Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-БӨЛҮМ

Биринчи кереметин жасашы

Биринчи кереметин жасашы

ЖАКАН 2:1—12

  • КААНА ШААРЫНДАГЫ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮ

  • ИСА МАШАЯК СУУНУ ШАРАПКА АЙЛАНТАТ

Натанаелдин Машаяктын шакирти болгонунан 3 күн өттү. Машаяк бир нече шакирти менен түндүктү көздөй, алар туулуп-өскөн Галилеяга, жөнөйт. Алардын бараткан жери — Натанаел төрөлгөн Каана шаары. Каана Иса пайгамбар чоңойгон Назареттин түндүгүндөгү адырлуу жерде жайгашкан. Алар үйлөнүү тоюна чакырылган.

Тойго Мариям да барган эле. Ал той берип жаткандардын жакын санаалашы болгондуктан кол кабыш кылып жүрсө керек. Ошондуктан тойдо эмне жетишпей жатканын дароо байкап, уулуна: «Шарабы түгөнүп калыптыр»,— дейт (Жакан 2:3).

Чынында, ал уулунун бир нерсе кылышы керектигин айткысы келген. Уулу ага: «Эмне кылышымды каалайсың?» — дейт (Жакан 2:4). Түп нускада бул сөздөр: «Аял, экөөбүздүн буга кандай тиешебиз бар?» — деген маанини туюнтат. Мындан энесинин айтканын Иса Машаяк туура көрбөгөнүн билүүгө болот. Бирок ал сөздөр жумшактык менен айтылган. Ал Кудай дайындаган Падыша болгондуктан, ага асмандагы Атасынан башка эч кимдин: бир туугандарынын да, досторунун да кызматын мындай же тигиндей аткарышы керектигин айтууга укугу жок болчу. Мариям акылдуулук кылып, баарын уулуна коёт да, кызмат кылып жүргөндөргө: «Ал силерге эмне десе, ошону кылгыла»,— дейт (Жакан 2:5).

Ал жерде 40 литрден ашык суу баткан 6 таш кумура бар болчу. Машаяк тойдо кызмат кылып жүргөндөргө: «Кумураларга суу толтургула»,— дейт. Анан: «Эми бир аз сузуп алып, той башыга алып баргыла»,— деп айтат (Жакан 2:7, 8).

Той башы шараптын мыкты экенин айтат. Бирок ал анын керемет жолу менен жасалганын билген эмес. Ошондуктан той ээсине: «Ким болбосун, адегенде жакшы шарапты берет, ал эми коноктор кызып калганда, начарыраагын берет. Сен болсо жакшысын ушул убакка чейин сактап коюптурсуң»,— дейт (Жакан 2:10).

Бул — Машаяктын биринчи керемети. Ошондо шакирттердин ага болгон ишеними ого бетер бекемделет. Машаяк тойдон кийин апасы, инилери менен Галилея деңизинин түндүк-батышындагы Капернаумга жөнөйт.