Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

76-БӨЛҮМ

Фарисейдин үйүнө конокко барышы

Фарисейдин үйүнө конокко барышы

ЛУКА 11:37—54

  • ИСА МАШАЯК ЭКИ ЖҮЗДҮҮ ФАРИСЕЙЛЕРДИ АЙЫПТАЙТ

Иса пайгамбар Жүйүт жеринде жүргөндө бир фарисейдин үйүнө конокко барат (Лука 11:37, 38; салыштыр: Лука 14:12). Фарисейлер даам сызардан мурун колдорун чыканакка чейин жууй турган. Бирок пайгамбар бул кааданы аткарбайт (Матай 15:1, 2). Колду чыканакка чейин жууганда, Мыйзам бузулбайт деле болчу, ошол эле учурда Кудай муну талап кылган эмес.

Үй ээси Машаяктын бул салтка карманбаганын көрүп, аң-таң болот. Муну баамдаган пайгамбар: «Силер, фарисейлер, чөйчөк менен табактын сыртын тазалайсыңар, ал эми ичиңер ач көздүккө, арамдыкка толгон. Акылсыздар! Сыртын ким жаратса, ичин да ошол жараткан эмеспи?» — деп айыптайт (Лука 11:39, 40).

Кеп колду жууганда эмес, диний жетекчилердин эки жүздүүлүгүндө болгон. Адатынча колун жууган фарисейлер да, башкалар да жүрөгүн ыпыластыктан тазалашкан эмес. Ошондуктан Машаяк: «Жакырларга жүрөгүңөрдөгү нерселерден кайыр бергиле. Ошондо бардык жагынан таза болосуңар»,— дейт (Лука 11:41). Кандай гана таамай айтылган сөздөр! Ооба, муктаж болгондорго элди суктандырып, адил көрүнүш үчүн эмес, чын жүрөктөн жардам берүү керек.

Пайгамбар фарисейлерди зыкымсыңар деп айткысы келген эмес. Ал мындай дейт: «Жалбыздын, адырашмандын жана ар кандай бакча өсүмдүктөрүнүн ондон бир бөлүгүн бересиңер, бирок адилеттүүлүк менен Кудайга болгон сүйүүгө маани бербейсиңер! Тигини да кылышыңар керек болчу, бирок башкаларын да көз жаздымында калтырбашыңар керек эле» (Лука 11:42). Мыйзамда элден ондуктарды алып келүү талап кылынган (Мыйзам 14:22). Эл жалбыз, адырашман жана тамактын даамын чыгарган башка чөп-чарлардан да алып келе турган. Фарисейлер ушундай чөптөрдүн ондон бир бөлүгүнүн эч нерсесин кемитпей беришкен. Бирок алар адилеттик менен иш кылуу, Кудайдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүрүү сыяктуу маанилүү осуяттарды аткарышканбы? (Микей 6:8).

Иса пайгамбар сөзүн улап, мындай дейт: «Фарисейлер, башыңарга каран түн түшөт! Анткени синагогаларда алдыңкы орундарда отурганды, базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын жакшы көрөсүңөр. Силердин башыңарга каран түн түшөт! Анткени билинбей калган мүрзөлөргө окшошсуңар. Адамдар болсо байкабай, аларды тебелеп басып жүрө беришет» (Лука 11:43, 44). Кимдир бирөө билинбей калган мүрзөнү басып алса, сыйынууга байланыштуу иштерге катыша албай калмак. Андыктан пайгамбар фарисейлердин ичи арамдыкка толгонун ачыкка чыгарыш үчүн ушул мисалды келтирет (Матай 23:27).

Бир маалда Мыйзамды жакшы билген бир киши: «Устат, бул сөздөрүң менен бизди да кемсинтип жатасың»,— деп нааразы болот. Бирок Мыйзам билермандары өздөрүнүн башкаларга кайрымы жок адамдар экенин түшүнүшү керек болчу. Ошол себептен пайгамбар: «Мыйзам билермандары, силердин башыңарга да каран түн түшөт! Анткени башкаларга көтөрө алгыс жүктөрдү артасыңар, өзүңөр болсо колуңардын учун да тийгизип койбойсуңар. Силердин башыңарга каран түн түшөт! Анткени пайгамбарларга күмбөз тургузасыңар. Аларды болсо ата-бабаларыңар өлтүргөн»,— дейт (Лука 11:45—47).

Машаяк сөз кылган «жүк» ооздон оозго өтүп келаткан каада-салттар менен фарисейлердин Мыйзамды чечмелеген түшүндүрмөлөрү болчу. Андай кишилер элдин жашоосун жеңилдетмек турсун, түйшүккө салып, эзишкен. Алардын ата-бабалары Абыл жашаган убактан тартып пайгамбарларды өлтүрүп келишкен. Алар пайгамбарларга күмбөздөрдү тургузуп, ардактамыш эткени менен, ата-бабаларынан эч айырмасы болгон эмес. Анткени Кудайдын эң эле көрүнүктүү Пайгамбарынын көзүн тазалагысы келген. Иса пайгамбар айткандай, ошол муун жазасыз калмак эмес. Алар болжол менен 38 жылдан кийин, б.з. 70-жылы, жоопко тартылмак.

Иса пайгамбар: «Мыйзам билермандары, башыңарга каран түн түшөт! Анткени билимдин ачкычын алып алып, өзүңөр да кирбей, киргиси келгендерди да киргизбей жатасыңар»,— деп да кошумчалайт (Лука 11:52). Ооба, алар билимге зар карапайым элге Кудайдын Сөзүн түшүндүрбөстөн, аны жаап-жашырышкан.

Муну фарисейлер менен китепчилер кандай кабыл алышат? Машаяк үйдөн чыкканда, алар жинденип, дагы башка суроолорду жаадыра башташат. Бирок алар бир нерсеге үйрөнүш үчүн эмес, эптеп эле аны сөздөн кармап, камакка алуунун амалын издешкен.