Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

101-БӨЛҮМ

Бетаниядагы Симондун үйүнө конокко барышы

Бетаниядагы Симондун үйүнө конокко барышы

МАТАЙ 26:6—13; МАРК 14:3—9; ЖАКАН 11:55—12:11

  • МАШАЯК ИЕРУСАЛИМДИН ЖАНЫНДАГЫ БЕТАНИЯГА БАРАТ

  • МАРИЯМ МАШАЯКТЫН БАШЫНА ЖЫПАР ЖЫТТУУ МАЙ КУЯТ

Иса Машаяк Жериходон чыгып, Зайтун тоосунун чыгыш тарабындагы Бетания деген чакан айылга бет алат. Жолдун аралыгы 20 чакырымдай. Ал жол — коркунучтуу, ээн жол. Жерихо деңиз деңгээлинен 250 метрдей төмөн жайгашса, Бетания деңиз деңгээлинен 610 метрдей бийиктикте жайгашкан. Ал айылда Лазар 2 бир тууганы менен жашайт. Бетаниядан Иерусалимге чейин 3 чакырымдай жол.

Пасах майрамынын алдында Иерусалимге көптөгөн жүйүттөр келет. Алар өлүккө тийип алышы же башка бир себептен улам таза эмес болуп калышы мүмкүн болгондуктан «тазалануу каадасын» аткарыш үчүн эртерээк келишкен (Жакан 11:55; Сандар 9:6—10). Ибадатканага эртерээк барган жүйүттөр Машаяктын келер-келбеси жөнүндө талкуулашат (Жакан 11:56).

Эл Иса пайгамбарды кеп кылып, уу-дуу. Диний жетекчилер аны өлтүргүсү келгендиктен, ким анын каякта экенин билсе, кабарлап коюуну буйрук кылышкан (Жакан 11:57). Негизи, алар аны Лазарды тирилткенден тартып эле өлтүрүүгө далалат кылып келишкен (Жакан 11:49—53). Андыктан элдин Машаяк майрамга келеби же келбейби деп арсар болгонунун жөнү бар.

«Пасах майрамына алты күн калганда», жума күнү, Иса пайгамбар Бетанияга барат (Жакан 12:1). Күн батканда, жаңы күн (8-нисан, Ишемби күн) башталмак. Машаяк Ишемби күнү — жума күнү күн баткандан алтынчы күнү күн батканга чейин — жол жүрө алмак эмес. Себеби жүйүттөрдүн мыйзамында буга тыюу салынган. Ошентип, Иса пайгамбар Ишемби күн башталганга чейин Бетанияга келип калган болчу. Ал адатынча Лазардыкына барса керек.

Бетанияда жашаган Симон Иса пайгамбар менен анын шериктерин жана Лазарды алтынчы күнү кечинде конокко чакырат. Аны «пес оорусу менен ооруган» Симон деп коюшканына караганда, пайгамбар аны мурун пес оорусунан айыктырса керек. Табиятынан эмгекчил келген Марта конокторду тейлеп жүрөт. Мариям болсо бүт көңүлүн Машаякка бурат.

Бир маалда ал алебастр идишке куюлган «жыпар жыттуу май — абдан кымбат таза нард» — алып келет (Жакан 12:3). Ал май абдан кымбат (300 динар), баасы болжол менен 1 жылдык эмгек акыга барабар. Мариям ошол май менен Мырзасынын башын, бутун майлап, чачы менен сүртөт. Ошондо бүт үйдүн ичи аңкып чыгат.

Шакирттердин айрымдары: «Жыпар жыттуу майды мынча ысырап кылуунун эмне кереги бар?» — деп ачууланышат (Марк 14:4). Жүйүт Искариот болсо: «Бул жыпар жыттуу майды 300 динарга сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берсе болбойт беле?» — деп нааразы болот (Жакан 12:5). Бирок ал муну жакырлардын камын ойлогон үчүн айткан эмес. Шакирттердин акча салынган кутусу анда болгондуктан, түшкөн акчадан уурдап жүрчү.

Машаяк Мариямга болушуп, мындай дейт: «Эмнеге бул аялды кыжалат кылып жатасыңар? Бул мен үчүн жакшы иш кылды. Жакырлар дайыма жаныңарда болот, ал эми мен дайыма эле боло бербейм. Бул аял денемди жыпар жыттуу май менен майлап, мени көргө коюуга даярдады. Силерге айтып коёюн, жакшы кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аялды да эстеп, кылган иши жөнүндө айтышат» (Матай 26:10—13).

Машаяктын Бетанияда жүргөнүнө бир күндөн ашты. Анын келгени жөнүндөгү кабар бат эле тарап кетет. Көптөгөн жүйүттөр Симондун үйүнө «аны эле эмес, ал тирилткен Лазарды да көргөнү келишет» (Жакан 12:9). Машаяк Лазарды тирилткени үчүн, көптөр ага ишенип калышты деп ойлогондуктан жогорку дин кызматчылар экөөнү тең өлтүрүүнү чечишет. Алар кандай гана кара ниет болушкан!