Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

102-БӨЛҮМ

Падышанын Иерусалимге кодик минип кириши

Падышанын Иерусалимге кодик минип кириши

МАТАЙ 21:1—11, 14—17; МАРК 11:1—11; ЛУКА 19:29—44; ЖАКАН 12:12—19

  • МАШАЯК ИЕРУСАЛИМГЕ САЛТАНАТТУУ ТҮРДӨ КИРИП КЕЛЕТ

  • ИЕРУСАЛИМДИН ТАЛКАЛАНАРЫН АЛДЫН АЛА АЙТАТ

Эртеси, 9-нисанда (жекшембиде), Машаяк шакирттери менен Бетаниядан Иерусалимге жөнөйт. Алар Зайтун тоосунун этегиндеги Бетфагияга жакындап калышканда, 2 шакиртине мындай дейт:

«Тээтиги көрүнүп турган кыштакка баргыла. Ал жерге жетериңер менен байланып турган эшекти көрөсүңөр. Жанында кодиги да болот. Чечип алып, мага алып келгиле. Эгерде бирөө бирдеме десе, ага: „Булар Мырзабызга керек“,— деп айткыла. Ошондо ал дароо берет» (Матай 21:2, 3).

Алар Закарыя пайгамбардын айткандары аткарылып жатканын баамдашпайт. Бирок кийинчерээк түшүнүшөт. Закарыя пайгамбар Кудай убада кылган Падыша жөнүндө: «Ал момун; эшек минип, кодик минип [Иерусалимге] келатат»,— деп айткан эле (Закарыя 9:9).

Шакирттер Бетфагияга барып, байланып турган кодиги бар эшекти чече баштаганда, ал жерде тургандар: «Кодикти эмнеге чечип жатасыңар?» — дешет (Марк 11:5). Шакирттер Мырзасына керек экенин айтканда, тигилер аларды коё беришет. Алар кийимдерин эшектин да, кодиктин да үстүнө салышат, бирок Мырзасы кодикке минет.

Ал Иерусалимге кирип келатканда, көп эл чогулат. Көптөр жолго сырт кийимдерин төшөсө, башкалары жол боюнан жалбырактуу бутактарды кесип келип, төшөшөт. Анан: «Өтүнөбүз, куткар! Жахабанын ысмы менен келатканга Анын батасы тийсин! Атабыз Дөөтүнүн жакындап келаткан Падышалыгына Кудайдын батасы тийсин!» — деп кыйкырышат (Марк 11:8—10). Фарисейлер кыжырданып: «Устат, шакирттериңди тыйып койбойсуңбу»,— дешет. Буга ал: «Эгер алар унчукпаса, таштар кыйкырат»,— деп жооп берет (Лука 19:39, 40).

Анан Иерусалимди карап, ыйлап жиберет да: «Эмне тынчтык алып келерин бүгүн түшүнсөң кана... бирок бул азыр сенин көздөрүңөн жашыруун»,— дейт. Иерусалимдин эли Кудайга атайлап баш ийбегени үчүн жазасын алмак. Иса пайгамбар андан ары: «Душмандарың айланаңа учтуу устундардан коргон куруп, сени курчап, туш тараптан кысымга ала турган күндөр келет. Алар өзүң менен кошо балдарыңды жерге чаап, таш-талканыңды чыгарышат»,— дейт (Лука 19:42—44). Ооба, анын сөздөрү аткарылып, Иерусалим б.з. 70-жылы талкаланат.

Машаяк Иерусалимге киргенде, бүт эл толкуп: «Бул ким?» — дей баштайт. Анын жанындагы эл: «Бул — Галилеядагы Назареттен чыккан Иса пайгамбар!» — дейт (Матай 21:10, 11). Машаяктын Лазарды тирилткенин өз көзү менен көргөндөр болсо ошол керемет жөнүндө айтып беришет. Ал эми фарисейлер өз ара: «Көрдүңөрбү, колубуздан эч нерсе келбей калды. Бүт дүйнө анын артынан баратат!» — дешет (Жакан 12:18, 19).

Иса пайгамбар Иерусалимге киргенден кийин адатынча элди окутканы ибадатканага барат. Ал жерден сокурлар менен аксактарды айыктырат. Жогорку дин кызматчылар менен китепчилер Иса пайгамбардын кереметтүү иштерин көргөндө жана балдардын ибадатканада: «Өтүнөбүз, Дөөтүнүн Уулун куткар!» — деп кыйкырып жатканын укканда ачууланып: «Булардын айткандарын угуп жатасыңбы?» — дешет. Пайгамбар: «Ооба. „Өзүңдү жаш балдар менен наристелерге даңктаттың“,— деген сөздөрдү эч качан окуган жок белеңер?» — дейт (Матай 21:15, 16).

Анан ибадаткананын ичин бүт карап чыгат. Кеч кирип бараткандыктан, элчилери менен жолго чыгат. 10-нисан башталганга чейин, Бетанияга жетип, жекшемби күнү ошол жерде түнөйт.