Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

48-БӨЛҮМ

Кереметтерди жасаса да, ишенбей коюшат

Кереметтерди жасаса да, ишенбей коюшат

МАТАЙ 9:27—34; 13:54-58; МАРК 6:1—6

  • ИСА МАШАЯК ЭКИ СОКУР КИШИНИ ЖАНА ДУДУК КИШИНИ АЙЫКТЫРАТ

  • НАЗАРЕТТИКТЕР ИШЕНБЕЙ КОЮШАТ

Машаяк бүгүн көп иш бүтүрдү. Декаполистен келатып, кан агуудан азап тарткан аялды айыктырды, Жайырдын кызын да тирилтти. Бирок али кеч кире элек. Ал Жайырдын үйүнөн кетип баратканда, эки сокур киши: «Дөөтүнүн Уулу, бизге кайрымдуулук кыла көр» — деп кыйкырып, ээрчип алат (Матай 9:27).

Иса пайгамбарды «Дөөтүнүн Уулу» деп айтканда анын Дөөтү падышанын тактысынын мураскору, Машаяк, экенине ишенерин көрсөтүшкөн. Ал, кыязы, алардын айыгууну канчалык каалап жатканын сынаш үчүн укмаксанга салып кете берет. Алар кыйкырганын койбой, ээрчип алышат. Иса үйгө киргенде, алар да кирет. Ал: «Көзүңөрдү ача аларыма ишенесиңерби?» — деп сурайт. Экөө тең: «Ооба, Мырзам»,— деп ишенимдүү жооп беришет. Иса пайгамбар алардын көзүнө колун тийгизип: «Ишенимиңерге жараша болсун»,— дейт (Матай 9:28, 29).

Ошол замат алар көрө башташат. Иса пайгамбар бул жөнүндө да эч кимге айтпоону буйруйт. Бирок ыраазы болгон 2 киши баскан-турган жердин баарында эле айта беришет.

Алар кетип баратканда, жин бийлеп алгандыктан, дудук болуп калган кишини алып келишет. Пайгамбар жинди кууп чыгарганда, дудук киши сүйлөй баштайт. Ошондо эл: «Ысрайыл жеринде мындай нерсе эч качан болгон эмес»,— деп таң калат. Ал жерде фарисейлер да бар эле. Алар кереметти жокко чыгара алышпайт, ошондуктан: «Бул деген жиндерди жиндердин башчысынын жардамы менен кууп чыгарып жатат» — деп, пайгамбарды каралашат (Матай 9:33, 34).

Көп өтпөй пайгамбар шакирттери менен өзү чоңоюп-өскөн Назаретке жол тартат. Ал жактан синагогада окутканынан бир жылдай өтүп кетти. Ошондо Иса пайгамбарды суктана угуп турган эл бир заматта өзгөрүп, сөздөрүн жактырбай, өлтүргөнгө далалат кылган болчу. Бирок пайгамбар жердештерине кайра эле жардам бергиси келет.

Ишемби күнү синагогага барып, элди окутат. Алар таң кала мындай дешет: «Мындай акылмандыкты бул кайдан алган? Мындай кереметтерди кантип жасап жатат? Бул жыгач устанын эле уулу эмеспи? Энесинин аты Мариям, бир туугандары Жакып, Жусуп, Симон жана Жүйүт эмеспи? Карындаштары деле арабызда жүрүшпөйбү. Анда мындай жөндөмдүүлүктөрдү бул кайдан алган?» (Матай 13:54—56).

Эл аны назареттик эле карапайым киши деп эсептейт. Алар: «Иса көз алдыбызда эле чоңойбоду беле? Анан кантип эле Машаяк болуп калсын?» — деп ойлогон чыгар. Ошентип, анын Машаяк экенин тастыктаган акылмандыгына, ажайып иштерине карабай, жердештери ага ишенбей коюшат. Атүгүл ага тууган-туушкандары да ишенген эмес. Ошондуктан ал: «Пайгамбар бардык жерде урматталат. Аны өз жеринде, өз үйүндө гана урматташпайт»,— деп таамай айтат (Матай 13:57).

Ооба, Иса пайгамбар жердештеринин ишенбестигине таң калбай койгон эмес. Андыктан ал Назаретте «бир нече оорулуунун үстүнө колун коюп, аларды айыктыргандан башка эч кандай керемет жасабайт» (Марк 6:5, 6).