Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

50-БӨЛҮМ

Куугунтукка карабай кабар айтууга даярдайт

Куугунтукка карабай кабар айтууга даярдайт

МАТАЙ 10:16—11:1; МАРК 6:12, 13; ЛУКА 9:6

  • ИСА ПАЙГАМБАР ЭЛЧИЛЕРИН ОКУТУП-ҮЙРӨТҮП, КАБАР АЙТУУГА ЖӨНӨТӨТ

Иса пайгамбар элчилерин эки-экиден жөнөтүп жатып, кабар айтуу ишине байланыштуу эң сонун көрсөтмөлөрдү берет. Бирок ошону менен эле чектелбейт. Ал каршы чыга тургандар болорун да жумшактык менен эскертип, мындай дейт: «Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду жибергендей жиберип жатам... Адамдардан сак болгула, анткени алар силерди сотко беришет, синагогаларында уруп-сабашат. Ошондой эле мен үчүн силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына сүйрөп барышат» (Матай 10:16—18).

Ооба, Иса пайгамбардын жолдоочулары катуу куугунтукка кабылышмак, андыктан Устаты аларды бекемдеп, төмөнкүдөй убада берет: «Силерди сотко беришкенде, эмне айтарыңарды, кантип айтарыңарды ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эмне айтыш керектигин ошол учурда билесиңер. Себеби силер эле сүйлөбөйсүңөр, силер аркылуу асмандагы Атаңардын руху сүйлөйт. Бир тууган бир тууганын, атасы баласын өлүмгө кыят. Балдары ата-энесине каршы чыгып, аларды өлтүрүшөт. Менин ысмым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар, бирок ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат» (Матай 10:19—22).

Кабар айтуу иши аябай маанилүү болгондуктан, шакирттер аны ээн-эркин, эч тоскоолдуксуз аткара алышы үчүн, Иса пайгамбар алардын кыраакы жана эстүү болушу керектигин баса белгилейт. Ал: «Бир шаарда куугунтукташса, башкасына качкыла. Ишенип койгула, адам Уулу келгенге чейин, Ысрайылдын бардык шаарларын кыдырып чыгууга жетишпейсиңер»,— дейт (Матай 10:23).

Иса пайгамбар 12 элчисине кандай гана пайдалуу кеңештерди берген! Ал алдыда боло турган кыйынчылыктар жөнүндө да эскерткен жана бекемдеген. Бул сөздөр Иса пайгамбар өлүм жазасына тартылып, тирилгенден кийин кабар айтуу ишине катыша турган жолдоочуларына да тиешелүү болгон. Пайгамбардын: «Баарына жек көрүндү болосуңар»,— деген сөздөрү элчилер кабар айткан кишилерге эле эмес, жалпы жонунан бардык адамдарга карата айтылган. Анткени ал Галилеяны кыдырып кабар айтып жүргөндө, элчилерди эч ким башкаруучулар менен падышалардын алдына сүйрөп барган эмес. Ошондой эле эч кимисин үйүндөгүлөрү өлтүргөн эмес.

Демек, Иса пайгамбар келечек тууралуу айткан. Анын «адам Уулу келгенге чейин» шакирттеринин бардык шаарларды кыдырып чыгууга жетишпей турганы жөнүндө айтканына көңүл бурсаң. Падышалык бийликке ээ болгон Иса Машаяк Кудай дайындаган Сот катары келген убакта Падышалык жөнүндөгү кабар айтуу иши али соңуна чыга элек болот.

Элчилер жакшы кабар таратканы үчүн куугунтукталганына таң калбашы керек болчу. Анткени Иса пайгамбар: «Шакирт өз устатынан, кул өз кожоюнунан жогору эмес»,— деп айткан. Муну түшүнүү кыйынга турган эмес. Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтканы үчүн, эл Машаякты жек көрүп, куугунтуктагандай эле, жолдоочуларын да куугунтуктамак. Бирок Иса Машаяк: «Денени өлтүрүп, жанды өлтүрө албай тургандардан коркпогула. Тескерисинче, жанды да, денени да гээнада жок кыла ала тургандан корккула»,— деген (Матай 10:24, 28).

Ал өзү бул жагынан мыкты үлгү калтырган. Кудурети күчтүү Жахабага болгон берилгендигинен жазбай, эр жүрөктүк менен өлүмгө тике караган. Бир гана Кудуреттүү Кудай кимдир бирөөнүн «жанын» (келечекте жашоого болгон үмүтүн) жок кыла алат же түбөлүк өмүр бериш үчүн тирилте алат. Ушул сөздөр элчилердин ишенимин абдан бекемдегени шексиз.

Андан соң пайгамбар Кудайдын өз кызматчыларына назиктик менен кам көрөрүн көрсөтүш үчүн мындай мисал келтирет: «Эки таранчы бир эле тыйынга сатылат эмеспи. Анткен менен алардын ар биринин жерге түшкөнүн асмандагы Атаңар байкап турат. Ошондуктан коркпогула: силер топ таранчыдан да баалуусуңар» (Матай 10:29, 31).

Машаяктын жолдоочулары айткан кабар үй-бүлөнү бөлмөк, анткени ага үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири кулак какса, башкалары четке какмак. Устаты: «Мени жерге тынчтык алып келди деп ойлобогула»,— деген. Чынында эле, Ыйык Китепте жазылган чындыкты кабыл алууга эр жүрөктүк керек. Анткени Иса Машаяк: «Ким атасын же энесин менден артык көрсө, шакиртим болууга татыктуу эмес. Ким уулун же кызын менден артык көрсө, шакиртим болууга татыктуу эмес»,— деп айткан (Матай 10:34, 37).

Анткен менен Машаяктын жолдоочуларын жакшы кабыл алгандар да болмок. «Ким бул кичинелердин бирине, менин шакиртим болгону үчүн, бир эле чөйчөк муздак суу берсе, ишенип койгула, ал сыйлыксыз калбайт»,— деген Иса пайгамбар (Матай 10:42).

Ошентип, Устатынын көрсөтмөлөрүн, эскертүүлөрүн, бекемдээрлик сөздөрүн уккан элчилер «жолго чыгып, айыл-кыштактарды кыдырып, бардык жерде жакшы кабар жарыялап, оорулууларды айыктыра» беришкен (Лука 9:6).