Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

81-БӨЛҮМ

Атасы менен бир, бирок Атасы андан улук

Атасы менен бир, бирок Атасы андан улук

ЖАКАН 10:22—42

  • «АТАМ ЭКӨӨБҮЗ БИРБИЗ»

  • ӨЗҮН КУДАЙГА ТЕҢЕБЕЙТ

Иса Машаяк Арноо майрамына (Ханукага) барат. Бул — ибадаткананы Жахабага кайрадан арноо аземи. Мындан 100 жылдан ашык убакыт мурун Сириянын падышасы Антиох IV Эпифан Жахабанын ибадатканасындагы чоң курмандык жайынын үстүнө дагы курмандык жайын куруп, ибадаткананы арамдаган болчу. Кийинчерээк дин кызматчылардын тукумунан болгон жүйүттөр Иерусалимден душмандарды кууп чыгып, ибадаткананы кайрадан Жахабага арнашкан. Ошондон тартып арноо аземи 25-кислепте белгилене баштаган. Кислеп айы ноябрдын аягына, декабрдын башына туш келчү.

Кыш. Иса пайгамбар ибадатканада Сулаймандын катар түркүктөрү деп аталган жайда ары-бери басып жүрөт. Бир убакта жүйүттөр аны тегеректеп: «Качанга чейин жаныбызды кыйнап, күттүрүп жүрө бересиң? Машаяк болсоң, ачыгын айтпайсыңбы»,— деп кекетип киришет (Жакан 10:22—24). Ал: «Мен силерге айткам, бирок силер ишенбей жатасыңар»,— дейт. Пайгамбар аларга өзүнүн Машаяк экенин самариялык аялга айткандай ачык айткан эмес (Жакан 4:25, 26). Бирок: «Мен Ыбрайымга чейин эле бар болгом»,— деген сөздөрүнөн анын Машаяк экени айкын көрүнүп турган (Жакан 8:58).

Иса пайгамбар элдин Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктарды анын иштери менен салыштырып, өз алдынча тыянак чыгарышын каалаган. Ошондуктан кээде шакирттерине өзүнүн Машаяк экенин эч кимге айтпоону буйручу. Эми айыгышкан жүйүттөргө ал: «Атамдын атынан кылып жаткан иштерим мен жөнүндө күбөлөндүрүп жатат. Ошентсе да силер ишенбей жатасыңар»,— дейт (Жакан 10:25, 26).

Алар эмне үчүн ишенишкен эмес? Машаяк: «Силер ишенбей жатасыңар, анткени менин койлорум эмессиңер. Менин койлорум үнүмө кулак салат. Мен аларды билем, алар мени ээрчийт. Мен аларга түбөлүк өмүр берем. Алар эч качан өлбөйт жана аларды менин колумдан эч ким тартып ала албайт. Атамдын мага берген койлору баарынан баалуу»,— дейт. Анан Атасы менен ынак экенин баса белгилеп: «Атам экөөбүз бирбиз»,— дейт (Жакан 10:26—30). Өзү жерде, Атасы асманда болгондуктан, түз мааниде экөө бирөөнү билдирген эмес. Алардын максаты, ою бир болгондуктан, бирдиктүү болушкан.

Жаалданган жүйүттөр аны таш бараңга алып өлтүрмөкчү болушат. Эр жүрөк пайгамбар: «Силердин көз алдыңарда мен Атамдын эрки менен көп жакшы иштерди кылдым. Алардын кайсынысы үчүн мени таш бараңга алганы жатасыңар?» — дейт. Жүйүттөр: «Биз сени жакшы ишиң үчүн эмес, Кудайга акарат кылганың үчүн таш бараңга алганы жатабыз... өзүңдү кудай кылып жатпайсыңбы»,— деп күнөөлөшөт (Жакан 10:31—33). Машаяк өзүн эч качан Кудайга теңебесе да, эмне үчүн эл аны айыптаган?

Машаяк элге зор иштерди кыларын айткан. Жүйүттөр андай иштерди Кудай гана кыла алат деп эсептешчү. Мисалы, ал «койлор» жөнүндө сөз кылганда «аларга түбөлүк өмүр берерин» айткан. Бул пенденин колунан келбей турган иш (Жакан 10:28). Жүйүттөр Исанын бийликти Атасынан алганын айтканына маани деле беришкен эмес.

Машаяк алардын айыбын ачып, мындай дейт: «Өзүңөрдүн Мыйзамыңарда [Забур 82:6да]: „Мен силерге: “Силер кудайларсыңар”,— дегем“,— деп жазылган эмеспи? Кудай өзүнүн сөзү кимдерге карата айтылса, ошолорду „кудайлар“ деп атаган... Анда эмнеге силер: „Кудайдын Уулумун“,— дегеним үчүн мага, Атам ыйыктап, дүйнөгө жибергенге: „Кудайга акарат кылып жатасың“,— дейсиңер?» (Жакан 10:34—36).

Ыйык Жазмада атүгүл сатылма соттор да «кудайлар» деп аталат. Андыктан жүйүттөрдүн пайгамбарды «Кудайдын Уулумун» дегени үчүн айыптаганы акылсыздыкка жаткан. Машаяк алардын оюн өзгөртүш үчүн: «Атамдын иштерин аткарбай жатсам, анда мага ишенбей эле койгула. Ал эми аткарып жатсам, мага ишенбесеңер да, кылган иштеримди көрүп ишенгиле. Ошондо Атам мени менен, мен Атам менен биримдикте экенимди түшүнүп, биле бересиңер»,— дейт (Жакан 10:37, 38).

Жүйүттөр оюн өзгөртмөк турсун, аны кармаганга аракет кылышат. Бирок Иса бул жолу да кетип калат. Ал мындан 4 жылдай мурун Жакан элди чөмүлдүргөн Иордан дарыясынын өрөөнүн көздөй бет алат. Ал өрөөн Галилея деңизинин түштүк жээгинен алыс эмес жерде жайгашса керек.

Эл Машаякка барып: «Жакан эч кандай керемет көрсөтпөсө да, бул киши жөнүндө айткандарынын баары чындык экен»,— дейт (Жакан 10:41). Ошентип, көптөр Исага ишенип калышат.