Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

103-БӨЛҮМ

Ибадаткананы дагы бир жолу тазалашы

Ибадаткананы дагы бир жолу тазалашы

МАТАЙ 21:12, 13, 18, 19; МАРК 11:12—18; ЛУКА 19:45—48; ЖАКАН 12:20—27

  • АНЖИР ДАРАГЫН КАРГАЙТ ЖАНА ИБАДАТКАНАНЫ ТАЗАЛАЙТ

  • КӨПТӨРДҮ ӨМҮРГӨ ЭЭ КЫЛЫШ ҮЧҮН ӨЛҮШҮ КЕРЕК

10-нисан, дүйшөмбү күн. Иса пайгамбар шакирттери менен Жериходон Бетанияга келгенден бери 3 күн өттү. Алар таң эртеден Иерусалимге баратышат. Ачка болгон пайгамбар анжир дарагын көздөй басат. Анын мөмөсү бар болду бекен?

Негизи, анжир июнда бышат. Азыр болсо марттын аягы. Бирок негедир жалбырактары эрте чыгып алган. Иса пайгамбар мөмөсү бар экен деп барса, эчтеке жок. Жалбырагы жыш болгондуктан, көп мөмө байлагандай көрүнгөн. Пайгамбар: «Мындан ары сенден эч ким мөмө жебесин»,— дейт (Марк 11:14). Дарак ошол замат куурай баштайт. Мунун мааниси эртеси айкын болот.

Көп өтпөй Устаты шакирттери менен Иерусалимге жетип, ибадатканага кирет. Ал буга чейин аны бүт текшерип чыккан болчу. Бүгүн текшерип эле койбостон, б.з. 30-жылы Пасах майрамында эмне кылса, ошондой иш кылат (Жакан 2:14—16). Ал «соодагерлер» менен «сатып алуучуларды» кууп чыгып, «акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн саткандардын отургучтарын көңтөрүп салат» (Марк 11:15). Атүгүл ибадаткана аркылуу бир нерсе алып өтүүгө тыюу салат.

Иса пайгамбар эмне үчүн ушундай кылган? Ал: «Ыйык Жазмада: „Менин үйүм бардык элдер үчүн тиленүү үйү деп аталат“,— деп жазылган эмес беле? Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып салдыңар»,— дейт (Марк 11:17). Соодагерлерди «каракчылар» деп атаганынын себеби алар курмандыкка чалына турган малдын баасын асмандатып жиберишкен. Иса пайгамбардын ою боюнча, бул талап-тоноочулукка эле жаткан.

Муну жогорку дин кызматчылар, китепчилер жана эл башчылары укканда Машаякты өлтүрүүгө кайра аракет кылышат. Бирок эл аны ээрчип жүргөндүктөн, арам оюн ишке ашыра албай коюшат.

Пасахка жүйүттөрдүн динин кабыл алгандар да келет. Алардын арасында Жахабага сыйынганы келген гректер да бар. Алар Машаякка жолугуш үчүн Филипке кайрылышат. Анын аты грекче болгондуктан, ага тартынбай кайрыла алышкан корүнөт. Бирок, кыязы, кандай кылса туура болорун билбеген Филип адегенде Андрес менен кеңешет. Экөө муну ибадатканада жүргөн Устатына айтышат.

Машаяк бир нече күндөн кийин өлөрүн билет, андыктан азыр элдин каалоосун аткарып, керемет жасай турган убак эмес. Ал 2 элчисинин суроосуна мындай мисал менен жооп берет: «Адам Уулунун даңкталар убагы келди. Силерге чындыкты айтып коёюн, эгер буудайдын даны жерге түшүп, өлбөсө, бирөө бойдон калат. Эгер өлсө, көп түшүм берет» (Жакан 12:23, 24, шилтеме).

Буудайдын бир даны эч нерсеге жарабагандай көрүнөт. Бирок аны тиккенде, үрөн өлүп, тамыр байлайт да, сабак өсүп чыгып, башы данга толот. Анын сыңарындай, бир гана Машаяк — жеткилең киши. Ошентсе да ал өмүрүнүн акырына чейин берилгендигин сактагандыктан, өзүндөй болгон жан аябас кишилер түбөлүк өмүргө ээ болушат. Андыктан ал: «Ким өз жанын жакшы көрсө, андан айрылат. Ал эми ким бул дүйнөдө өз жанын жек көрсө, аны сактап калат жана түбөлүк өмүргө ээ болот»,— дейт (Жакан 12:25).

Иса Машаяк өзү жөнүндө эле ойлогон эмес. Бул анын: «Ким мага кызмат кылгысы келсе, мени ээрчисин. Мен каерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Ким мага кызмат кылса, Атам аны урматтайт»,— деген сөздөрүнөн көрүнүп турат (Жакан 12:26). Кандай гана зор сыймык! Кудайдын урматына татыгандар Машаяк менен бирге Падышалыкта бийлик кылышат.

Жакында азап тартып өлөрүн билген пайгамбар: «Жаным кыйналып турат. Эмне дейин? Ата, мени ушул сааттан куткара көр»,— дейт. Бирок ал Кудайдын эркин аткаруудан качпайт. Ошондуктан: «Мен ушул саат үчүн келгем»,— дейт (Жакан 12:27). Ооба, Кудайдын ой-ниети аткарылышы үчүн, Машаяк баарын кылууга, атүгүл өмүрүн берүүгө даяр болгон.