Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

80-БӨЛҮМ

Жакшы Койчу жана кой короолор

Жакшы Койчу жана кой короолор

ЖАКАН 10:1—21

  • ЖАКШЫ КОЙЧУ ЖАНА КОЙ КОРООЛОР ЖӨНҮНДӨ АЙТАТ

Иса пайгамбар дагы деле Жүйүт аймагында элди окутуп жүрөт. Ал койлор менен кой короолор жөнүндө сөз кылганда, бул дароо эле элдин көз алдына тартыла түшөт. Бирок анын сөздөрүнүн каймана мааниси бар. Жүйүттөр шак эле Дөөтү пайгамбардын: «Жахаба — менин Койчум. Мен эч нерседен кем болбойм. Ал мени оттуу жайытка жуушатат»,— деген сөздөрүн эстешсе керек (Забур 23:1, 2). Дөөтү пайгамбар элди: «Жаратканыбыз Жахабанын алдында тизе бүгөлү. Анткени ал — биздин Кудайыбыз, биз — анын жайытындагы элибиз»,— деп да чакырган (Забур 95:6, 7). Ооба, ысрайыл эли эзелтен бери эле койго салыштырылып келген.

Ысрайылдыктар «койлорго» салыштырылса, алардын төрөлгөнүнөн тартып, Мыйзам келишимине ылайык жашаганы «кой короодо» жүргөнүн билдирген. Мыйзам аларды ыпыластыкка баткан кошуна элдердин таасиринен сактап турган чеп болгон. Тилекке каршы, айрым ысрайылдыктар Кудайдын оторуна катаал мамиле кылышкан. Ошондуктан Иса Машаяк: «Ким кой короого эшиктен эмес, башка жагынан кирсе, ал — ууру, каракчы. Ал эми ким эшиктен кирсе, ал — койчу»,— дейт (Жакан 10:1, 2).

Эл «ууру, каракчы» деген сөздөрдү укканда дароо эле Машаяк атанган жүзү кара кишилерди эстеген көрүнөт. Эл андай калпычыларды эмес, «койчуну» ээрчиши керек болчу. «Койчу» жөнүндө Иса пайгамбар мындай дейт:

«Кароолчу ага эшикти ачып берет. Койлор анын үнүнө кулак салат. Ал болсо койлорун атынан чакырып, тышка чыгарат. Койлорунун баарын чыгаргандан кийин алардын алдына түшүп басат, койлору болсо анын артынан ээрчишет, анткени анын үнүн таанышат. Алар чоочун бирөөнү эч качан ээрчибейт, тескерисинче, андан качышат, анткени чоочундардын үнүн таанышпайт» (Жакан 10:3—5).

Бир нече жыл мурун Чөмүлдүрүүчү Жакан, кароолчудай болуп, Мыйзам боюнча жашаган ысрайылдыктарга алар ээрчиши керек болгон Койчу Машаяк экенин көрсөткөн. Мунун аркасында Галилея жана Жүйүт жериндеги айрым «койлор» Машаяктын үнүн таанышкан. Машаяк аларды «тышка чыгарып» каякка алпармак? Алар мунун аркасында кандай пайда алышмак? Эл «айтылгандардын маанисин түшүнбөгөндүктөн» ойго батып туруп калат (Жакан 10:6).

Пайгамбар муну мындай деп түшүндүрөт: «Мен койлор кире турган эшикмин. Менин атымды жамынып келгендердин баары — ууру жана каракчы. Койлор алардын үнүнө кулак салган эмес. Мен эшикмин. Ким мен аркылуу кирсе, ал куткарылат. Ал ичкери кирет, тышка чыгат, жайыт табат» (Жакан 10:7—9).

Бул сөздөр эл үчүн жаңы нерсе болчу. Алар анын кылымдар бою күчүндө болгон Мыйзам келишимине алпарган «эшик» эмес экенин жакшы билишет. Андыктан: «Демек, Иса пайгамбар койлорду тышка чыгарып, башка кой короого киргизет окшойт»,— деп ойлошкон чыгар. Ошол короого киргендер кандай пайда алышмак?

Иса пайгамбар эмне үчүн келгенин түшүндүрүп: «Мен болсо алар өмүргө, болгондо да чексиз өмүргө ээ болушу үчүн келдим. Мен жакшы койчумун. Жакшы койчу койлору үчүн жанын берет»,— дейт (Жакан 10:10, 11). Ал андан мурунураак шакирттерин: «Коркпо, кичине отор, анткени асмандагы Атаңар силерге Падышалыкты берүүнү туура көрдү»,— деп бекемдеген болчу (Лука 12:32). Ооба, «кичине отор» жаңы короого кире тургандарды билдирет. Алар «өмүргө, болгондо да чексиз өмүргө ээ болот». Чынында эле, «кичине оторго» киргендер зор сыймыкка ээ!

Бирок Иса пайгамбар сөзүн ушуну менен эле бүтүрбөйт. Ал: «Менин бул короодон болбогон башка койлорум да бар. Мен аларды да алып келишим керек. Алар менин үнүмө кулак салат. Ошондо бир отор, бир койчу болот»,— дейт (Жакан 10:16). «Башка койлор» «бул короодон» эмес. Демек, алар Падышалыкты мурастай турган «кичине отордун» короосунан айырмаланып турган башка короодон. Эки короодогу койлордун келечеги эки башка. Ошентсе да ал эки короодогулар тең Иса Машаяк аркылуу бата алышат. Машаяк: «Атам мени жакшы көрөт, себеби мен өз жанымды берип жатам»,— деп айтат (Жакан 10:17).

Ошондо элдин арасынан көптөр: «Мунун ичинде жин бар, акыл-эси жайында эмес» — деп, нааразы боло башташат. Ал эми Жакшы койчуну дит коюп угуп, анын артынан ээрчигиси келгендер: «Ичинде жини бар киши минтип сүйлөбөйт. Анын үстүнө, жин сокурлардын көзүн ача алмак беле?» — деп, Машаякты жакташат (Жакан 10:20, 21). Алар ошондо анын мурунураак тубаса сокур кишини айыктырганын кеп кылган көрүнөт.