахабанын рухий Уулу катары асманда жашаганын, Кудайдын ага жерге келгенге чейин эмнелерди үйрөткөнүн эстейт.

Мындан сырткары, асмандан: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм»,— деген үн угулат (Матай 3:17). Бул Исанын үнү эмес болчу, анткени ал Жакандын жанында турган. Ал Кудайдын үнү болчу. Ооба, Иса — Кудай эмес, анын Уулу.

Түпкү атабыз Адам атадай эле, Исанын да Кудайдын уулу болгону көңүлгө аларлык. Шакирт Лука Исанын чөмүлгөнү жөнүндө жазгандан кийин: «Иса кызматын баштаганда отуз жаштарда эле. Эл ойлогондой, ал Жусуптун, Элинин,.. Дөөтүнүн,.. Ыбрайымдын,.. Нухтун,.. Адамдын, Кудайдын уулу болгон»,— деген (Лука 3:23—38).

Ооба, Адам атадай эле, Иса «Кудайдын уулу» болгон. Чөмүлгөндөн кийин ал Кудайдын рухий Уулу болуп калган жана аны менен өзгөчө мамиледе боло баштаган. Ошондуктан Машаяк элге Кудай жөнүндө билим берип, өмүр жолун көрсөтө алган. Чөмүлгөндөн баштап анын жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. Кийинчерээк ал күнөөкөр адамзат үчүн өз өмүрүн курмандык катары бермек.