Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

58-БӨЛҮМ

Элди тойгузушу, ачыткы жөнүндө айтышы

Элди тойгузушу, ачыткы жөнүндө айтышы

МАТАЙ 15:32—16:12; МАРК 8:1—21

  • ИСА МАШАЯК 4 000 КИШИНИ ТОЙГУЗАТ

  • ФАРИСЕЙЛЕРДИН АЧЫТКЫСЫНАН САК БОЛУУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ

Галилея деңизинин чыгышынан Декаполиске келген Иса пайгамбарды калың эл тегеректеп алат. Алар анын насаатын угуп, ооруларынан айыккысы келет. Тамак-аш салынган чоң себеттерин да көтөрүп алышкан.

Бир нече күндөн кийин пайгамбар: «Элге боорум ооруп жатат, себеби үч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге да эчтекеси жок. Үйлөрүнө ачка коё берсем, жолдо алсырап калышат, анткени кээ бирлери алыстан келди»,— дейт. Шакирттери: «Ушундай ээн жерде бул элдин баарын тойгузганга кайдан нан табылмак эле?» — дешет (Марк 8:2—4).

Иса пайгамбар: «Канча наныңар бар?» — деп сурайт. «Жети нан, бир нече майда балык бар»,— дешет шакирттери (Матай 15:34). Ошондо пайгамбар элге жерге отурууну буйруйт. Анан нан менен балыкты алып, Кудайга ыраазычылык билдирет да, аларды шакирттерине берет. Алар элге таратышат. Аялдар менен балдарды кошпогондо, 4000дей киши тоё жейт. Жегенден калганын чогултканда, 7 чоң себет толот.

Элди тараткандан кийин Иса пайгамбар шакирттери менен Галилея деңизинин батыш жээгиндеги Магаданга сүзүп жөнөйт. Ал жактан садукейлердин сектасындагы айрым кишилер менен фарисейлер Иса пайгамбарды сынаш үчүн асмандан жышаан көрсөтүшүн суранышат.

Ниети кара дин кызматчылардын оюн билген Иса пайгамбар мындай дейт: «Кеч киргенде, силер: „Асман кызарып турат, демек, эртең күн ачык болот“,— дейсиңер. Эртең менен: „Бүгүн күн суук болуп, жаан жаайт экен, себеби асман кызыл болгону менен, түнөрүп турат“,— деп айтасыңар. Асманды карап, аба ырайын биле аласыңар да, убакытка байланыштуу жышаандарды билбейсиңер» (Матай 16:2, 3). Анан аларга Жунустукунан башка жышаан көрсөтүлбөй турганын айтат.

Андан соң шакирттери менен Галилея деңизинин түндүк-чыгышындагы Бетсаидага жөнөйт. Жолдон шакирттер нан алганды унутуп калышканын байкашат. Аларда бир эле нан бар болчу. Устаты: «Байкагыла! Фарисейлердин жана Ироддун ачыткысынан сак болгула»,— деп эскертет. Ал бир аз мурунураак жолуккан фарисейлер менен Иродду жактаган садукейлер жөнүндө сөз кылып жаткан болчу. Бирок шакирттер нанды унутуп калышканын айтып жатат болуш керек деп жаңылыш ойлоп алышат. Алардын оюн билген пайгамбар: «Эмнеге нан албай калганыңар үчүн талашып жатасыңар?» — дейт (Марк 8:15—17).

Устаты жакында эле миңдеген кишилерди нан менен тойгузган. Андыктан шакирттер анын нандын жоктугуна сарсанаа болбогонун түшүнүшү керек болчу. Ал: «Эсиңерден чыгып кеттиби, беш нанды 5000 кишиге бөлүп бергенимде, артып калганын чогултканыңарда, канча себет толду эле?» — деп сурайт. Алар болсо: «Он эки»,— дешет. Устаты: «Ал эми жети нанды 4000 кишиге бөлүп бергенимде, артып калганын чогултканыңарда, канча чоң себет толду эле?» — деп сураганда: «Жети»,— деп жооп беришет (Марк 8:18—20).

Иса пайгамбар: «Силерге нан жөнүндө айтпаганымды түшүнгөн жоксуңарбы? Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула»,—деп айтат (Матай 16:11).

Шакирттер ошондо барып араң түшүнүшөт. Ачыткы камырды ачытып, көбүртүп-жабыртат. Демек, Иса пайгамбар ачыткыны буза турган касиети бар нерсеге карата айткан. Ал «фарисейлер менен садукейлердин окуусунан», башкача айтканда, алардын терс таасиринен сак болуш керектигин эскерткен (Матай 16:12).