Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

79-БӨЛҮМ

Өкүнбөгөндөр жок болот

Өкүнбөгөндөр жок болот

ЛУКА 13:1—21

  • ЭКИ КЫРСЫК ЖӨНҮНДӨ СӨЗ КЫЛАТ

  • ИШЕМБИДЕ БҮКҮРӨЙГӨН АЯЛДЫ АЙЫКТЫРАТ

Иса пайгамбар элге Кудайдын алдында кандай атка ээ экени жөнүндө ойлонууга түрткү бериш үчүн эмнелерди гана кылган жок. Фарисейдин үйүнүн жанында эл менен сүйлөшкөндөн көп өтпөй дагы бир окуя болот.

Чогулган эл кыжы-кужу боло баштайт. Алар Рим башкаруучусу Понтий Пилаттын галилеялыктардын «канын өздөрү чалган курмандыктардын каны менен аралаштырып салганы» жөнүндө кеп кылып жатышкан эле (Лука 13:1).

Пилат Иерусалимге суу киргизүү үчүн дубалдын үстү менен өтө турган арыктарды курууга ибадаткананын казынасынан акча алган болчу. Буга миңдеген жүйүттөр каршы болуп, көтөрүлүш чыгарышкан эле. Пилат көтөрүлүштү басканда, өлгөндөрдүн арасында галилеялыктар да болгон көрүнөт. Пилат ал акчаны ибадатканадагы аттуу-баштуу кишилердин жардамы менен алган деп божомолдонот. Эл галилеялыктар жаман иштеринин айынан кырсыкка кабылышкан деп ойлосо керек. Бирок Иса пайгамбардын ою таптакыр башка болгон.

Ал: «Ошол галилеялыктар башкаларына караганда көбүрөөк күнөөкөр болгону үчүн ошентип азап чегишти деп ойлойсуңарбы?» — деген суроо узатат да, суроосуна өзү: «Силерге айтып коёюн, андай эмес»,— деп жооп берет. Анан жүйүттөрдү: «Өкүнбөсөңөр, баарыңар ошолорго окшоп жок болосуңар»,— деп эскертет (Лука 13:2, 3). Андан соң дагы бир кырсык жөнүндө айтат. Ал кырсык жанагы арыктын курулушуна түзмө-түз байланыштуу болгон көрүнөт.

Иса пайгамбар элден: «Силоомдогу мунара кулаганда, алдында калып өлгөн он сегиз киши Иерусалимдин башка тургундарына караганда көбүрөөк күнөөкөр болгон деп ойлойсуңарбы?» — деп сурайт (Лука 13:4). Эл аларды да жаман иштери үчүн кырсыкка кабылган деп эсептесе керек. Пайгамбар буга да кошулбайт. Анткени «баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабыларын» жана 18 киши ошол жерде болуп калганы үчүн эле өлгөнүн билген (Насаатчы 9:11). Кандай болбосун, эл кырсыктардан сабак алышы керек болчу. «Өкүнбөсөңөр, баарыңар ошолорго окшоп жок болосуңар»,— дейт Иса пайгамбар (Лука 13:5). Пайгамбар элди кырсыктардан сабак алууга эмне үчүн так ошол учурда үндөгөн?

Себеби кызматы аяктап бараткан. Ал мындай мисал келтирет: «Бир кишинин жүзүмзарында анжир дарагы болот. Ал киши келип, андан мөмө издеп, таппай коёт. Анан жүзүмчүгө барып: „Мен үч жылдан бери келип, ушул анжир дарагынан мөмө издеп, бирди да тапкан жокмун. Аны кыйып ташта! Бекер эле жерди ээлеп турганда эмне пайда?“ — дейт. Жүзүмчү: „Кожоюн, аны быйыл да жөн кой. Түбүн жумшартып, кык төгүп көрөйүн. Эгер мөмө берсе, анда жакшы. Бербесе, кыйып саласың“,— деп жооп берет» (Лука 13:6—9).

Үч жылдан ашык убакыттан бери Машаяк жүйүттөрдүн ишенимин өстүрүүгө аракет кылып келген. Тилекке каршы, аз эле киши анын жолдоочусу болуп, анын жумшаган аракетин актаган болчу. Кызматы 4-жылга таяп баратканда, пайгамбар ого бетер жигердүү кызмат кылууга киришкен. Анын Жүйүт менен Переядагы жүйүттөргө кабар айтып, окутканы анжирдин түбүн жумшартып, кык төккөнгө эле тете болгон. Мунун натыйжасы кандай болгон? Аз эле киши кулак каккан. Жалпы жонунан бүтүндөй эл өкүнгүсү келген эмес, ошондуктан алардын өмүрү кылдын учунда турган.

Элдин көбүнүн тоң моюн экени көп өтпөй эле Ишемби күнү дагы бир жолу айкын болгон. Иса пайгамбар синагогада сөз сүйлөп жатканда жиндин таасиринен улам 18 жылдан бери бүкүрөйүп жүргөн бир аялды көрөт. Ага боору ачып: «Аял, ооруңдан арылдың»,— дейт (Лука 13:12). Анан анын үстүнө колун коёт. Аял ошол замат айыгып, боюн түзөйт да, Кудайды даңктай баштайт.

Синагога башчысы элге: «Иш кылганга алты күн бар эмеспи. Айыгыш үчүн ишембиде эмес, ошол күндөрү келгиле»,— деп ачууланат (Лука 13:14). Ал Машаяктын айыктырууга кудуреттүү экенин четке какпаса да, Ишемби күнү айыкканы келген элди урушат. Пайгамбар: «Эки жүздүүлөр, силер ишембиде малканадагы өгүзүңөрдү же эшегиңерди чечип, сугарганы алып барбайсыңарбы? Анда Шайтан он сегиз жылдан бери кишендеп келген бул аялды, Ыбрайымдын кызын, ишемби күнү бошотконго эмне үчүн болбосун?» — деген ойлондурарлык сөздөрдү айтат (Лука 13:15, 16).

Ошондо дин кызматчылар уят болушат. Ал эми карапайым эл Иса пайгамбардын улуу иштерин көрүп, кубанып-шаттанат. Андан кийин Иса пайгамбар Галилея деңизинин жээгинде мурунураак айткан Падышалык жөнүндөгү пайгамбарлык мааниси бар эки мисалын кайталайт (Матай 13:31—33; Лука 13:18—21).