Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

112-БӨЛҮМ

Сергек турган кыздар

Сергек турган кыздар

МАТАЙ 25:1—13

  • ОН КЫЗ ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

Иса пайгамбар элчилерине катышуусунун убагын жана дүйнөнүн акырына аз калганын кандай белгиден билсе болорун айтып берди. Аларды сергек болууга үндөш үчүн дагы бир мисал айтып берет. Пайгамбарлык мааниси бар ошол мисалдын аткарылышын анын катышуусунун убагында жашагандар баамдашмак.

«Асман Падышалыгын чырактарын көтөрүп, үйлөнө турган жигитти тосуп чыккан он кызга салыштырууга болот. Алардын бешөө акылсыз, бешөө акылдуу»,— дейт ал (Матай 25:1, 2).

Бул мисал Падышалыкты мурастай турган жолдоочуларынын жарымы акылдуу, жарымы акылсыз болорун билдирбейт. Болгону, Машаяк шакирттеринин Падышалыктын ишин аткарууда сергек турабы же алаксып кетеби, ар биринин өзүнөн көз каранды экенин айткысы келген. Ал ар бир жолдоочусунун ишенимдүү болуп, Кудайдан бата аларынан эч шектенбейт.

Мисалдагы он кыз тойго бараткандарга кошулуш үчүн үйлөнө турган жигитти тосуп чыгат. Кыздар чырагы менен жолду жарык кылып, колуктусун алып келаткан жигитке урмат көрсөтүшмөк. Алар ошондой кылышканбы?

«Акылсыздары чырактарын алганы менен, май албай чыгышат. Ал эми акылдуулары чырактары менен кошо идиштерине май куя чыгышат. Үйлөнө турган жигит кармалып жаткандыктан, алардын баары үргүлөп, уктап калышат» (Матай 25:3—5). Ооба, жигит эл күткөн маалда келген эмес. Ал өтө эле кармалып жаткандай сезилгендиктен, кыздар уктап калган. Ушул мисалды укканда элчилер Устатынын ак сөөктөрдүн тукумунан болгон бир кишинин «акыры,.. падышалык бийлигин алып, кайтып келгени» жөнүндө айтып бергенин эстешсе керек (Лука 19:11—15).

Жигит кайтып келгенде, эмне болгон? «Түн ортосунда: „Жигит келатат! Тосуп чыккыла!“» — деген кыйкырык угулган (Матай 25:6). Он кыз даяр болуп, сергек турганбы?

«Кыздардын баары туруп, чырактарын даярдашат. Акылсыздары акылдууларына: „Майыңардан бир аз бергилечи, чырактарыбыз өчкөнү жатат“,— дешет. Акылдуулары болсо: „Бизге да, силерге да жетпей калып жүрбөсүн. Андан көрө, май саткандарга барып, сатып алгыла“,— деп жооп беришет» (Матай 25:7—9).

Ошентип, сергек турбаган акылсыз беш кыз жигиттин келишине даяр болбой калган. Майлары түгөнүп калгандыктан, сатып алууга туура келген. «Алар май сатып алганы кеткенде, жигит келип калат. Ошондо даяр турган кыздар аны менен бирге үйлөнүү тою өткөн үйгө киришет, анан эшик жабылат. Андан кийин берки кыздар келип: „Мырзам, мырзам, эшикти ачып койчу!“ — дешет. Ал болсо: „Мен силерди тааныбайм“,— деп жооп берет» (Матай 25:10—12). Алардын даяр болбогону, сергек турбаганы кандай гана өкүнүчтүү болгон!

Элчилер мисалдагы жигиттин Устаты экенин түшүнүшсө керек. Себеби анын мурда өзүн үйлөнө турган жигитке салыштырганын угушкан болчу (Лука 5:34, 35). Ал эми акылдуу кыздар кимди билдирген? Падышалык бийлик бериле турган «кичине отор» жөнүндө сөз кылганда Машаяк: «Белиңер буулуп, чырагыңар күйүп турсун»,— деген (Лука 12:32, 35). Элчилер мисалдагы акылдуу кыздардын өздөрү сыяктууларды билдирерин түшүнүшсө керек. Устаты ошол мисал аркылуу эмнени айткысы келген?

Мисалын ал: «Сергек болгула, себеби ал күндү да, саатты да билбейсиңер»,— деп корутундулайт (Матай 25:13).

Ооба, Машаяк ишенимдүү жолдоочуларына анын катышуусунун убагында «сергек болушу» керектигин эскерткен. Ал сөзсүз келет. Андыктан жолдоочулары, жаркын келечектен көзүн албай, сыйлыкка ээ болушу үчүн, акылдуу беш кыздай болуп, даяр турушу жана жигердүү иш-аракет кылышы зарыл.