Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-БӨЛҮМ

Бүт Галилеяны кыдырып кабар айтышы

Бүт Галилеяны кыдырып кабар айтышы

МАТАЙ 4:23—25; МАРК 1:35—39; ЛУКА 4:42, 43

  • ИСА МАШАЯК ТӨРТ ШАКИРТИ МЕНЕН ГАЛИЛЕЯНЫ КЫДЫРАТ

  • АНЫН КАБАРЫ, ИШТЕРИ ЖӨНҮНДӨ КӨПТӨР УГАТ

Капернаум шаары. Төрт шакиртин ээрчиткен Иса Машаяктын ошол күнү эс алганга чолосу тийген жок. Кечинде шаардын эли анын бут алдына оорулууларды алып келген болчу. Анын жалгыз болууга да мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Ошондуктан ал эрте туруп, таң сүрө электе ээн жерге кетип калат. Анан Атасына ичиндегисинин баарын айтып тиленүүгө тынч жер табат. Бирок мунусу да узакка созулбайт. Анын жок экенин көргөн Петир жанындагылары менен аны издеп жөнөйт. Иса пайгамбар убактылуу анын үйүнө токтогондуктан, аны биринчилерден болуп, сыягы, Петир издеп жөнөсө керек (Марк 1:36; Лука 4:38).

Устатын тапкандан кийин Петир: «Сени баары издеп жүрүшөт»,— дейт (Марк 1:37). Капернаумдун элинин аны эч жакка коё бергиси келбегени айтпаса да түшүнүктүү. Алар анын жакшылыгына чындап эле ыраазы, андыктан «кетирбей алып калууга аракет кылышат» (Лука 4:42). Бирок Иса Машаяк жерге оорулууларды айыктырыш үчүн эле келди беле? Кызматы Капернаум менен эле чектелиши керек беле? Элге эмне деп жооп берет?

Ал шакирттерине: «Башка жактарга, жакын жердеги шаарчаларга да баралы. Мен ошол жерлерде да кабар айтышым керек, анткени ошон үчүн келгем»,— дейт. Аны алып калгысы келген элге болсо: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп айтат (Марк 1:38; Лука 4:43).

Ооба, Иса Машаяк жерге биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтыш үчүн келген. Анткени так ошол Падышалык Кудайдын ысмын ыйыктап, адамзатты бардык оорулардан арылтмак. Иса Машаяк Кудай тарабынан жиберилгенин далилдеген көптөгөн кереметтерди жасаган. Көп кылымдар мурун Муса пайгамбар да ажайып иштерди кылып, өзүнүн Кудай дайындаган пайгамбар экенин көрсөткөн болчу (Чыгуу 4:1—9, 30, 31).

Ошентип, Иса пайгамбар башка шаарларда да кабар айтыш үчүн 4 шакирти менен Капернаумдан кетет. Аны ээрчип жүргөн шакирттери Петир менен анын бир тууганы Андрес жана Жакан менен анын бир тууганы Жакып болгон. Бир жума мурун Иса пайгамбар аларды чогуу жер кыдырып, ийиндеш туруп кызматташууга чакырган болчу.

Анын шакирттерин ээрчитип, бүт Галилея жерин кыдырганынын акыбети кайтты. Иса Машаяк жөнүндөгү кабар жетпеген жер калган жок. «Ал тууралуу кабар бүт Сирияга», он шаарды камтыган Декаполиске жана Иордан дарыясынын аркы өйүзүнө чейин тарады (Матай 4:24, 25). Ошол жерлердин эли да, Жүйүт жеринин эли да, кичинесинен чоңуна чейин, Иса Машаяк менен анын шакирттеринин артынан ээрчип жүрдү. Ага көптөгөн оорулууларды да алып келип жатышты. Ал эч кимдин көңүлүн калтырган жок. Бечаралардын ар бирин айыктырып, жин бийлеп алгандарды алардын таасиринен бошотуп жатты.