Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

99-БӨЛҮМ

Сокурларды айыктырышы, Закайга жолугушу

Сокурларды айыктырышы, Закайга жолугушу

МАТАЙ 20:29—34; МАРК 10:46—52; ЛУКА 18:35—19:10

  • ИСА МАШАЯК ЖЕРИХОДОН СОКУРЛАРДЫ АЙЫКТЫРАТ

  • САЛЫК ЖЫЙНООЧУ ЗАКАЙ ӨКҮНӨТ

Иса пайгамбар менен бирге келаткандар Жерихого жетишти. Иерусалимге чейин дагы бир күндүк жол жатат. Негизи, Жерихо деп аталган эки шаар бар болчу. Жүйүттөрдүн эски шаары менен римдиктер курган жаңы шаардын ортосу бир жарым чакырымдай. Пайгамбар жана аны ээрчиген эл ошол эки шаардын биринен чыгып, экинчисине жакындап калганда, эки сокур киши опур-топурга кулак түрүп отуруп калат. Алардын бири Бартимей болчу.

Пайгамбардын өтүп баратканын уккан Бартимей менен тиги киши: «Мырзам, Дөөтүнүн Уулу, бизге кайрымдуулук кыла көр!» — деп кыйкыра башташат (Матай 20:30). Айрымдар аларды тыйганга аракет кылышат, бирок экөө андан бетер катуу кыйкырышат. Муну уккан Машаяк токтоп калат да, жанындагыларды тиги экөөнө жиберет. Алар сокур кайырчылардын бирине: «Кайраттуу бол! Ордуңан тур, сени чакырып жатат»,— дешет (Марк 10:49). Сүйүнгөнүнөн ал сырт кийимин чечип ыргытат да, ордунан секирип туруп, пайгамбарга барат.

«Силерге эмне кылып берейин?» — деп сурайт Машаяк. Алар: «Мырзам, көзүбүз көрсүнчү»,— деп жалынышат (Матай 20:32, 33). Машаяк боору ачып, колун тийгизгенде, экөөнүн тең көзү көрүп калат. Анан алардын бирине: «Бара бер. Сени ишенимиң айыктырды»,— дейт (Марк 10:52). Кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн эки кишинин Кудайды даңктаганы шексиз. Муну көргөн эл да Кудайды даңазалайт. Ошентип, эки кайырчы Машаяктын жолун жолдой баштайт.

Иса пайгамбар Жерихону аралап баратканда, жанына сансыз эл чогулат. Баарынын эле сокурлардын көзүн ачкан пайгамбарды көрсөм дегенде эки көзү төрт. Элдин көптүгүнөн аны көрө албай калгандары да канча. Алардын бири — Жериходогу жана анын тегерегиндеги салык жыйноочулардын башчысы Закай. Бою кичинекей болгондуктан, ал пайгамбарды көрө албай, өзүнчө эле бушайман. Айласы кеткенде, жолдун боюндагы жапайы анжир дарагына чыгып алат. Ырас, баары алаканга салгандай көрүнөт экен. Машаяк өтүп баратып, аны көрөт да: «Закай, тезирээк түш, анткени мен бүгүн сенин үйүңө барам»,— дейт (Лука 19:5). Кудуңдап сүйүнгөн Закай бактан түшүп, кадырлуу конокту тосконго шашат.

Муну көргөн эл эмне үчүндүр нааразы. Алар Машаяктын күнөөкөр деп эсептелген кишиникине баратканын туура көрүшпөйт. Анткени Закай салыкты ашыгы менен жыйнап, элдин эсебинен байыган болчу.

Иса пайгамбар Закайдын үйүнө киргенде, көптөр: «Бул күнөөкөрдүн үйүнө конокко келди»,— деп наалый баштайт. Бирок пайгамбар Закайдын өкүнөрүн көрө билген. Анан так эле ошондой болгон. Закай Иса Машаякка: «Мырзам, мүлкүмдүн жарымын кедей-кембагалдарга таратып берем. Ал эми башкалардан жалган айып менен тартып алгандарымды төрт эсе кылып кайрып берем»,— дейт (Лука 19:7, 8).

Мына, Закай чын жүрөктөн өкүнгөнүн ушинтип көрсөткөн. Ал эсеп-кысап китебинен кимден канча алганын эсептеп чыга алмак, андыктан төрт эсе кылып кайтарып берем деп сөз берген. Кызыктуусу, Закай Мыйзамда талап кылынгандан да көптү бергиси келген (Чыгуу 22:1; Лебилер 6:2—5). Ал эле эмес, мүлкүнүн жарымын колунда жокторго таратып берүүнү убада кылган.

Закайдын өкүнгөнүнө ыраазы болгон Машаяк: «Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди, анткени бул киши да Ыбрайымдын уулу. Адам Уулу жоголгондорду издеп таап, куткарыш үчүн келген»,— деп айтат (Лука 19:9, 10).

Бир нече убакыт мурун ал жоголгон уул жөнүндө мисал айтып берген болчу (Лука 15:11—24). Эми болсо Закайды мисал кылып, жоголгон, бирок кайра табылган уулдардын кайтып келери кандай болорун иш жүзүндө көрсөтүп отурат. Диний жетекчилер менен алардын таламдаштары Машаяктын Закайга окшогон кишилерге көңүл бурганын жактырбай, сынга алышкан. Ошого карабай Машаяк Ыбрайымдын жоголгон уулдарын издегенин, аларга жардам бергенин уланта берген.