Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-БӨЛҮМ

Машаяктын зоболосу көтөрүлөт

Машаяктын зоболосу көтөрүлөт

МАТАЙ 4:12; МАРК 6:17—20; ЛУКА 3:19, 20; ЖАКАН 3:22—4:3

  • ИСА МАШАЯКТЫН ШАКИРТТЕРИ ЭЛДИ ЧӨМҮЛТӨТ

  • ЧӨМҮЛДҮРҮҮЧҮ ЖАКАН КАМАККА АЛЫНАТ

Биздин замандын 30-жылы жазында өткөрүлгөн Пасах майрамынан кийин Иса Машаяк шакирттери менен Иерусалимден кетет. Бирок алар түз эле мекени болгон Галилеяга барышпайт. Алар Жүйүт жериндеги бир айылга барып, ал жерден көп кишилерди чөмүлтүшөт. Чөмүлдүрүүчү Жакан ушул ишти бир жылга жакын убакыттан бери аткарып келатат. Айрым шакирттери аны дагы деле коштоп жүрүшөт. Жакан ошол учурда элди, кыязы, Иордан дарыясынын өрөөнүндө чөмүлтүп жүргөн.

Иса Машаяк болсо эч кимди чөмүлткөн эмес. Элди анын жетекчилиги астында шакирттери чөмүлтүп жатышат. Ошол убакта Иса Машаяк өзү да, Жакан да Мыйзам келишимине каршы күнөө кылганы үчүн өкүнгөн жүйүттөрдү окутуп жүрүшкөн (Элчилер 19:4).

Жакандын шакирттери ичи тардык кылып: «Устат, карасаң,.. сага келген... киши [Иса Машаяк] элди чөмүлдүрүп жүрөт. Ага баары барып жатат»,— деп нааразычылыгын билдиришет (Жакан 3:26). Бирок Жакан Иса Машаякка ичи тардык кылбайт. Ал көптөрдүн Иса пайгамбардын шакирти болуп жатканына сүйүнүп, өзүнүн шакирттеринин да анын жолун жолдошун каалайт. Жакан аларга: «„Мен Машаяк эмесмин, бирок анын алдынан жиберилгем“,— деп айтканымды өзүңөр айтып жатпайсыңарбы»,— деп айтат. Анан түшүнүктүү болуш үчүн мындай мисал айтат: «Колукту күйөөгө таандык. Бирок күйөө жолдош жанында турган досунун үнүн угуп, абдан кубанат. Менин да кубанычым койнума батпай турат» (Жакан 3:28, 29).

Жакан бир нече ай мурун шакирттерин Иса Машаяк менен тааныштырганда эле, күйөө жолдоштой болуп, кубанган. Алардын айрымдары убакыттын өтүшү менен Иса Машаяктын жолдоочусу болуп, ыйык рух менен майланышмак. Жакан учурда аны ээрчип жүргөн шакирттеринин да Иса Машаяктын жолдоочусу болушун каалайт. Негизи, Жакандын максаты Машаякка жол даярдоо болчу. Ошондуктан ал: «Машаяктын зоболосу көтөрүлүп, меники төмөндөшү керек»,— дейт (Жакан 3:30).

Иса Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын бири болгон башка Жакан кийинчерээк анын кайдан келгени, адамзатты куткарары жөнүндө мындай деп жазган: «Жогорудан келген баарынан жогору... Атасы Уулун жакшы көрөт, ошондуктан ага бардыгын берген. Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот. Ал эми ким ага баш ийбесе, өмүргө ээ болбойт; ал Кудайдын каарына калат» (Жакан 3:31, 35, 36). Ооба, бул — адамдар билиши керек болгон маанилүү чындык.

Чөмүлдүрүүчү Жакандын зоболосу төмөндөөрүн, тапшырылган иши соңуна чыгарын айткандан көп өтпөй эле Ирод падыша аны камакка алат. Эмне үчүн? Ирод өз бир тууганы Филиптин аялы Иродияга үйлөнүп алган эле. Алардын бул иши ойноштукка жаткандыктан, Жакан аларды эл алдында айыптап жүрчү. Жакандын камакка алынганын укканда Иса Машаяк шакирттери менен Жүйүт аймагынан Галилеяга кетип калат (Матай 4:12; Марк 1:14).