Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

106-БӨЛҮМ

Жүзүмзар жөнүндөгү эки мисал

Жүзүмзар жөнүндөгү эки мисал

МАТАЙ 21:28—46; МАРК 12:1—12; ЛУКА 20:9—19

  • ЭКИ УУЛ ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

  • БАГБАНДАР ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

«Буларды кайсы бийлик менен кылып жатасың?» — деп сураган жогорку дин кызматчылар менен аксакалдар Иса пайгамбардын жообунан кийин унчукпай калышты. Пайгамбар алардын чыныгы жүзүн ачыш үчүн мындай мисал келтирет:

«Бир кишинин эки уулу болгон экен. Ал биринчисине барып: „Балам, бүгүн жүзүмзарга барып иштеп кел“,— деп айтат. Баласы: „Макул, мырзам“,— дейт, бирок барбай коёт. Атасы экинчисине да барып, ошондой дейт. Ал баласы: „Барбайм“,— дейт. Бирок кийин өкүнүп, иштегени барат. Экөөнүн кайсынысы атасынын эркин аткарды?» (Матай 21:28—31). Албетте, экинчи уулу аткарган.

Андыктан Машаяк: «Салык жыйноочулар менен бузулган аялдар Кудайдын Падышалыгына силерден мурун баратышат»,— дейт. Салык жыйноочулар, бузулган аялдар башында Кудайга сыйынышкан эмес. Бирок алар, экинчи уулдай болуп, өкүнүп, туура жолго түшүшкөн. Ал эми Кудайга сыйынабыз деген диний жетекчилердин, биринчи уулдай болуп, сөзү менен иши айкалышкан эмес. Машаяк: «[Чөмүлдүрүүчү] Жакан силерге адилдиктин жолун көрсөткөнү келген, бирок ага ишенбей койдуңар. Салык жыйноочулар менен бузулган аялдар болсо ишеништи. Силер баарын көргөндөн кийин да өкүнгөн жоксуңар, ага ишенген да жоксуңар»,— дейт (Матай 21:31, 32).

Ал дагы бир мисал айтат. Мунусунда диний жетекчилердин Кудайга кылган кызматына кайдыгер караганын эле эмес, жеткен кара өзгөй экенин ачыкка чыгарат. «Бир киши жүзүм отургузат да, жүзүмзарын айландыра тосот. Ошондой эле жүзүм сыккыч орнотуп, мунара салат. Анан жүзүмзарын багбандарга ижарага берип, башка өлкөгө кетет. Түшүм жыйноо маалы келгенде, ал жүзүмзарынын жемишинен алыш үчүн багбандарга кулун жөнөтөт. Бирок алар аны кармап алып, сабашат да, куру кол кетирип жиберишет. Жүзүмзардын ээси дагы бир кулун жөнөтөт. Алар анын башын жарышат, кордук көрсөтүшөт. Ал дагы башкасын жөнөтөт. Багбандар аны өлтүрүп салышат. Ал дагы көптөгөн кулдарын жөнөтөт, бирок тигилер айрымдарын сабап, айрымдарын өлтүрүп салышат» (Марк 12:1—5).

Диний жетекчилер мисалды түшүнүшкөнбү? Алар Ышая пайгамбардын: «Асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын жүзүмзары — Ысрайыл үйү, жакшы көргөн көчөтү — Жүйүт эли. Ал акыйкаттыкты күткөн эле, мына, мыйзам бузулуп жатат»,— деген сөздөрүн эстешсе керек (Ышая 5:7). Иса пайгамбардын мисалынын мааниси да ушу сыяктуу. Жүзүмзардын ээси — Жахаба, жүзүмзар — Мыйзам тосмо сыяктуу коргоп турган ысрайыл эли. Жахаба элине пайгамбарларды жиберип, жакшы жемиш берүүгө түрткү берип келген эле.

Бирок багбандар жүзүмзардын ээсинин кулдарын кордошкон жана өлтүрүшкөн. Машаяк: «Жүзүмзардын ээсинин жакшы көргөн уулу бар эле. „Уулумду сыйлашар“ — деп, акырында аны жөнөтөт. Бирок багбандар бири-бирине: „Бул — мурасчы. Жүргүлө, өлтүрүп салалы, ошондо мурас биздики болот“,— деп айтышат. Анан аны кармап алып, өлтүрүшөт»,— дейт (Марк 12:6—8).

Анан: «Эми жүзүмзардын ээси эмне кылат?» — дейт (Марк 12:9). Диний жетекчилер: «Зулумдарды өлтүрүп, жүзүмзарын түшүмүн өз убагында жыйнап бере турган башка багбандарга берет»,— дешет (Матай 21:41).

Ошентип, алар билбей эле өздөрүнө өкүм чыгарышкан, анткени алар Жахабанын «жүзүмзарынын» «багбандары» болушкан. Жахаба алардан «жемиш» беришин күткөн. Ал «жемишке» анын Уулуна, Машаякка, ишенүү да кирген. Иса пайгамбар диний жетекчилерден: «Ыйык Жазмадан: „Куруучулар жаратпай койгон таш бурчка коюлуучу негизги таш болуп калды. Бул Жахабадан, биздин көзүбүзгө таң калыштуу көрүнөт“,— деген сөздөрдү окуган жок белеңер?» — деп сурайт (Марк 12:10, 11). Анан: «Кудайдын Падышалыгы силерден алынып, анын жемишин бере турган элге берилет»,— деп ачык эле айтат (Матай 21:43).

Диний жетекчилер Машаяктын «бул мисалды өздөрүнө карата айтканын түшүнүшөт» (Лука 20:19). Ошондо алар аны, «мурасчыны», өлтүрүүдөн кайра тартпачудай болуп калышат. Бирок аны пайгамбар деп эсептеген элден корккондуктан даай алышпайт.