Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

62-БӨЛҮМ

Шакирттерин момун болууга үйрөтүшү

Шакирттерин момун болууга үйрөтүшү

МАТАЙ 17:22—18:5; МАРК 9:30—37; ЛУКА 9:43—48

  • ИСА МАШАЯК ӨЛӨРҮН ДАГЫ БИР ЖОЛУ АЙТАТ

  • БАЛЫКТЫН ООЗУНАН ТЫЙЫН АЛЫП, САЛЫК ТӨЛӨЙТ

  • ПАДЫШАЛЫКТА КИМИСИ ЧОҢ БОЛОТ?

Тоодон Иса пайгамбардын көрүнүшү өзгөрүп, падышалык бийликке ээ болорун көрсөттү. Эртеси күнү Филип Кесариясында жин бийлеп алган баланы айыктырды. Эми анын көздөгөн жери — Капернаум. «Бул тууралуу кимдир бирөөнүн билишин каалабагандыктан» шакирттерин эле ээрчитип, жол тартып баратат (Марк 9:30). Мындай сонун мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, аларды кийин аткара турган ишке, өзүнүн өлөрүнө даярдап, көп нерсени айтып берет. «Адам Уулун душмандарынын колуна салып беришет. Алар аны өлтүрүшөт, бирок ал үчүнчү күнү тирилет»,— деп айтат ал (Матай 17:22, 23).

Шакирттер муну биринчи жолу угуп отурушкан жок. Иса пайгамбар өлтүрүлөрүн буга чейин эле айткан болчу. Так ошондо элчи Петир Мырзасынын айтканына ишене албай, ага каршы чыккан эле (Матай 16:21, 22). Үч элчиси болсо Машаяктын көрүнүшүнүн өзгөрүшүнө күбө болуп, анын «дүйнөдөн кетүүсү» жөнүндөгү маекти өз кулагы менен угушкан (Лука 9:31). Алар Устатынын сөздөрүнүн маанисин акыр-аягына чейин түшүнүшпөсө да, «абдан капаланышат» (Матай 17:23). Ошентсе да бул туурасында сураганга батынышпайт.

Ошентип, алар Иса пайгамбар кызматын баштаган, элчилердин көбүнүн киндик каны тамган жерге — Капернаумга — келип жетишет. Ал жерден ибадаткана салыгын жыйнагандар элчи Петирге жолугат. Сыягы, Иса пайгамбарды салык төлөбөйт деп айыпташ үчүн алар: «Устатыңар ибадатканага салык төлөйбү?» — деп сурашат (Матай 17:24).

Элчи Петир: «Ооба»,— деп жооп берет. Бирок ал үйгө киргенде, сыртта эмне жөнүндө сөз болгонун жакшы билген Иса пайгамбар андан мурун сөз баштап: «Кандай деп ойлойсуң, Симон, жердеги падышалар алык-салыктарды кимден алышат? Өз уулдарынанбы же бөтөн кишилерденби?» — деп сурайт. «Бөтөн кишилерден»,— дейт элчи Петир. Ошондо пайгамбар: «Демек, уулдары салык төлөбөйт турбайбы»,— деп айтат (Матай 17:25, 26).

Иса Машаяктын Атасы — ай-ааламдын Падышасы. Эл ибадатканада так ошол Падышага сыйынчу. Андыктан Кудайдын Уулу ибадатканага салык төлөөгө милдеттүү эмес болчу. «Бирок аларды мүдүрүлтпөш үчүн деңизге барып, кайырмак сал. Биринчи эле кармаган балыгыңдын оозун ачсаң, күмүш тыйын [статир — наркы 4 драхмага барабар болгон күмүш тыйын] табасың. Аны алып, экөөбүз үчүн төлөп кой»,— дейт пайгамбар (Матай 17:27).

Көп өтпөй шакирттер чогулушат. Алар Падышалыкта ким чоң болорун билгиси келишет. Устатынын өлүмү жөнүндө сураганга даай албай турган шакирттер эми өздөрүнүн келечеги тууралуу сурагысы келишет. Машаяк алардын эмне жөнүндө ойлонуп жатканын беш колдой билет. Анткени Мырзасын ээрчип, Капернаумду көздөй келатканда алар дал ушул нерсе жөнүндө талашып-тартышышкан эле. Андыктан ал: «Жолдо эмне тууралуу талаштыңар?» — деген суроо узатат (Марк 9:33). Уялган шакирттер үн дебей туруп калышат, себеби кимибиз чоңбуз деп талашып келишкен болчу. Бир аздан соң алар: «Асман Падышалыгында ким баарынан чоң болот?» — деп сураганга батынышат (Матай 18:1).

Мырзасын дээрлик үч жылга жакын убактан бери ээрчип, даанышман кеп-кеңештерин угуп жүргөн шакирттердин ушинтип талашканына таң калбай койбойсуң. Бирок элчилер жеткилең эмес кишилер болчу. Мындан сырткары, алар жогорку абалга, кадыр-баркка өтө көп маани берилген коомдо чоңоюп-өсүшкөн. Анын үстүнө, Устаты жакында эле элчи Петирге Падышалыктын «ачкычтарын» берерин убадалаган болчу. Ошон үчүн ал өзүн башкалардан жогору көрүшү мүмкүн беле? Машаяктын көрүнүшүнүн өзгөрүшүнө күбө болгон Жакып менен Жакан да, балким, өздөрүн башкалардан өзгөчө көргөн чыгар.

Кандай болбосун, Иса пайгамбарга шакирттеринин көз карашын өзгөртүүгө туура келет. Ал кичинекей баланы чакырып, алардын ортосуна тургузат да, мындай дейт: «Силерге айтып коёюн, жолуңардан бурулуп, кичинекей балдардай болбосоңор, асман Падышалыгына кирбейсиңер. Ошондуктан ким өзүн ушул кичинекей баладай төмөн койсо, ал асман Падышалыгында чоң болот. Ким ушундай баланы менин ысмым үчүн кабыл алса, ал мени кабыл алган болот» (Матай 18:3—5).

Мыкты Устат деп мына ушуну айт! Ал шакирттерине ачууланган эмес. Аларды бийликке жутунган ач көз немесиңер деп жемелебестен, жүрөгүн козгогонго аракет кылган. Кичинекей балдардын жогорку абал, кадыр-барк менен иши да жок. Ооба, шакирттер ичинде кымындай да кири жок баладай болушу керек эле. Машаяк акырында: «Ким араңарда өзүн кичүүдөй алып жүрсө, ошол баарынан чоң»,— деген таасирдүү сөздөрдү айтат (Лука 9:48).