Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

30-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын Атасы менен болгон мамилеси

Иса Машаяктын Атасы менен болгон мамилеси

ЖАКАН 5:17—47

  • КУДАЙ — ИСА МАШАЯКТЫН АТАСЫ

  • ИСА МАШАЯК ӨЛГӨНДӨРДҮ ТИРИЛТЕРИН АЙТАТ

Жүйүттөр Иса Машаякты, оорулуу кишини айыктырганы үчүн, жемелешкенде, ал: «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат, мен да эмгектенип жатам»,— дейт (Жакан 5:17).

Ишемби күнгө байланыштуу мыйзамда Машаяк кылган жакшы иштерге тыюу салынган эмес болчу. Ал кабар айтканда, айыктырганда дайыма жакшылык кылган Атасын туураган. Андыктан ал күн сайын жакшы иштерди кыла берген. Бирок араң турган жүйүттөр анын жообуна ого бетер кыжырданып, аны өлтүрүүнүн амалын издей башташат. Эмне үчүн?

Ансыз да Машаякты Ишембиге байланыштуу мыйзамды бузду деп күнөөлөп жатышкан жүйүттөр анын Кудайды «Атам» дегенин укканда такыр эле чалкасынан кетишет. Анткени Машаяктын Кудайды «Атам» дегенин өзүн ага теңеп жаткандай кабыл алып, Кудайга акарат кылып жатат деп ойлошот. Бирок пайгамбар тайманбастан, Атасы менен ынак мамиледе экенин баса белгилеп: «Атасы Уулун жакшы көрөт жана ага өзү жасагандын баарын көрсөтөт»,— дейт (Жакан 5:20).

Анын Атасы баарына өмүр бергендиктен байыркы убакта пайгамбарларына өлгөндөрдү тирилтүүгө күч берген. Иса пайгамбар: «Атасы өлгөндөрдү тирилтип, өмүр бергендей эле, Уулу да өзү каалагандарга өмүр берет»,— дейт (Жакан 5:21). Ооба, бизди кандай сонун келечек күтүп турат! Машаяк бүгүнкү күндө да каймана мааниде өлгөндөрдү тирилтип жатат. Ал: «Менин сөздөрүмдү угуп, мени жибергенге ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ. Ал соттолбойт, анткени өлүмдөн өмүргө өттү»,— деген (Жакан 5:24).

Ыйык Китепте Иса пайгамбардын аны айыптаган жүйүттөр менен сүйлөшкөнгө чейин кимдир бирөөнү тирилткени айтылбайт. Ошентсе да ал өлгөндөрдү тирилтерин убадалап: «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет»,— дейт (Жакан 5:28, 29).

Машаяк абдан маанилүү ишти аткарса да: «Мен өз алдымча эч нерсе кыла албайм... Мен... өзүмдүн эмес, мени жибергендин эркин аткарууга умтулам» — деп, Кудайга баш иерин көрсөтөт (Жакан 5:30). Ошол эле учурда, Кудайдын ой-ниетине ылайык, зор иштерди аткарарын да түшүндүрөт. Муну ал буга чейин ачык айта элек болчу. Бирок жүйүттөрдө Машаякка ишенүүгө башка да орчундуу себептер бар эле. Ал алардын бирин эске салып: «Силер [Чөмүлдүрүүчү] Жаканга кишилериңерди жибергенде, ал чындык жөнүндө күбөлөндүргөн»,— деп айтат (Жакан 5:33).

Жүйүттөр 2 жылдай мурун Чөмүлдүрүүчү Жакандын диний жетекчилерге анын артынан келе турган, «пайгамбар» жана «Машаяк» деп аталган бирөө жөнүндө айтканын угушкан көрүнөт (Жакан 1:20—25). Андыктан пайгамбар кынтык издеген жүйүттөргө Жаканды бир учурда урматташканын айтып: «Силер анын жарыгында аз эле убакыт шаттангыңар келди»,— дейт (Жакан 5:35). Бирок Машаякта Жакандын күбөлөндүрүүсүнөн да күчтүү далилдер бар болчу.

«Мени Атам жибергенин... мен аткарып жаткан иштер, [анын ичинде жаңы эле оорулуу кишини айыктырганы] күбөлөндүрүп турат»,— дейт ал. Анан: «Мени жиберген Атамдын өзү да мен жөнүндө күбөлөндүргөн» — деп, дагы бир далил келтирет (Жакан 5:36, 37). Мисалы, Машаяк чөмүлгөндө, асмандан Кудайдын үнү угулган (Матай 3:17).

Жүйүттөрдө Машаякты четке кагууга эч кандай себеп болгон эмес. Анткени өздөрү изилдемиш болгон Ыйык Китепте анын Машаяк экенин тастыктаган далилдер көп болчу. Акырында Иса пайгамбар: «Мусага ишенсеңер, мага да ишенмексиңер, анткени ал мен жөнүндө жазган. Анын жазгандарына ишенбесеңер, менин айткандарыма кантип ишенесиңер?» — дейт (Жакан 5:46, 47).