Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-БӨЛҮМ

Назареттеги синагогада

Назареттеги синагогада

ЛУКА 4:16—31

  • ИСА МАШАЯК ЫШАЯ ПАЙГАМБАРДЫН ТҮРМӨГҮНӨН ОКУП БЕРЕТ

  • НАЗАРЕТТИКТЕР ИСА МАШАЯКТЫ ӨЛТҮРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛЫШАТ

Назареттин элин күбүр-шыбыр аралап, өзүнчө эле уу-дуу. Машаяктын чөмүлгөнүнө 1 жылдан бир аз ашты. Буга чейин эл аны жыгач уста катары билчү. Эми болсо ал ажайып иштерди кылган киши катары таанымал. Назареттин тургундары анын кереметтерин көрүүгө куштар.

Иса пайгамбар адатынча синагогага киргенде, эл бир сыйра толкуп барып токтоду. Жүйүттөр синагогада тиленишчү жана Муса пайгамбардын китептерин «ишемби сайын... окушчу» (Элчилер 15:21). Башка пайгамбарлардын жазгандары да окула турган. Иса пайгамбар Кудайдын Сөзүнөн окуп бериш үчүн ордунан туруп, айлананы имере карайт. Көптөрдүн жүзү ага тааныш учурайт. Ага Ышая пайгамбардын түрмөгүн беришкенде, Жахабанын ыйык руху менен майланган кызматчысы жөнүндө жазылган жерин таап, окуп берет. Ошол сөздөрдү бүгүн Ышая 61:1, 2-аяттардан таба алабыз.

Ал жерде Жахаба убада кылган кызматчынын сокурлардын көзүн ачары, туткундарды боштондукка чыгарары, Жахабанын ырайым кылар жылын жарыялаары жазылган эле. Иса пайгамбар окуп бүткөн соң түрмөктү кызматчыга берип, ордуна отурат. Баары аны тигиле карап калышат. Анан пайгамбар ошол сөздөрдү түшүндүрүп бергенден кийин: «Силер эми эле уккан сөздөр бүгүн аткарылды» — деп, маанилүү ойду айтат (Лука 4:21).

Эл анын жагымдуу сөздөрүнө таң калып, бири-биринен: «Бул Жусуптун эле уулу эмеспи?» — деп сурай баштайт. Алар Иса пайгамбардын ажайып иштери жөнүндө угушкандыктан кереметтерди өз көздөрү менен көрүүнү каалашкан. Муну билген пайгамбар: «Албетте, силер: „Дарыгер, өзүңдү айыктыр“,— деген ылакапты мага карата айтасыңар. Ошондой эле: „Капернаумда кылган иштериң жөнүндө уктук. Аларды бул жерде, өз мекениңде да кылчы“,— дейсиңер»,— деп айтат (Лука 4:22, 23). Назареттиктер пайгамбар биринчи кезекте жердештерин айыктырып, аларга жакшылык кылышы керек болчу деп ойлошсо керек. Андыктан аларга Иса пайгамбар назареттиктерди теңине албай койгондой сезилген көрүнөт.

Элдин оюн билген Иса пайгамбар ысрайыл элинин тарыхында болгон окуяларды сөз кылат. Илияс пайгамбардын күндөрүндө Ысрайылда жесирлер көп болсо да, Жахаба пайгамбарын алардын бирине да жиберген эмес. Илияс пайгамбар Сидонго жакын жайгашкан Сарепаттагы жесир аялдыкына барып, уулун тирилтип берген (1 Падышалар 17:8—16). Ал эми Элиша пайгамбардын убагында Ысрайылда пес оорулуулар көп болсо да, пайгамбар сириялык Наамандан башка эч кимди айыктырган эмес (2 Падышалар 5:1, 8—14).

Иса пайгамбар мурун болгон окуяларды мисал кылып, назареттиктерди өзүмчүлдүгү, Кудайга бекем ишенбегени үчүн ашкерелейт. Ошондо алардын каары кайнап, ордуларынан ыргып туруп, Иса пайгамбарды шаардын сыртына сүйрөп жөнөшөт. Алар аны Назарет шаары жайгашкан тоонун кырына алып барып, түртүп жибермекчи болушат. Бирок пайгамбар алардан бошонуп кетип калат да, Галилея деңизинин түндүк-батышындагы Капернаумга бет алат.