Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

100-БӨЛҮМ

Он мина жөнүндөгү мисал

Он мина жөнүндөгү мисал

ЛУКА 19:11—28

  • ИСА МАШАЯКТЫН ОН МИНА ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛЫ

Иса пайгамбар шакирттери менен дагы деле Закайдын үйүндө. Ал Иерусалимге бара элек. Шакирттери жакында Кудайдын Падышалыгы орноп, Мырзасы анын Падышасы болот деп ойлоп жүрүшөт (Лука 19:11). Алар Мырзасынын өлөрүн да, Падышалыкка байланыштуу көп нерсени да түшүнө элек. Андыктан Падышалыктын орной турганына дагы көп бар экенин түшүндүрүш үчүн ал мындай мисал келтирет:

«Ак сөөктөрдүн тукумунан болгон бир киши падышалык бийлик алыш үчүн алыскы өлкөгө жөнөмөкчү болот» (Лука 19:12). Буга бир топ убакыт кетмек. Ак сөөктөрдүн тукумунан болгон кишинин Иса Машаяк болгону шексиз. Ал Атасынан падышалык бийликти алыш үчүн «алыскы өлкөгө», асманга, кетмек.

Кожоюн кетерде он кулун чакырып, бирден мина берет да: «Мен келгиче, буларды айландыргыла»,— дейт (Лука 19:13). Күмүш миналар наркы баалуу акча болчу. Бир минаны дыйкан 3 айдан көбүрөөк убакытта иштеп тапчу.

Шакирттер өздөрүн он кулга окшоштурса керек, анткени Мырзасы аларды буга чейин оруп-жыюуга катышкан жумушчуларга салыштырган болчу (Матай 9:35—38). Албетте, Мырзасы аларга кадимки эгинди орууну айткан эмес. Алар «Кудайдын Падышалыгына» кире турган шакирттерди даярдашы керек болчу. Андыктан Падышалыктын мураскорлорун чогултканга бүт мүлкүн жумшашы керек эле.

Машаяк мисал аркылуу дагы эмнени ачып берген? Ал: «Бирок аны [ак сөөктөрдүн тукумунан болгон кишини] жек көргөн мекендештери артынан элчилерди жиберип: „Анын бизге падыша болушун каалабайбыз“,— деп айттырышат»,— дейт (Лука 19:14). Шакирттер жүйүттөрдүн Иса Машаякты четке кагып, атүгүл өлтүргүсү келип жатканын жакшы билишкен. Мырзасы өлүп, асманга кеткенден кийин, жүйүттөр шакирттерди куугунтуктай баштаган. Ошондо алардын Машаякты жек көрөрү жана анын Падыша болушун каалабай турганы айкын болгон (Жакан 19:15, 16; Элчилер 4:13—18; 5:40).

Ал эми ак сөөктөрдүн тукумунан болгон киши падышалык бийликти алып, кайтып келгиче, он кул миналарды кантип колдонгон? Иса пайгамбар мындай дейт: «Акыры, ал падышалык бийлигин алып, кайтып келет да, күмүш акчаларды айландырганда канча киреше табышканын билиш үчүн баягы кулдарын чакыртат. Биринчиси келип: „Мырзам, сенин минаңа дагы он мина кошулду“,— дейт. Кожоюну ага: „Жарайсың, жакшы кул! Ушундай кичинекей иште ишенимдүү болгонуң үчүн он шаардын үстүнөн бийлик кыласың“,— деп айтат. Анан экинчиси келип: „Мырзам, сенин минаңа дагы беш мина кошулду“,— дейт. Кожоюну ага да: „Сен болсо беш шаарды башкарасың“,— деп айтат» (Лука 19:15—19).

Шакирттер, миналарды жакшылап айландырган кулдарга окшоп, көбүрөөк шакирт даярдаш үчүн күч жумшашса, Машаяктын ыраазы болоруна, күжүрмөн эмгеги үчүн сыйлык берерине ишенишсе керек. Албетте, Машаяктын жолдоочуларынын жагдай-шарты, мүмкүнчүлүктөрү, жөндөмдүүлүктөрү ар кандай. Ошентсе да падышалык бийликти алган Машаяк алардын шакирт даярдоо ишинде кылган эмгегин баалап, аракетине батасын берери шексиз (Матай 28:19, 20).

Машаяк мисалын мындай деп аяктайт: «Үчүнчүсү келип: „Мырзам, мына минаң. Мен муну чүпүрөккө ороп, катып койгом. Сенден корктум, анткени сен бербегениңди алып, сеппегениңди жыйнаган катаал кишисиң“,— дейт. Кожоюну ага: „Жаман кул, сени өз оозуңан чыккан сөзүң менен айыптайм. Бербегенимди алып, сеппегенимди жыйнаган катаал киши экенимди билген экенсиң, анда эмне үчүн күмүш акчамды акча айландыра тургандарга берген жоксуң? Кайтып келгенимде кирешеси менен албайт белем“,— деп айтат. Анан жанында тургандарга: „Мунун колундагы минаны алып, он минасы бар кулга бергиле“,— дейт» (Лука 19:20—24).

Ооба, кожоюндун мүлкүн көбөйтпөгөнү үчүн кул минасынан кол жууган. Элчилер Машаяктын падышалык такка отурарын күтүп келишкен. Андыктан ошол кул жөнүндө укканда, эгер жалкоо болушса, Падышалыкка кирбей калышарын баамдашса керек.

Машаяктын: «Силерге айтып коёюн, кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, андан өзүндө болгон нерсеси да тартылып алынат»,— деген сөздөрү ишенимдүү шакирттерге кызматка бүт күчүн жумшоого түрткү бериши керек. Машаяк анын Падыша болушун каалабаган душмандардын өлүм жазасына тартыларын да айтат. Ушуларды айткандан кийин ал жолун улап, Иерусалимди көздөй жөнөйт (Лука 19:26—28).