Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

92-БӨЛҮМ

Бирөө гана ыраазычылык билдирет

Бирөө гана ыраазычылык билдирет

ЛУКА 17:11—19

  • ИСА МАШАЯК ПЕС ООРУЛУУ ОН КИШИНИ АЙЫКТЫРАТ

Иса пайгамбардын көзүн тазалагысы келген Синедриондун арам ою ишке аша элек. Себеби пайгамбар душмандардан алысыраак жакка, Иерусалимдин түндүк-чыгышында жайгашкан Эпрайым шаарына, кетип калды. Жанында шакирттери бар (Жакан 11:54). Бирок б.з. 33-жылынын Пасах майрамына аз калгандыктан, Иерусалимге кайра барышы керек. Ал Самарияны аралап, түндүктөгү Галилея аймагына барат. Бул анын Галилеяга жасаган акыркы сапары.

Иса пайгамбар айыл-кыштактарды кыдырып баратып пес оорулуу он кишиге жолугат. Бул оорунун айрым түрлөрү кишинин кулагы, буту-колунун манжалары сыяктуу органдарын жеп жок кылат (Сандар 12:10—12). Мыйзамга ылайык, пес оорулуу киши: «Таза эмесмин! Таза эмесмин!» — деп кыйкырып, обочо жашашы керек болчу (Лебилер 13:45, 46).

Андыктан он киши алыстан эле: «Иса, Устат, бизге кайрымдуулук кыла көр!» — деп кыйкырат. Аларды көргөндө Иса пайгамбар: «Барып, дин кызматчыларга көрүнгүлө»,— дейт (Лука 17:13, 14). Пайгамбардын бул сөздөрү анын Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамды баалаганын көрсөтүп турган. Себеби оорусунан айыккан пес оорулууларды таза деп жарыялоого дин кызматчылар дайындалган эле. Ошондон кийин гана алар эл менен аралашып жүрө алышмак (Лебилер 13:9—17).

Он киши Машаяктын керемет кыла аларына ишенгендиктен, айыга электе эле, дин кызматчыларга жөнөп кетет. Алар Иса Машаякка ишенгени үчүн бата алып, жолдо баратканда эле сакайып калышат.

Бирок он кишинин бири гана, самариялык киши, «үнүн бийик чыгара Кудайды даңктап», Машаякка кайтып келет. Эмне үчүн? Анткени ал аябай ыраазы болот. Аны Машаяк айыктырса да, керемет Кудайдын күчү менен болгонун түшүнгөн (Лука 17:15). Ал киши Иса пайгамбардын бут алдына жыгылып, ыраазычылык билдирет.

Ошондо Иса пайгамбар: «Он киши айыкпады беле? Калган тогузу кана? Кудайды даңкташ үчүн бөтөн элдик ушул кишиден башка эч ким кайтып келген жокпу?» — деп сурайт. Анан тиги кишиге: «Ордуңан туруп, бара бер. Сени ишенимиң айыктырды»,— дейт (Лука 17:17—19).

Машаяктын он кишини Кудайдын жардамы менен гана айыктырганы айкын болчу. Анын «бара бер» деп айтканы самариялык кишинин айыкканын эле эмес, ага ишенгени үчүн, өмүр жолуна түшкөнүн да билдирген көрүнөт. Биздин күндөрдө Кудай Иса Машаяк аркылуу эч кимди айыктырбайт. Ошентсе да Машаякка ишенсек, биз да түбөлүк өмүргө алып бара турган жолго түшөбүз. Андыктан биз да, самариялык кишидей болуп, ыраазычылык билдиребизби?