Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

67-БӨЛҮМ

«Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»

«Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»

ЖАКАН 7:32—52

  • ИСА МАШАЯКТЫ КАРМАП КЕЛҮҮГӨ САКЧЫЛАР ЖИБЕРИЛЕТ

  • НИКЕДИМ ИСА МАШАЯКТЫ ЖАКТАЙТ

Алачык майрамы дагы деле соңуна чыга элек. Иса Машаяк да ошол жакта. Элдин арасынан көптөрдүн ага ишенип калганына ал ичинен ыраазы. Бирок буга диний жетекчилердин кыжыры кайнабай койбойт. Алар, жоокерлерин жумшаган аскер башчыларынан бетер, аны кармап келүүгө сакчыларды жиберишет (Жакан 7:31, 32). Ал эми Иса пайгамбардын жашынайын деген деле ою жок.

Ал элди ачык эле окутуп жүрөт. Аларга: «Дагы бир аз убакыт араңарда болом, андан кийин мени жибергенге кайтып барам. Мени издейсиңер, бирок таппайсыңар. Мен барган жакка силер бара албайсыңар»,— дейт (Жакан 7:33, 34). Анча түшүнө бербеген жүйүттөр: «Биз таба албагыдай, бул кайда барганы жатат? Гректердин арасына чачырап кеткен жүйүттөргө барып, гректерди да окутканы жатабы? „Мени издейсиңер, бирок таппайсыңар. Мен барган жакка силер бара албайсыңар“,— деген сөздөрүн кандай түшүнсө болот?» — деп өз ара сүйлөшүшөт (Жакан 7:35, 36). Бирок Иса пайгамбар өлөрү, тирилип, асманга кетери жөнүндө айтып жаткан эле. Мына ошон үчүн душмандары ал барган жерге бара алмак эмес.

Ошентип, Алачык майрамынын жетинчи күнү да келет. Майрамдын ар бир күнүндө эртең менен дин кызматчы Силоом көлмөсүнөн суу сузуп келип, ибадатканадагы курмандык жайынын түбүнө төкчү. Кыязы, ошол кааданы эске алып, Машаяк үнүн бийик чыгара: «Ким суусаса, мага келсин. Мен ага суу берем. Ыйык Жазмада айтылгандай, мага ишенгендин „ичинен өмүр суусу агат“»,— дейт (Жакан 7:37, 38).

Ал шакирттеринин ыйык рух менен майланып, асманда жашоого чакырыла баштаганда боло турган окуялар жөнүндө сөз кылып жаткан эле. Шакирттери ал өлгөндөн кийинки жылдын Элүүнчү күн майрамында ыйык рух менен майланышмак. Алар Кудай жөнүндөгү чындыкты тарата баштаганда, түбөлүк өмүргө ээ кыла турган суу күргүштөп ага баштамак.

Аны угуп тургандардын айрымдары: «Бул чынында эле Пайгамбар экен»,— десе, башкалары: «Бул — Машаяк»,— дешет. Бирок кээ бирлери шектене: «Машаяк Галилеядан чыкмак беле? Ыйык Жазмада Машаяк Дөөтүнүн тукумунан, Дөөтү жашаган Бетлехем айылынан чыгат деп айтылбады беле?» — деп айтышат (Жакан 7:40—42).

Айтор, элдин ою ар башка. Айрымдар Иса пайгамбарды камакка алгысы келсе да, эч кимиси аны кармаганга даай алган жок. Кармап келгени жиберилген сакчылар өздөрү эле келгенде, фарисейлер менен диний жетекчилер: «Аны эмнеге кармап келген жоксуңар?» — деп сурашат. Тигилер: «Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»,— деп жооп беришет. Көзүнөн заары чыккан диний жетекчилер аларды: «Эмне, силер да алданып калдыңарбы? Башчылар менен фарисейлердин ичинен ага ишенген бирөө болду беле? Ал эми Мыйзамды билбеген бул эл каргышка калган»,— деп тилдеп киришет (Жакан 7:45—49).

Ошондо жүйүттөрдүн жогорку сотунун мүчөсү болгон Никедим деген фарисей Иса пайгамбардын таламын талаша баштайт. Мындан эки жарым жылдай мурун Никедим Иса Машаякка түн жамына барып, ага ишенерин айткан болчу. Эми ал тайманбай: «Биздин мыйзам боюнча, адамдын өзүн укпай туруп, эмне кылганын териштирбей туруп ага өкүм чыгарууга болобу?» — деп айтат. Актанганга маш фарисейлер: «Эмне, сен да галилеялыксыңбы? Ыйык Жазманы изилдеп көр, ошондо Галилеядан пайгамбар чыкпай турганын көрөсүң»,— деп айтышат (Жакан 7:51, 52).

Ыйык Жазмада пайгамбар Галилеядан чыгат деп ачык айтылбаганы чын. Бирок анда Машаяктын Галилеядан келери жөнүндө айтылган. Мисалы, «башка элдер отурукташкан Галилеянын» «улуу жарыкты көрөрү» тууралуу күн мурун айтылган болчу (Ышая 9:1, 2; Матай 4:13—17). Мындан тышкары, Иса Машаяк Бетлехемде төрөлмөк жана Дөөтү падышанын тукумунан чыкмак. Мунун баарын билип турса да, фарисейлер Иса пайгамбар жөнүндө ар кандай ушак-айың таратып, элдин башын маң кылышат.