Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

49-БӨЛҮМ

Галилеяда кабар айтып, элчилерин окутушу

Галилеяда кабар айтып, элчилерин окутушу

МАТАЙ 9:35—10:15; МАРК 6:6—11; ЛУКА 9:1—5

  • ИСА ПАЙГАМБАР ГАЛИЛЕЯНЫ КАЙРА КЫДЫРА БАШТАЙТ

  • ЭЛЧИЛЕРИН КАБАР АЙТУУГА ЖӨНӨТӨТ

Иса Машаяктын жер-суунун баарын кыдырып, ынталуу кабар айтып жүргөнүнө эки жылдай болуп калды. Эми ал жанына көп күч келтирбей, эс алабы? Жок. Ал мурдагыдан да жигердүү кызмат кылып, Галилеядагы «бардык шаарларды, айыл-кыштактарды кыдырып, синагогаларда элди окутуп, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратып, ар кандай оору-дарттарды айыктырып» жүрөт (Матай 9:35). Пайгамбар улам бир жерге барган сайын кабар айтуу ишинин дагы кеңири кулач жайышы керектигине ого бетер ынанат. Бирок өзү жалгыз кантип жетишет?

Каякка барбасын, ал Кудай жөнүндөгү билимге суусаган, жан дүйнөсү жабыркап, жылуу сөзгө зар болгон кишилерди көрөт. Алар койчусу жок койлордой чачырап, мүңкүрөп калышкан эле. Иса пайгамбар муну көрүп зээни кейип, шакирттерине: «Түшүм көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан, оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла»,— деп айтат (Матай 9:37, 38).

Муну ишке ашырыш үчүн эмне кылышты жакшы билет. Ал 12 элчисин чакырып, эки-экиден бөлөт. Андан соң мындай так-айкын көрсөтмө берет: «Башка элдерге алып бара турган жолго түшпөгүлө, самариялыктардын шаарына кирбегиле. Анын ордуна, Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна баргыла. Баратканыңарда: „Асман Падышалыгы жакындап калды“,— деп кабар айткыла» (Матай 10:5—7).

Алар кабар айтышы керек болгон Падышалык жөнүндө Устаты кантип тилениш керектигин үйрөтүп жатканда айткан болчу. «Асман Падышалыгы жакындап калды» деген сөздөр Кудай дайындаган Падышанын жерде жүргөнүн билдирген. Шакирттердин ошол Падышалыктын өкүлдөрү экенин эмне тастыктап турган? Машаяк аларга элди айыктырууга, өлгөндөрдү тирилтүүгө күч берген. Алар муну бекер эле кылышмак. Анда кабар айтып жүргөндө зарыл нерселерди, тамак-ашты кайдан алышмак?

Мырзасы шакирттерине жолго эч нерсе албашын айткан. Алар белине алтын, күмүш же жез тыйын түйүп албашы керек болчу. Азык салынган баштык да, ашыкча кийим да, сандал да албашы керек эле. «Себеби эмгектенген адам ичип-жегенге татыктуу»,— деп түшүндүрөт Иса пайгамбар (Матай 10:10). Кабарга кулак каккан кишилер аларга керектүүнүн баарын беришмек. Андан ары Устаты: «Кайсы үйгө кирбегиле, кеткениңерче ошол жерде болгула»,— дейт (Марк 6:10).

Машаяк кабарды кантип айтуу керектигин да үйрөтүп, мындай дейт: «Үйгө киргениңерде ал үйдө жашагандар менен саламдашкыла. Эгерде ал үй татыктуу болсо, ага силер каалаган тынчтык консун, ал эми татыксыз болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келсин. Кайсы бир жерде силерди кабыл алышпаса же сөзүңөрдү укпай коюшса, ал үйдөн же шаардан чыгып баратканыңарда бутуңардагы чаңды күбүп салгыла» (Матай 10:12—14).

Кабарды укпай койгон бүтүндөй шаарлар, айылдар да болмок. Андай жерлердин элинин келечеги кандай болмок? Иса пайгамбар алардын башына каран түн түшөрүн айтып: «Ишенип койгула, Сот күнү ал шаардын жазасына караганда Содом менен Амордун жазасы жеңилирээк болот»,— дейт (Матай 10:15).