Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

36-БӨЛҮМ

Ишеними күчтүү жүз башы

Ишеними күчтүү жүз башы

МАТАЙ 8:5—13; ЛУКА 7:1—10

  • ЖҮЗ БАШЫНЫН КЫЗМАТЧЫСЫ АЙЫГАТ

  • ИШЕНГЕНДЕР БАТА АЛАТ

Иса пайгамбар тоонун этегинде насаатын айткандан кийин Капернаум шаарын көздөй жөнөйт. Ал жактан ага жүйүт элинин аксакалдары жолугат. Аларды жүйүт элинен болбогон Рим аскеринин жүз башы жөнөткөн эле.

Анын жакшы көргөн кызматчысы катуу ооруп, өлүм алдында жаткан. Жүз башы бөтөн элден болсо да, Иса пайгамбардан жардам сураган. Аксакалдар пайгамбарга кызматчынын «катуу кыйналып», «шал болуп үйдө жатканын» айтышат (Матай 8:6). Алар жүз башыга жардам берип коюшун өтүнүп: «Ал сенин жардам беришиңе татыктуу, анткени биздин элди жакшы көрөт. Синагогабызды да ал куруп берген»,— дешет (Лука 7:4, 5).

Ошондо Иса пайгамбар аксакалдар менен жүз башынын үйүнө жөнөйт. Алар үйгө жакын калганда, жүз башы досторун: «Мырзам, убара болбо. Үйүмө киришиңе мен татыксызмын. Ошон үчүн да сага өзүм барган жокмун»,— деп айттырып жиберет (Лука 7:6, 7). Башкарып көнүп калган жүз башынын бул сөздөрү анын момун болгонунан кабар берет. Ооба, ал кулдарды кыңк эттирбей башкарган башка римдиктерден кандай гана айырмаланган! (Матай 8:9).

Жүз башы жүйүттөрдүн бөтөн элдер менен мамилелешпегенин билген (Элчилер 10:28). Кыязы, ушуну эске алгандыктан: «Бирок сен бир ооз сөз айтсаң эле, кулум айыгып калат»,— деп айттырып жиберген (Лука 7:7).

Буга Иса пайгамбар таң калып: «Силерге айтып коёюн, мындай күчтүү ишенимди Ысрайыл жеринен да көргөн эмесмин»,— дейт (Лука 7:9). Анан жиберилген кишилер кайтып барып, кызматчынын айыгып калганын көрүшөт.

Кызматчыны айыктыргандан кийин Машаяк мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Жахабага ишенген башка улуттагы адамдардын бата аларын баса белгилеп: «Силерге айтып коёюн, чыгыш менен батыштан көптөр келип, асман Падышалыгында Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен бирге дасторкон тегеректей жамбаштап жатышат»,— дейт. Ал эми ишенимсиз жүйүттөр жөнүндө: «Падышалыктын уулдары сырттагы караңгылыкка ташталат. Ал жакта ыйлап, тишин кычыратышат»,— деп айтат (Матай 8:11, 12).

Ооба, Машаяк менен бирге Падышалыкта бийлик жүргүзүү сыймыгын баалабаган жүйүттөр четке кагылып, башка улуттагы адамдар Падышалыкта аны менен бирге «дасторкон тегеректей жамбаштап жатышмак».