Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

63-БӨЛҮМ

Маанилүү кеңештер

Маанилүү кеңештер

МАТАЙ 18:6—20; МАРК 9:38—50; ЛУКА 9:49, 50

  • БАШКАЛАРДЫ МҮДҮРҮЛТПӨӨГӨ БАЙЛАНЫШТУУ КЕҢЕШ

  • ЭГЕР БИР ТУУГАНЫҢ КҮНӨӨ КЕТИРСЕ...

Машаяк жолдоочуларынын кандай көз карашта болушу керектигин айтты. Ооба, алар бой көтөрбөгөн, көрүнүктүү абалга умтулбаган балдардай болушу керек. Алар ушундай балдарды Машаяктын ысмы үчүн кабыл алса, Машаякты кабыл алган болмок (Матай 18:5).

Кимибиз чоңбуз деп талашып келаткан элчилер Мырзасынын сөздөрүн кеңеш катары кабыл алышса керек. Көп өтпөй эле элчи Жакан: «Устат, биз сенин ысмың менен жиндерди кууп чыгарып жүргөн бир кишини көрдүк. Биз менен чогуу жүрбөгөндүктөн, аны тыйганга аракет кылдык»,— деп айтып келет (Лука 9:49).

Элчи Жакан элди айыктырууга, жиндерди кууп чыгарууга элчилерге эле бийлик берилген деп ойлогонбу? Ошондой болсо, эмне үчүн тиги жүйүт киши жиндерди кууп чыгара алган? Ал Иса Машаяк менен элчилерди ээрчип жүрбөгөндүктөн, элчи Жакан анын керемет жасоого укугу жок деп ойлосо керек.

Устаты аны таң калтырганы шексиз. Ал мындай дейт: «Аны жөн койгула, анткени ким менин ысмым менен кереметтерди жасаса, ал ошол эле замат мени жамандап кирбейт. Себеби ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта. Ким силерге Машаяктын шакирттери болгонуңар үчүн бир чөйчөк суу берсе,.. ал сыйлыксыз калбайт» (Марк 9:39—41).

Ошол мезгилде жүйүт киши Машаяк тарапта болуш үчүн сөзсүз эле аны ээрчип жүрүшү керек эмес болчу. Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы уюшула элек болгондуктан, ал кишинин Машаякты жандап жүрбөгөнү анын душман экенин же жалган динди колдогонун билдирген эмес. Анын Машаякка ишенгени күмөнсүз болгон. Андыктан ал сыйлыксыз калмак эмес.

Ал эми элчилер сөзү же иши менен ал кишини мүдүрүлтүп алса, бул олуттуу күнөө болмок. Ошондуктан Иса пайгамбар: «Ким мага ишенген ушул кичинелердин бирин мүдүрүлтсө, анын мойнуна эшек айланткан тегирмен ташын байлап, деңизге ыргытып жиберишсе жакшы болмок»,— дейт (Марк 9:42). Ал кимдир бирөөнүн мүдүрүлүшүнө себепкер болгондон көрө, кол, бут, көз сыяктуу баалуу нерселерден айрылуу артык болмоктугун айткан. Ооба, ушундай маанилүү нерселерди сактап калып, бирок гээнага (Ином өрөөнүнө) ташталгандан көрө, алардан айрылып, Падышалыкка кирген артык болмок. Элчилер Иерусалимдин жанындагы таштанды өрттөлгөн Ином өрөөнүн көрүп эле жүргөндүктөн Устатынын түбөлүккө жок болуу жөнүндө айткандарын түшүнүшсө керек.

Машаяк: «Байкагыла, бул кичинелердин бирин да кемсинтпегиле, анткени,.. алардын периштелери асманда Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат»,— деп да эскертет. «Кичинелер» Атасынын көз алдында канчалык баалуу болгон? Муну түшүндүрүш үчүн 100 кою бар, бирок 1 кою жоголуп кеткен кишини мисал кылат. Ал оторун калтырып, жоголгон коюн издеп жөнөйт, анан 99 коюна караганда табылган 1 кою үчүн көбүрөөк сүйүнөт. Пайгамбар: «Асмандагы Атам да ушул кичинелердин биринин да жок болушун каалабайт»,— дейт (Матай 18:10, 14).

Кыязы, кимибиз чоңбуз деп талаша берген элчилерине сарсанаа болгондуктан Иса пайгамбар: «Ичиңерде туз болсун, бири-бириңер менен тынчтыкта болгула»,— деп үндөйт (Марк 9:50). Туз тамактын даамын чыгарат. Каймана туз да сөздү жагымдуу, уккулуктуу кылып, тынчтыкка өбөлгө түзөт. Ал эми талаш-тартыш чыр-чатакка айланат (Колосалыктар 4:6).

Пайгамбар келишпестиктер пайда болгондо эмне кылыш керектигин да айтат. Ал: «Эгер бир тууганың сага каршы күнөө кылса, бар да, жекеме-жеке сүйлөшүп, айыбы эмнеде экенин айт. Эгер сени укса, анда бир тууганыңды кайтарып алган болосуң»,— дейт. Эгер ал укпай койсочу? Анда: «Бир же эки кишини ээрчитип бар. Ошентип, ар бир иш эки же үч күбөнүн сөзү менен ырасталсын»,— деп кеңеш берет. Көйгөй ошондон кийин да чечилбесе, «жыйналышка» — маселелерди кароого укук берилген аксакалдарга — билдирүү керектигин айтат. Күнөө кетирген киши аларды да укпай койсо, эмне кылуу талап кылынган? Жүйүттөрдүн дүйнөнүн адамдары жана салык жыйноочулар менен мамилелешпегенин эске алып, Иса пайгамбар: «Анда ал сен үчүн дүйнөнүн адамындай же салык жыйноочудай болсун»,— дейт (Матай 18:15—17).

Көзөмөлчүлөр Ыйык Китептеги кеңештерге бекем карманышы керек. Эгер алар кимдир-бирөөнү тартипке салууну туура көрүшсө, бул «асманда да байланган болот». Бирок аны күнөөсүз деп табышса, бул «асманда да чечилген болот». Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы уюшулганда, ушул көрсөтмөлөрдүн пайдасы сөзсүз тиймек. Олуттуу маселелер чечилип жатканда, Машаяк өзү да катышарын баса белгилеп: «Кайсы жерде эки же үч адам менин атыман чогулса, мен ошол жерде алардын арасында болом»,— деп айтат (Матай 18:18—20).