Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

53-БӨЛҮМ

Табият күчтөрүн да башкарган падыша

Табият күчтөрүн да башкарган падыша

МАТАЙ 14:22—36; МАРК 6:45—56; ЖАКАН 6:14—25

  • ЭЛ ИСА МАШАЯКТЫ ПАДЫША КЫЛГЫСЫ КЕЛЕТ

  • ИСА МАШАЯК СУУНУН ҮСТҮНӨН БАСАТ ЖАНА ШАМАЛДЫ ТЫНЧЫТАТ

Иса Машаяктын миңдеген кишилерди тойгузганы көптөрдү кайдыгер калтырган жок. Алар: «Бул, чын эле, дүйнөгө келиши керек болгон пайгамбар [Машаяк] экен» — деп, анын жакшы падыша боло аларына эч шектенбейт (Жакан 6:14; Мыйзам 18:18). Андыктан аны кармап алып, падыша кылууга аракеттенишет.

Бирок элдин аны күчкө салып падыша кылууну ойлоп жатканын билип, дароо шакирттерине кайыкка отурууну буйруйт. Шакирттер адегенде Бетсаидага бет алып, андан соң Капернаумга жөнөшөт. Өзү болсо элди таратып, жалгыз отуруп тиленүү үчүн тоого чыгат.

Таң супа салып калганда, айдын жарыгынан тээ алыстан кайык көзгө илинет. Каршы тараптан соккон шамалдан улам деңиз толкуп, шакирттер «калактарын араң шилеп баратышкан» эле (Марк 6:48). Пайгамбар тоодон түшүп, буркан-шаркан түшкөн деңиздин үстү менен шакирттерин көздөй басат. Алар «беш-алты чакырымдай» алыс сүзүп кетишкен эле (Жакан 6:19). Устаты жанынан кыя өтмөкчү болгондо, алар «көздөрүнө бир нерсе көрүнүп жатат деп ойлоп, катуу кыйкырып жиберишет» (Марк 6:49).

Ошол замат Иса Машаяк: «Кайраттуу болгула, бул менмин. Коркпогула»,— дейт. Петир: «Мырзам, эгер сен болсоң, буйрук берчи, сага суунун үстү менен басып барайын»,— деп суранат. Машаяк: «Кел!» — деп чакырат. Петир кайыктан түшүп, суунун үстү менен аны көздөй жөнөйт. Бирок катуу шамалды көрүп коркуп кеткендиктен чөгө баштайт. Ошондо ал: «Мырзам, сактай көр!» — деп кыйкырат. Мырзасы аны дароо кармап калат да: «Ишеними аз, эмне үчүн шектендиң?» — дейт (Матай 14:27—31).

Анан экөө тең кайыкка түшөт. Ошондо шамал тып басылат. Шакирттер аң-таң болушат. Бирок алар таң калышы керек беле? Эгер «нанга байланыштуу кереметтин маанисин», башкача айтканда, Устатынын бир нече саат мурун миңдеген кишилерди тойгузганынын маани-маңызын түшүнүшсө, анда анын суунун үстү менен басып, шамалды тынчтандырганына таң калбашы керек болчу. Шакирттер: «Сен, чын эле, Кудайдын Уулу экенсиң» — деп, ага таазим кылышат (Марк 6:52; Матай 14:33).

Ошондон кийин алар Капернаумдун түштүгүндөгү кооз, берекелүү Генисарет жерине сүзүп барышат. Анан кеме казыгын таштап, жээкке чыгышат. Эл пайгамбарды жазбай тааныйт. Тегеректегилердин баары чогулуп, пайгамбарга оорулууларды алып келе баштайт. Атүгүл сырт кийиминин чачыларына эле колун тийгизгендер куландан соо болуп, сакайып калышат.

Ал ортодо Иса пайгамбардын миңдегендерди керемет жолу менен тойгузганына күбө болгон кишилер анын кетип калганын байкашат. Андыктан алар Тибериядан келген чакан кайыктарга отуруп, Иса Машаяктын артынан Капернаумга жөнөшөт. Ага жолукканда: «Устат, бул жакка качан келдиң?» — деп сурашат (Жакан 6:25). Ошондо Машаяк аларды ашкерелейт. Мунун орчундуу себеби бар болчу.