Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

91-БӨЛҮМ

Лазардын тирилиши

Лазардын тирилиши

ЖАКАН 11:38—54

  • • ЛАЗАРДЫН ТИРИЛИШИ

  • СИНЕДРИОН МАШАЯКТЫ ӨЛТҮРҮҮНҮ ОЙЛОНУШТУРАТ

Иса пайгамбар Марта менен Мариямга жолуккандан кийин, баары Лазардын мүрзөсүн көздөй жөнөшөт. Мүрзө оозу чоң таш менен жабылган үңкүр болчу. Пайгамбар: «Ташты алып салгыла»,— деп буйрук берет. Марта Мырзасынын эмне кылганы жатканын түшүнүп-түшүнбөй: «Мырзам, эмдигиче жыттанып кетсе керек, төрт күн болуп калбадыбы»,— дейт. Бирок Мырзасы ага: «Эгер ишенсең, Кудайдын даңкын көрөсүң деп айткан элем го»,— дейт (Жакан 11:39, 40).

Ошентип, мүрзөнүн оозундагы ташты алып салышат. Ошондо Машаяк асманды карап: «Ата, мени укканың үчүн ыраазымын. Мени дайыма угарыңды билсем да, муну жанымда турган эл үчүн, алар мени сен жибергениңе ишениши үчүн айттым»,— деп тиленет. Ал тиленип жатканда, эл Лазарды Кудайдын күчү менен тирилтерин түшүнөт. Машаяк үнүн катуу чыгарып: «Лазар, чык!» — деп буйруйт. Анан так ошондой болот. Буту-колу кепинделип, бети-башы оролгон Лазар мүрзөдөн чыга келет. Иса пайгамбар: «Кепинин чечкиле, бассын»,— дейт (Жакан 11:41—44).

Мариям менен Мартанын кайгысын тең бөлүшкөнү келгендердин көбү кереметти өз көзү менен көрүп, Машаякка ишенип калышат. Айрымдары болсо фарисейлерге баарын төкпөй-чачпай жеткирип барышат. Ошондо фарисейлер менен жогорку дин кызматчылар жүйүттөрдүн жогорку соту болгон Синедрионго чогулушат. Башкы дин кызматчы Каяпа ошол соттун мүчөсү болчу. Дин кызматчылардын айрымдары: «Эгерде ушу бойдон тим койсок, ага баары ишенип калат. Анан римдиктер келип, ибадатканабызды да, элибизди да басып алышат»,— деп чочулашат (Жакан 11:47, 48). Машаяктын «көп кереметтерин» көргөн кишилердин өз оозунан угушса да, дин кызматчылар Кудайдын ажайып иштерине кубанышкан эмес. Анткени аларга бийлиги менен жогорку абалынан башка эч нерсенин кереги жок болчу.

Лазардын тирилгени тирилүүгө ишенбеген садукейлер үчүн чоң сокку болгон. Өзү да садукей болгон Каяпа: «Силер эч нерсе билбейсиңер. Бүт эл кырылгандан көрө, эл үчүн бир кишинин өлгөнү өзүңөргө жакшы экенин түшүнбөй жатасыңар»,— дейт (Жакан 11:49, 50; Элчилер 5:17; 23:8).

Каяпа «муну... өз оюнан айткан» эмес. Кудай анын ыйык кызматчы экенин эске алып, ушул сөздөрдү айттырып койгон. Каяпа диний жетекчилердин бийлиги солгундап, элди каалагандай калчай албай калышарын ойлоп, Машаяктын көзүн тазалагысы келген. Бирок ал өзү билбей эле Машаяктын өлүмү аркылуу жүйүттөр үчүн эле эмес, «Кудайдын чачырап кеткен балдары» үчүн да кун төлөнөрүн алдын ала айткан (Жакан 11:51, 52).

Ошентип, Каяпа Синедрионду өзүнүн арам оюн ишке ашырууга көндүрөт. Синедриондун мүчөсү болгон, Машаякка көзү түз Никедим бул кыңыр иш тууралуу ага айтып койгонбу? Кандай болбосун, Машаяк Иерусалимден дароо кетип калат. Мунун аркасында ал Кудай белгилеген мөөнөттөн эрте өлгөн эмес.