Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26-БӨЛҮМ

«Күнөөлөрүң кечирилди»

«Күнөөлөрүң кечирилди»

МАТАЙ 9:1—8; МАРК 2:1—12; ЛУКА 5:17—26

  • ИСА ПАЙГАМБАР ШАЛ ООРУЛУУ КИШИНИН КҮНӨӨЛӨРҮН КЕЧИРИП, АЙЫКТЫРАТ

Машаяк жөнүндө укпаган бир да киши калган жок. Анын жүрөк толкуткан сөздөрүн угуп, керемет иштерин көрүүгө куштар болгондор тээ алыстан келишет. Бирок ал бир нече күндөн кийин кызматынын чордону болгон Капернаумга кайтып барат. Анын келгени жөнүндөгү кабар Галилея деңизинин боюндагы бул шаарга чагылгандай тез тарайт. Күтүп жүргөн эл ал турган үйгө чууруп келе баштайт. Галилеядан, Жүйүт жеринен, атүгүл Иерусалимден фарисейлер менен мыйзам окутуучулар да келет.

«Келгендер ушунчалык көп болгондуктан, эшиктин алдында да орун калбай калат». Иса пайгамбар Кудайдын сөзүн айта баштайт (Марк 2:2). Так ошол маалда эстен кеткис бир окуя болот. Ал окуядан Машаяктын адам баласын азапка салган күнөөдөн арылтууга жана кимдерди кааласа, ошолорду оору-дарттан сакайтууга кудуреттүү экенин билүүгө болот.

Эл жык-жыйма толгон бөлмөдө Кудай жөнүндө айтып жатканда, 4 киши шал оорулуу кишини алып келет. Алар Иса пайгамбардын аны айыктырышын каалашат. Бирок элдин көптүгүнөн үйгө кире албай коюшат (Марк 2:4). Ошол кишилердин канчалык бушайман болгонун элестетсең. Ошентсе да алар багынбай, үйдүн үстүнө чыгып, чатырын ачышат да, шал оорулууну замбили менен кошо ылдый түшүрүшөт.

Сөзүн бөлгөн кишилерге Иса пайгамбар ачууланганбы? Түк да. Пайгамбар алардын күчтүү ишенимине баа берип, шал оорулуу кишиге: «Күнөөлөрүң кечирилди»,— дейт (Матай 9:2). Ал чындап эле күнөөлөрдү кечире алабы? Китепчилер менен фарисейлер буга нааразы болуп, ичинен: «Бул эмне үчүн минтип айтып жатат? Кудайга акарат кылып жатпайбы. Күнөөлөрдү Кудайдан башка ким кечире алат?» — деп ойлошот (Марк 2:7).

Алардын оюн билген пайгамбар: «Эмнеге минтип ойлоп жатасыңар? Шал оорулууга: „Күнөөлөрүң кечирилди“,— деп айткан оңойбу же: „Ордуңан туруп, замбилиңди ал да, бас“,— деп айткан оңойбу?» — дейт (Марк 2:8, 9). Ооба, ал шал оорулуу кишинин күнөөлөрүн кийинчерээк төгүлө турган канынын негизинде кечирген.

Машаяк жалпы элге жана аны сындаган кишилерге күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экенин көрсөтөт. Ал шал оорулуу кишиге: «Сага айтам, ордуңан туруп, замбилиңди ал да, үйүңө бар»,— деп буйруйт. Ошондо ал ордунан турат да, замбилин алып, баарынын көзүнчө сыртка чыгып кетет. Эл буга таң калып: «Мындайды биз эч качан көргөн эмес элек» — деп, Кудайды даңктайт (Марк 2:11, 12).

Иса пайгамбардын күнөөлөрдү оору-сыркоого, ал эми күнөөлөрдүн кечирилишин чың ден соолукка байланыштырып айтканын байкасаң. Ыйык Китепте түпкү атабыз Адам атанын күнөө кетиргени айтылат. Ошондуктан күнөө менен анын кесепеттери, атап айтканда, оруу жана өлүм анын урпактарына тукум кууп өткөн. Бирок Падышалык бүт жер жүзүн башкара баштаганда, Иса Машаяк Кудайды жакшы көргөн, ага кызмат кылган бардык кишилердин күнөөлөрүн кечирет. Ошондо оору-сыркоо түп-тамыры менен жок болот (Римдиктер 5:12, 18, 19).