Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

82-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын Переядагы кызматы

Иса Машаяктын Переядагы кызматы

ЛУКА 13:22—14:6

  • ТАР ЭШИКТЕН КИРҮҮГӨ УМТУЛУУ

  • МАШАЯК ИЕРУСАЛИМДЕ ӨЛҮШҮ КЕРЕК

Машаяк Жүйүт жеринде, Иерусалимде элди окутуп, оорулууларды айыктырып жүрдү. Эми ал Иордан дарыясынын аркы өйүзүнө өтүп, Переяны кыдырып жүрөт. Бирок жакында кайра Иерусалимге барат.

Ал Переяда жүргөндө, бир киши: «Мырзам, куткарыла тургандар аз болобу?» — деп сурайт. Бул киши диний жетекчилердин куткарыла тургандар көп же аз болобу деп талашып жүргөнүн билген көрүнөт. Иса пайгамбар канча кишинин куткарыларына эмес, куткарылыш үчүн эмне кылуу керектигине басым жасайт. «Тар эшиктен кириш үчүн бүт күчүңөрдү жумшагыла»,— дейт ал. Ооба, куткарылыш үчүн күч жумшоо, күрөшүү талап кылынат. Эмне үчүн? Пайгамбар: «Көптөр киргенге аракет кылышат, бирок кире алышпайт»,— деп айтат (Лука 13:23, 24).

Бүт күчтү жумшоонун маанилүүлүгүн баса белгилеш үчүн Иса пайгамбар мындай дейт: «Үй ээси туруп, эшикти жаап алганда, силер сыртта калып калып: „Мырзам, эшикти ачып койчу“ — деп, эшикти каккылай баштайсыңар... Ошондо ал: „Силердин ким экениңерди билбейм. Кеткиле жанымдан, мыйзамсыз иш кылгандар!“ — деп айтат» (Лука 13:25—27).

Бул мисалда кечигип, кыязы, өзүнө ыңгайлуу убакта келген кишинин эшиктин бекилип калганына аябай туталанганы көрсөтүлгөн. Ал өзүнө ыңгайсыз болсо да, эртерээк келиши керек болчу. Ал киши Иса пайгамбардын насаатын уккан көптөгөн кишилердин жагдайын жакшы сүрөттөп турган. Алар учурунда чыныгы сыйынууну баркка албай, башка нерселерди көздөп кетишкен. Машаяктын Кудай жиберген Куткаруучу экенине да ишенбей коюшкан. Алар сыртка куулуп чыгарылганда ыйлап, тишин кычыратышмак. Ал эми «чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн» келгендер — бардык улуттан чыккан адамдар — Падышалыкта «дасторкон тегеректей отурушмак» (Лука 13:28, 29).

Пайгамбар андан ары мындай дейт: «Биринчилердин айрымдары [Ыбрайымдын тукумунан болгонуна корстон болгон динчил жүйүттөр] акыркы, акыркылардын айрымдары [башка улуттар жана бийликтен запкы жеген жүйүттөр] биринчи болот» (Лука 13:30). Ооба, эч нерсенин баркын билбеген динчил жүйүттөр үчүн Падышалыкта орун болмок эмес. Ушундайча алар «акыркы» болмок.

Фарисейлер Иса пайгамбарга: «Бул жерден чыгып, кетип кал, анткени Ирод [Антиппа] сени өлтүргөнү жатат»,— дешет. Ирод падыша Иса пайгамбардын ал аймактан кетишин каалагандыктан бул ушакты өзү тараткан көрүнөт. Анткени, калыбы, дагы бир пайгамбардын канына забын болгусу келген эмес. Ал ансыз деле ага чейин Чөмүлдүрүүчү Жакандын көзүн тазалаган эле. Бирок Иса пайгамбар фарисейлерге: «Барып, ал түлкүгө айткыла: „Мен бүгүн, эртең жиндерди кууп чыгарып, оорулууларды айыктырам, үчүнчү күнү ишимди аяктайм“»,— дейт (Лука 13:31, 32). Түлкүнүн куу экенин билген пайгамбар Ироддун табиятын таамай сүрөттөгөн. Анткен менен Ирод да, дегеле, эч ким Иса пайгамбарды каалагандай калчап, качууга аргасыз кыла албайт болчу. Себеби ал Кудайдын гана эркин аткарып, пенделер эмес, Кудай белгилеген убакыт-мөөнөт боюнча иш кылмак.

Иса пайгамбар Переядан Иерусалимди көздөй жөнөйт, анткени, өзү айткандай, «пайгамбардын Иерусалимден башка жерде өлтүрүлүшү мүмкүн эмес» (Лука 13:33). Кызыктуусу, Ыйык Китепте Машаяктын ошол шаарда өлүшү керектиги жазылган эмес. Анда эмне үчүн Машаяк Иерусалимде өлүшү керектигин айткан? Негизи, Иерусалим Жүйүт жеринин борбору болгон. Ал жакта 71 кишиден турган жогорку сот, Синедрион, жайгашкан. Так ошол сот жалган пайгамбар деп айыпталган кишилерди суракка алчу. Жаныбарлар да ошол шаарда курмандыкка чалына турган. Мына ошо себептен Машаяк башка жерден өлүшү мүмкүн эмес экенин түшүнгөн.

Машаяк: «Иерусалим, пайгамбарларды өлтүрүп, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Тоок балапандарын канатынын астына чогулткандай, мен да канча ирет сенин балдарыңды чогулткум келди. Бирок силер каалабай койдуңар. Мына, үйүңөр кароосуз калтырылат!» — деп бекеринен зарлаган эмес (Лука 13:34, 35). Өкүнүчтүүсү, ысрайыл эли Кудайдын Уулун четке каккан, ошондуктан сөзсүз жоопко тартылмак.

Иерусалимге кирердин алдында фарисейлердин бир башчысы Иса пайгамбарды конокко чакырат. Ал күн Ишемби эле. Чакырылгандар аны ак шишик басып (бутка суунун топтолушунан улам шишик басып кеткен оору) кыйналып жүргөн бир кишини айыктырар бекен деп аңдып калышат. Пайгамбар Мыйзам билермандары менен фарисейлерден: «Ишемби күнү оорулууну айыктырууга болобу же жокпу?» — деп сурайт (Лука 14:3).

Эч ким үндөбөйт. Иса пайгамбар оорулуу кишини айыктырып, анан тигилерден: «Араңардан кимиңер, ишемби күнү уулу же өгүзү кудукка түшүп кетсе, ошол замат алып чыкпайт?» — деп сурайт (Лука 14:5). Пайгамбардын суроосу бул жолу да жоопсуз калат.