Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

25-БӨЛҮМ

Боору ооруп, пес оорулуу кишини айыктырышы

Боору ооруп, пес оорулуу кишини айыктырышы

МАТАЙ 8:1—4; МАРК 1:40—45; Лука 5:12—16

  • ИСА ПАЙГАМБАР ПЕС ООРУЛУУ КИШИНИ АЙЫКТЫРАТ

Иса пайгамбар төрт шакирти менен «бүт Галилеяны аралап, синагогаларда кабар айтып» жүргөндө кылган ажайып иштери жөнүндөгү сөздөр жумурай журтка тез эле тарап кетет (Марк 1:39). Анын керемет иштери тууралуу Галилеянын шаарларынын биринде жашаган пес оорулуу бир киши да угат. Дарыгер Лука анын «бүт денесин пес оорусу каптаганын» жазган (Лука 5:12). Жан сыздаткан ал оору өтүшүп кеткенде, дене мүчөлөрү чирип отуруп, кишинин түрү суук болуп калчу.

Пес оорусу менен ооруган бечара киши башкалардан обочо жашашы керек болчу. Андан тышкары, кимдир бирөө ага жакын келип оорусун жуктуруп албашы үчүн, ал: «Таза эмесмин! Таза эмесмин!» — деп кыйкырышы керек эле (Лебилер 13:45, 46). Бирок алиги киши эмне кылат? Ал Иса пайгамбардын алдына келип, таазим кылат да: «Мырзам, эгер кааласаң, мени айыктыра аласың»,— деп жалбарат (Матай 8:2).

Анын Иса Машаякка болгон ишеними чынында эле күчтүү болгон! Байкуш кишинин түрү зээнди кейитерлик болчу. Иса Машаяк ага кандай мамиле кылат? Эгер сен анын ордунда болсоң, эмне кылат элең? Иса Машаяк боору ооруп, колун тийгизет да: «Каалайм. Айык»,— дейт (Матай 8:3). Пес оорулуу киши ошол замат айыгып калат. Карап тургандардын баары көргөн көзүнө ишене албай туруп калышат.

Иса Машаяктай боорукер, күчтүү падышанын башкарышын каалайсыңбы? Ал пес оорулуу кишиге абдан жумшак мамиле кылган. Бул анын бүт жер жүзүн башкара баштаганда: «Бечара менен жакырды аяйт, кембагалдардын жанын сактайт»,— деген алдын ала айтылган сөздөрдү аткарарын тастыктап турат (Забур 72:13). Ооба, Иса Машаяк жаны кейигендердин баарын азап-кайгыдан арылтууну абдан каалайт. Ошондуктан муну сөзсүз жүзөгө ашырат!

Пес оорулуу кишини айыктырганга чейин эле Иса пайгамбардын кереметтерине аң-таң болгон эл аны оозунан түшүрбөй калган болчу. Эми алар дагы бир укмуштуу кереметке күбө болуп отурат. Бирок Иса пайгамбар элдин ага укканы боюнча эле ишенип калышын каалаган эмес. Ал күн мурун айтылган: «Көчөдөн үнүн угузбайт»,— деген сөздөрдү, башкача айтканда, өзү жөнүндө жар салбай турганы тууралуу айтылгандарды жакшы билген (Ышая 42:1, 2). Ошондуктан элди атайлап дүрбөтпөш үчүн оорусунан айыккан кишиге: «Эч кимге эч нерсе айтпа! Баргын да, дин кызматчыга көрүн... Муса буйруган тартууну алып бар»,— деп буйруйт (Матай 8:4).

Бирок тиги киши ушунчалык сүйүнгөндүктөн кубанычын койнуна батыра албай, баарына жар салат. Ошондо бүйүрү кызыган эл Иса пайгамбарды эле издеп калат. Андыктан ал шаарга ачык кире албай, ээн жерлерде жүрөт. Бирок анын сөздөрүн укканга, ооруларынан айыкканга зар болгондор туш тараптан агылып келе берет.