Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

72-БӨЛҮМ

70 шакиртин кабар айтууга жөнөтүшү

70 шакиртин кабар айтууга жөнөтүшү

ЛУКА 10:1—24

  • ИСА ПАЙГАМБАР 70 ШАКИРТИН ТАНДАП, КАБАР АЙТУУГА ЖӨНӨТӨТ

Машаяктын чөмүлгөнүнө үч жылдай болду. Б.з. 32-жылы аяктап баратат. Ал жакында эле Алачык майрамына шакирттери менен келип катышты. Кыязы, алар дагы деле Иерусалимдин тегерегинде (Лука 10:38; Жакан 11:1). Иса Машаяк Жүйүт жериндегилерге жана Перея аймагындагыларга кабар айтып жүрөт. Кызматынын акыркы 6 айынын көбү ошол жерде өтүп жатат. Ооба, ал жердин эли да жакшы кабарды угууга муктаж.

Б.з. 30-жылы Пасах майрамына катышкан соң Иса пайгамбар Жүйүт аймагында бир нече ай кабар айтып, анан Самарияны кыдырган болчу. Ал эми 31-жылы Пасах майрамында Иерусалимдеги жүйүттөр аны өлтүрүүгө аракет кылышкан эле. Кийинки бир жарым жыл бою пайгамбар, негизинен, Галилеяда жүрдү. Ошол убакта көптөр анын шакирти болушту. Так ошол Галилеяда Иса Машаяк элчилерин окутуп-үйрөтүп, кабар айтууга жөнөткөн эле. Устатынын көрсөтмөсүнө ылайык, алар жер-сууну кыдырып: «Асман Падышалыгы жакындап калды»,— деп кабар айтышкан болчу (Матай 10:5—7). Эми Жүйүт жеринде кабар айтууга убакыт келип жетти окшойт.

Иса пайгамбар 70 шакиртин тандап, аларды эки-экиден жөнөтөт. Ошентип, кабар айтууга даяр болгон шакирттер «түшүм... көп, ал эми жумушчулар аз» болгон аймакка жөнөп кетишет (Лука 10:2). Алар кийинчерээк Устаты бара турган жерлерге барышкан жана ал жарыялаган кабарды жарыялап, оорулууларды айыктырышкан.

70 шакирт элди синагогаларда окуткан эмес. Машаяк ар бир үйгө барууну буйруп: «Кайсы үйгө кирбегиле, адегенде: „Бул үйгө тынчтык болсун“,— деп айткыла. Эгерде ал үйдө тынчтыкты сүйгөн киши... бар болсо, тынчтыгыңар анда калат»,— деген көрсөтмө берген. Алар эмне жөнүндө кабар айтышкан? Жолуккандарга: «Кудайдын Падышалыгы силерге жакындап калды»,— деп айтышкан (Лука 10:5—9).

Бир жылдай мурун 12 шакиртине кандай көрсөтмөлөрдү берсе, 70 шакиртине да так ошондой көрсөтмөлөрдү берет. Бирок баары эле уга бербей турганын да эскертет. Алардын максаты элдин жүрөгүн жакшы кабарды кабыл алууга даярдоо болгон. Анткени кийинчерээк ошол жерлерге Машаяк өзү барганда, эл аны угуп, көп нерселерди биле алмак.

Көп өтпөй 70 шакирт кайтып келет. Кубанычы койнуна батпаган шакирттер: «Мырзабыз, сенин ысмыңды айтканда, бизге атүгүл жиндер да баш ийип жатышты» — деп, тең жарыша айтып беришет. Сүйүнгөн Мырзасы: «Мен Шайтандын асмандан чагылган сыяктуу кулап түшкөнүн көрдүм. Силерге жыландар менен чаяндарды тебелегенге... бийлик берип жатам»,— деп айтат (Лука 10:17—19).

Ал жолдоочуларын эч кандай зыянга учурабай турганына ынандыргысы келген. Ооба, алар каймана маанидеги жыландар менен чаяндарды тебелеп-тепсешмек. Келечекте Шайтандын асмандан кулатыларына да шектенишкен эмес. Иса пайгамбар 70 шакиртине кызматта баарынан эмне маанилүү экенин түшүнүүгө да жардам берет. Ал: «Жиндердин баш ийип жатканына эмес, ысмыңардын асманда жазылганына кубангыла»,— дейт (Лука 10:20).

Ал момун кызматчыларына ажайып иштерди кылууга күч бергени үчүн, Атасына аябай ыраазы болуп, аны эл алдында даңктайт. Анан шакирттерине: «Силер көрүп жаткан нерселерди көргөндөр бактылуу... Көптөгөн пайгамбарлар менен падышалар силер көрүп жатканды көргүсү келген, бирок көрүшкөн эмес; силер угуп жатканды уккусу келген, бирок угушкан эмес»,— деп айтат (Лука 10:23, 24).