Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-БӨЛҮМ

Самариялык аялга кабар айтышы

Самариялык аялга кабар айтышы

ЖАКАН 4:3—43

  • ИСА МАШАЯК САМАРИЯЛЫК АЯЛГА ЖАНА БАШКАЛАРГА КАБАР АЙТАТ

  • КУДАЙГА ЖАККАН СЫЙЫНУУ

Иса Машаяк шакирттери менен Жүйүт аймагынан түндүктөгү Галилеяга баратып Самарияны аралап өтөт. Алар жол жүрүп аябай чарчашат. Бир аз эс алыш үчүн түшкө жакын Сихар шаарынын жанына токтошот. Ал жерде бир нече кылым мурун Жакып пайгамбар, кыязы, өзү казган же башкаларды жалдап каздырган кудук бар эле. Биздин күндөрдө ошол сыяктуу кудукту Наблус шаарынын жанынан тапса болот.

Шакирттери шаардан жегенге бир нерсе сатып келгиче, Машаяк кудуктун жанында эс алып отуруп калат. Ошол маалда самариялык бир аял суу алганы келет. Иса пайгамбар ага: «Ичкенге суу берчи»,— дейт (Жакан 4:7).

Жүйүттөр менен самариялыктар эзелтеден бери эле бири-бирин жек көргөндүктөн мамилелешчү эмес. Ошондуктан самариялык аял аябай таң калып: «Жүйүт болуп туруп самариялык аялдан суу сураганың кандай?» — деп сурайт. Иса пайгамбар: «Эгерде Кудайдын белеги эмне экенин жана сага: „Ичкенге суу берчи“,— деп ким айтып жатканын билсең, өзүң андан суу сурамаксың. Ал сага өмүр суусун бермек»,— деп жооп берет. Аял: «Мырзам, суу сузуп алгыдай чакаң да жок экен, кудук болсо терең. Анан өмүр суусун сен кайдан алмак элең? Бизге ушул кудукту калтырган жана мындан өзү да, балдары да, малы да суу ичкен атабыз Жакыптан да чоңсуңбу?» — дейт (Жакан 4:9—12).

Буга Иса Машаяк: «Бул суудан ичкен киши кайра эле суусайт. Ал эми ким мен берген суудан ичсе, эч качан суусабайт. Мен берген суу анын ичинде түбөлүк өмүр бере турган оргуштаган булакка айланат»,— деп жооп берет (Жакан 4:13, 14). Ооба, ал чарчап турганына карабай самариялык аялга түбөлүк өмүргө ээ кыла турган чындыкты ачып берген.

Ошондо аял: «Мырзам, суусабашым үчүн жана бул жерге кайра-кайра келе бербешим үчүн, ошол суудан берчи»,— дейт. Иса пайгамбар сөздүн нугун буруп: «Барып, күйөөңдү чакырып кел»,— деп айтат. «Менин күйөөм жок»,— деп жооп берет аял. Пайгамбар: «„Күйөөм жок“,— деп туура айттың. Анткени сенин беш күйөөң болгон. Азыр сени менен жашап жаткан киши күйөөң эмес»,— деп айтат (Жакан 4:15—18).

Ал аял Иса пайгамбардын баарын туура айтканына таң берип: «Мырзам, сен пайгамбар окшойсуң»,— дейт. Анан Кудайга сыйынууга абдан кызыкдар экенин көрсөтүп, мындай дейт: «Биздин ата-бабаларыбыз [самариялыктар] бул тоодо [Гаризим тоосунда] сыйынышчу, силер болсо [жүйүттөр] Кудайга сыйына турган жай Иерусалимде дейсиңер» (Жакан 4:19, 20).

Бирок Иса Машаяк Кудайга сыйына турган жердин өзү маанилүү эмес экенин түшүндүрүп: «Адамдар Атама бул тоодо да, Иерусалимде да сыйынбай турган убак келет... Атама ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйына турган убак келет, ал тургай, келип да калды. Анткени Атам өзүнө ошондой сыйынуучуларды издейт»,— дейт (Жакан 4:21, 23, 24).

Жахаба үчүн чыныгы кызматчыларынын каякта сыйынары эмес, кантип сыйынары маанилүү. Аял таасирленип: «Машаяк деп аталган бирөөнүн келерин билем. Ал келгенде бизге баарын айтып берет»,— дейт (Жакан 4:25).

Ошондо Иса Машаяк: «Сен дал ошонун өзү менен сүйлөшүп турасың»,— деп маанилүү чындыкты айтат (Жакан 4:26). Ал чак түштө сууга келген самариялык аялга аябай жакшы мамиле кылган. Анан ага, калыбы, буга чейин эч кимге ачык айта элек нерсени — өзүнүн Машаяк экенин — ачып берген.

САМАРИЯЛЫКТАР ИШЕНИП КАЛЫШАТ

Сихардан тамак-аш алып келген шакирттер Иса пайгамбардын кудуктун жанында самариялык аял менен сүйлөшүп отурганын көрүшөт. Алар келери менен, аял кумурасын таштап, шаарды көздөй жөнөп кетет.

Анан Сихарга барып, Иса Машаяктын сөздөрүн элге төкпөй-чачпай айтып берет. Ал ишенимдүү түрдө: «Жүргүлө, кылган иштеримдин баарын айтып берген кишини көргүлө»,— дейт. Анан: «Машаяк ошол болуп жүрбөсүн?!» — деп элдин бүйүрүн ого бетер кызытат (Жакан 4:29). Эл Муса пайгамбардын күндөрүнөн бери Машаякты күтүп келген болчу (Мыйзам 18:18). Муну укканда шаардын тургундары өз көзү менен көрүш үчүн Иса Машаякка барышат.

Ал ортодо шакирттери Устатынан тамактанып алууну өтүнүшөт. Бирок ал: «Менин силер билбеген тамагым бар»,— дейт. Шакирттери таң калып, бири-бирине: «Ага бирөө тамак алып келип бергенби?» — дешет. Устаты аларга жумшактык менен түшүндүрүп: «Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу жана ал тапшырган ишти аягына чыгаруу»,— деп айтат. Бул сөздөр Кудайдын бардык кызматчылары үчүн зор мааниге ээ (Жакан 4:32—34).

Иса Машаяк жогоруда сөз кылган иш 4 айдай убакыт өткөндөн кийин баштала турган кадимки оруп-жыюу иши эмес, каймана оруп-жыюу иши болчу. Бул анын: «Башыңарды көтөрүп, талаага көз чаптыргылачы; эгин оргонго даяр болуп, бышып калды. Себүүчү менен чогуу кубаныш үчүн, орокчу азыртан эле акысын алып, түбөлүк өмүр үчүн түшүм жыйнап жатат»,— деген сөздөрүнөн көрүнүп турат (Жакан 4:35, 36).

Иса Машаяк самариялык аялга кабар айтканынын натыйжасы жакшы болгонун түшүнсө керек. Сихардын көптөгөн тургундары аялдын: «Ал кылган иштеримдин баарын айтып берди»,— деген сөздөрүнөн улам Иса пайгамбарга ишенип калышат (Жакан 4:39). Андыктан кудукка келип, Иса пайгамбардан шаарда калып, көбүрөөк айтып беришин өтүнүшөт. Ал макул болуп, Самарияда 2 күн болот.

Анын сөзүн угуп, дагы көптөгөн самариялыктар ишенип калышат. Алар аялга: «Биз эми сенин айткандарың боюнча эле ишенип жаткан жокпуз, анткени анын сөзүн өз кулагыбыз менен угуп, анын чын эле дүйнөнүн куткаруучусу экенин билдик»,— деп айтышат (Жакан 4:42). Самариялык аялдан Машаяк жөнүндөгү кабарды кызыктуу кылып айтуу жана элге дагы көбүрөөк билүүгө түрткү берүү жагынан көп нерсени үйрөнө алабыз.

Оруп-жыюуга дагы 4 ай калганын эстесең. Кыязы, ошол аймакта арпаны жазында орушчу. Демек, жогорудагы окуя ноябрда же декабрда болсо керек. Мындан б.з. 30-жылы болгон Пасах майрамынан кийин Иса Машаяк менен анын шакирттеринин Жүйүт аймагында 8 же андан көп ай кабар айтып, элди чөмүлтүп жүрүшкөнүн билүүгө болот. Эми алар түндүктү көздөй, мекени Галилеяга, бет алышат. Алдыда кандай окуялар болот болду экен?