Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

56-БӨЛҮМ

Адамды чынында эмне арам кылат?

Адамды чынында эмне арам кылат?

МАТАЙ 15:1—20; МАРК 7:1—23; ЖАКАН 7:1

  • ИСА ПАЙГАМБАР КААДА-САЛТТАРДЫ ОЙЛОП ТАПКАН ФАРИСЕЙЛЕРДИ АШКЕРЕЛЕЙТ

Биздин замандын 32-жылы. Пасах майрамына аз калды. Иса пайгамбар бүт убактысын кабар айтууга арнап, Галилеяда жүрөт. Анан, Мыйзамда талап кылынгандай, Иерусалимде боло турган Пасах майрамына барса керек. Бирок ал эч кимге көрүнбөй барууга аракет кылат, себеби жүйүттөр аны өлтүрүүнүн амалын издеп жүрүшөт (Жакан 7:1). Майрамдан кийин ал кайра Галилеяга барат.

Иерусалимден фарисейлер менен китепчилер келгенде, Машаяк Капернаумда жүргөн көрүнөт. Алар эмне үчүн ушунча жол жүрүп келишкен? Кылдан кыйкым издеген ал кишилер пайгамбарды диний каада-салттарды бузуп жатат деп айыпташ үчүн ар бир кадамын аңдып жүрүшөт. Алар: «Эмнеге шакирттериң ата-бабаларыбыздын салтын бузуп жатышат? Мисалы, тамактын алдында колдорун жуушпайт»,— деп айыпташат (Матай 15:2). Бирок Кудай элинен эч качан «колдорун чыканакка чейин жууш» керектигин талап кылган эмес (Марк 7:3). Ал эми фарисейлер бул кааданы аткаруудан баш тартууну олуттуу күнөө деп эсептешчү.

Иса пайгамбар алардын айыбын жокко чыгарганга шашпай, Кудайдын Мыйзамын атайлап бузуп жатышканын айтып, өздөрүн ашкерелейт. Ал мындай дейт: «Эмнеге өзүңөр чыгарып алган салтыңар үчүн Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар? Мисалы, Кудай: „Ата-энеңди сыйла“; „Атасына же энесине тил тийгизген адам өлүм жазасына тартылсын“,— деп айткан. Силер болсо: „Ким атасына же энесине: “Сизге жардам катары бере турган нерселеримдин баары — Кудайга арналган тартуу”,— деп айтса, ал атасын сыйлоого милдеттүү эмес“,— дейсиңер» (Матай 15:3—6; Чыгуу 20:12; 21:17).

Фарисейлердин айтымында, кимдир бирөө мүлкүн, акчасын же башка нерсесин ибадатканага тартуу катары арнаса, анда аны өзүнөн башка эч ким колдоно алчу эмес. Анын баары Кудайга арналганы менен, ээсинин колунда эле калчу. Мисалы, кимдир бирөө колунда болгондун баарын «курман», башкача айтканда, Кудайга же ибадатканага арналган тартуу деп жарыяласа, мүлккө бир гана ибадаткана ээлик кыла алат дегенди билдирчү. Анткен менен мүлктү ээси өзү колдоно берчү. Бирок улгайып, жардамга муктаж болгон ата-энесин багыш үчүн колдончу эмес. Кыскасы, бул каада ата-эненин алдындагы милдетти аткаруудан качуунун амалы болчу (Марк 7:11).

Бул Мыйзамды бурмалоого жаткан. Ошондуктан Иса пайгамбар ачууланып, мындай дейт: «Өзүңөрдүн салтыңар үчүн Кудайдын сөзүнүн баркын кетирип жатасыңар. Эки жүздүүлөр, Ышая силер жөнүндө мындай деп туура пайгамбарлык кылган: „Бул эл мени оозу менен урматтайт, жүрөктөрү болсо менден алыс. Алар мага куру бекер сыйынып жатышат, анткени адамдардын осуяттарын Кудайдын окууларындай кылып үйрөтүшөт“». Буга фарисейлер ым дей алышпайт. Иса пайгамбар элди чакырып: «Уккула да, сөздөрүмдүн маанисин түшүнгүлө: адамды оозуна кирген нерсе эмес, оозунан чыккан нерсе арам кылат»,— дейт (Матай 15:6—11; Ышая 29:13).

Кийинчерээк пайгамбар үйдө отурганда, шакирттери келип: «Айткан сөздөрүңдү укканда фарисейлердин кыжыры келгенин билесиңби?» — дешет. Устаты аларга: «Асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк тамыры менен жулунат. Аларды жайына койгула. Алар — сокур жол көрсөтүүчүлөр. Сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт»,— деп жооп берет (Матай 15:12—14).

Ал шакирттердин атынан Петирдин адамды эмне арам кыларын сураганына таң калган болуш керек. Андыктан мындай дейт: «Оозго кирген нерсенин баары ашказанга барып, анан тышка чыгарын билбейсиңерби? Ал эми ооздон чыккан нерселер жүрөктөн чыгат. Ошолор адамды арам кылат. Мисалы, жүрөктөн жаман ойлор, киши өлтүрүүчүлүк, ойноштук, бузуктук, уурулук, жалган жалаа, акарат сөздөр чыгат. Адамды мына ушулар арам кылат, ал эми колду жуубай тамактануудан эч ким арам болуп калбайт» (Матай 15:17—20).

Иса Машаяк жуунбай эле жүрө бериш керектигин, тамак жасаарда же ичерде колду жуубаш керектигин айткан эмес. Ал Кудайдын адил мыйзамдарын тебелеген, ойдон чыгарылган каада-салттарды жогору койгон эки жүздүү диний жетекчилердин бетин ачкан. Ооба, «адамды оозуна кирген нерсе арам кылбайт, оозунан чыккан нерсе арам кылат».