Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

110-БӨЛҮМ

Машаяктын ибадатканага акыркы жолу барышы

Машаяктын ибадатканага акыркы жолу барышы

МАТАЙ 23:25—24:2; МАРК 12:41—13:2; ЛУКА 21:1—6

  • ДИНИЙ ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ДАГЫ АШКЕРЕЛЕЙТ

  • ИБАДАТКАНАНЫН ТАЛКАЛАНАРЫН АЙТАТ

  • ЖАРДЫ ЖЕСИР АЯЛ ЭКИ ТЫЙЫН САЛАТ

Иса пайгамбар ибадатканага акыркы жолу барганда китепчилер менен фарисейлердин чыныгы жүзүн ачып, аларды түз эле эки жүздүүсүңөр деп айыптады. Анан: «Чөйчөк менен табактын сыртын тазалайсыңар, бирок алардын ичи ач көздүккө, ооздукталбаган каалоолорго толгон. Сокур фарисей, адегенде чөйчөк менен табактын ичин тазала, ошондо сырты да таза болот»,— деди (Матай 23:25, 26). Фарисейлер диний каадаларга катышуу үчүн дене-боюн тазалап, сырткы көрүнүшүнө чоң маани беришчү, бирок ички дүйнөсүн, каймана жүрөгүн тазалашчу эмес.

Алардын эки жүздүү экени пайгамбарларга күмбөз тургузуп, кооздошконунан да айкын болгон. Бирок, чынында, алар «пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн уулдары» болушкан (Матай 23:31). Анткени Машаякты да өлтүргүсү келишкен (Жакан 5:18; 7:1, 25).

Диний жетекчилер өкүнбөсө, эмне болмок? Иса пайгамбар: «Жыландар, кара чаар жыландын тукумдары, гээнага [Ином өрөөнүнө] ташталуу өкүмүнөн кантип качып кутуласыңар?» — дейт (Матай 23:33). Иерусалимдин жанындагы таштанды өрттөлчү Ином өрөөнү китепчилер менен фарисейлердин түбөлүккө жок кылынарын таамай сүрөттөп турган.

Машаяк жолдоочуларын элге «пайгамбарлар», «акылман адамдар», «насаатчылар» катары жибермек. Аларга кандай мамиле кылынмак? Ал диний жетекчилерге мындай дейт: «Алардын [шакирттеримдин] кээ бирлерин өлтүрөсүңөр, устунга кадайсыңар, айрымдарын синагогаларыңарда уруп-сабап, шаардан шаарга кууп, куугунтуктайсыңар. Ошентип, адил Абылдан тартып... Закарыяга чейинки жер үстүндөгү бардык адил адамдардын төгүлгөн каны силердин мойнуңарда болот... Бул муун ушунун бардыгы үчүн жоопко тартылат» (Матай 23:34—36). Ооба, б.з. 70-жылы Рим аскери Иерусалимди талкалап, миңдеген жүйүттөрдү кырганда, ысрайыл эли жоопко тартылган.

Муну ойлогондо, Машаяктын жүрөгү сыздап кетет. Ал кейип: «Оо, Иерусалим, пайгамбарларды өлтүрүп, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Тоок жөжөлөрүн канатынын астына чогулткандай, мен да сенин балдарыңды канча ирет чогулткум келди! Бирок силер каалаган жоксуңар. Мына, үйүңөр кароосуз калтырылат!» — дейт (Матай 23:37, 38). Эл: «Үйүңөр деген сөз эмнени билдирет болду экен?» — деп ойлогон чыгар. Бул Кудай коргоп жатат деп эсептелген Иерусалимдеги ибадаткана болушу мүмкүн беле?

Иса пайгамбар: «Силер: „Жахабанын ысмы менен келатканга Анын батасы тийсин!“ — деп айтканыңарга чейин мени көрбөйсүңөр»,— дейт (Матай 23:39). Ал Забур 118:26дагы: «Жахабанын ысмы менен келатканга бата тийсин, Жахабанын үйүнөн силерге бата беребиз»,— деген сөздөрдү айтып жаткан эле. Ооба, ибадаткана талкаланганда, ага Жахабанын ысмы менен эч ким келбейт болчу.

Машаяк ибадаткананын кутулар турган бөлүгүнө барат. Эл ошол кутулардын үстүндөгү кичинекей тешиктерге тартууларын салчу. Иса пайгамбар көптөгөн бай жүйүттөрдүн «көп акча салып жатканын» көрөт. Анан ал бир жарды жесир аялдын «наркы өтө төмөн эки тыйын салганын» байкайт (Марк 12:41, 42). Кудайдын анын тартуусуна абдан ыраазы болгонун Машаяк жакшы билген.

Анан шакирттерин жанына чакырып: «Бул жарды жесир аял казына идиштерине акча салгандардын баарынан көп салды»,— дейт. Кандайча? «Бардыгы өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял, өзү муктаж болуп турса да, колунда болгондун баарын салды»,— деп түшүндүрөт (Марк 12:43, 44). Ал аял диний жетекчилерден ойлогон ою, кылган иши менен да айырмаланып турган.

11-нисан бүтө элек. Иса пайгамбар ибадатканадан чыгып баратканда, шакирттеринин бири: «Устат, бул таштарды, бул имараттарды карачы!» — дейт (Марк 13:1). Чын эле, ибадаткананын дубалындагы кээ бир таштар килейген болчу, ошол себептен ибадаткана эч качан талкаланбачудай сезилген. Андыктан Устатынын: «Заңгыраган бул имараттарды айтып жатасыңбы? Бул жерде таш үстүндө таш калбайт, баары кыйратылат»,— деген сөздөрү кызыктай эле угулса керек (Марк 13:2).

Андан соң Машаяк элчилери менен Кидрон өзөнүн кечип өтүп, Зайтун тоосуна чыгат. Бир маалда Петир, Андрес, Жакып жана Жакан жанына барат. Ал жактан ибадаткана алаканга салгандай эле көрүнүп турчу.