Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

45-БӨЛҮМ

Түмөндөгөн жиндерди кууп чыгарышы

Түмөндөгөн жиндерди кууп чыгарышы

МАТАЙ 8:28—34; МАРК 5:1—20; ЛУКА 8:26—39

  • ЖИНДЕРГЕ ЧОЧКОЛОРГО КИРҮҮНҮ БУЙРУЙТ

Алай-дүлөй түшкөн деңиз менен кармашып, жээкке чыккан шакирттер жүрөктү солкулдаткан дагы бир окуяга туш болушат. Жин бийлеп алган, жаалдуу эки киши мүрзөдөн чыга калып, Иса пайгамбарды көздөй чуркап келет. Алардын бири каардуураак болчу. Аны жиндер бийлеп алганына көп болгон көрүнөт. Ошондуктан баарынын көңүлү ага бурулат.

Байкуш киши жылаңач жүрчү. «Ал мүрзөлөрдүн арасында, тоолордо күнү-түнү кыйкырып, өзүн өзү таш менен ургулай берчү» (Марк 5:5). Ал ушунчалык каардуу болгондуктан, эл ошол жолдон айланып өтөр эле. Аны байлап да көрүшкөн, бирок чынжыр менен кишендерди жипти үзгөндөй эле үзүп салчу. Кыскасы, ага эч кимдин алы жетчү эмес.

Ал Иса пайгамбарга келип, таазим кылат. Ичиндеги жиндер: «Иса, Эң Жогорку Кудайдын Уулу, мени жайыма кой. Мени кыйнабайм деп Кудайды оозанып ант бер»,— деп айттырышат. Ошондо Иса пайгамбар жиндердин үстүнөн да бийлиги бар экенин көрсөтүп: «Жин, бул кишинин ичинен чыгып кет»,— деп буйрат (Марк 5:7, 8).

Бечара кишини көп жин бийлеп алган экен. Пайгамбар андан: «Атың ким?» — деп сураганда, тиги: «Менин атым Түмөн, анткени биз көппүз»,— деп жооп берет (Марк 5:9). «Түмөн» деген сөз түп нускада чоң санды билдирген «легион» деген сөздөн алынган. Рим легионунда миңдеген жоокерлер кызмат кылышчу. Мындан ал кишини көп жин бийлеп алып, таш боордук менен кыйнаганын билүүгө болот. Жиндер Машаяктан «түпсүз туңгуюкка түшүүгө буйрук бербешин суранышат». Сыягы, алар өздөрүн да, каардуу башкаруучусу Шайтанды да алдыда эмне күтүп турганын билишкен (Лука 8:31).

Жакын жерде 2 000дей чочко жайылып жүргөн эле. Мыйзамга ылайык, чочко таза эмес жаныбар болуп эсептелгендиктен, жүйүттөр чочко бакпашы керек болчу. Жиндер: «Бизди чочколорго жиберчи, алардын ичине кирели»,— деп жалбарышат (Марк 5:12). Машаяк уруксат бергенде, жиндер тиги кишиден чыгып, чочколорго кирип кетишет. Ошондо чочколордун баары жардан деңизге секирип, чөгүп өлөт.

Чочко кайтарып жүргөн кишилер шаарга, айылдарга жетип барып, болгонун болгондой айтып беришет. Удургуган эл эмне болгонун көрүш үчүн жетип келет. Келишсе эле, ичинен жин чыккан баягы киши акыл-эсине келип, кийим кийип, Иса пайгамбардын жанында отуруптур.

Бул окуяны көргөн, уккан элдин үрөйү учуп, эмне кыларын билбей туруп калат. Алар пайгамбардан өздөрүнүн жеринен кетишин суранышат. Иса Машаяк кайыкка отуруп жатканда, ичинен жин чыккан киши аны ала кетишин өтүнөт. Бирок пайгамбар ага: «Үйүңө, туугандарыңа барып, болгон нерсенин баарын: Жахабанын сага эмне кылганын, кантип кайрымдуулук көрсөткөнүн айтып бер»,— деп айтат (Марк 5:19).

Иса пайгамбар элдин ага уу-дуу кептин негизинде эле ишенишин каалабагандыктан, адатта, айыктырган кишилерге ал туурасында эч кимге айтпоону буйручу. Бирок бул жолкусунда ал көптөр менен бетме-бет сүйлөшө алган эмес. Андыктан ичинен жин чыккан киши башкаларга анын күчү жөнүндө айтып бере алмак. Анын айткандары кырылып калган чочколор жөнүндөгү ушак-айың кепке да бөгөт коймок. Ошентип, ал Машаяктын аны жиндердин бийлигинен бошотконун Декаполистин булуң-бурчуна чейин жарлай баштайт.