Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

113-БӨЛҮМ

Таланттарды иштеткен кулдар

Таланттарды иштеткен кулдар

МАТАЙ 25:14—30

  • ТАЛАНТТАР ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

Иса пайгамбар Зайтун тоосунда төрт элчисине дагы бир мисал айтып берет. Ал бир нече күн мурун Жериходо жүргөндө Кудайдын Падышалыгынын орношуна дагы көп убакыт бар экенин көрсөткөн миналар жөнүндө мисал айтып берген болчу. Ошол мисал азыр айта турган мисалына көп жагынан окшош. Бул мисал да: «Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деген суроонун жообу болуп эсептелет. Пайгамбар шакирттеринин тапшырылган ишти жигердүүлүк менен аткарышы керектигин баса белгилегиси келген.

Мисал: «Асман Падышалыгын башка өлкөгө кетерде кулдарын чакырып, аларга өзүнүн акча-каражатын тапшырган кишиге салыштырууга болот»,— деп башталат (Матай 25:14). Иса Машаяк буга чейин өзүн «падышалык бийлик алыш үчүн алыскы өлкөгө жөнөгөн» кишиге салыштырган болчу. Андыктан элчилер Устатынын өзү жөнүндө айтып жатканын дароо эле түшүнүшкөн чыгар (Лука 19:12).

Мисалдагы киши башка өлкөгө кетерде кулдарын чакырып, акча-каражатын тапшырат. Иса пайгамбар үч жарым жыл бою Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтып, шакирттерин ошол ишти аткарууга үйрөткөн. Ал асманга кетерде алардын тапшырылган ишти окуп-үйрөнгөнү боюнча аткарарына эч шектенген эмес (Матай 10:7; Лука 10:1, 8, 9; салыштыр: Жакан 4:38; 14:12).

Кожоюн кулдарына «акча-каражатын» кантип бөлүштүрөт? «Ар биринин жөндөмдүүлүгүнө жараша, ал бирөөнө беш, экинчисине эки, үчүнчүсүнө бир талант берип, жолго чыгат» (Матай 25:15). Кулдар акчаны кантип иштетишет? Алар кожоюнунун мүлкүн көбөйтүш үчүн бүт күчүн жумшашабы? Иса пайгамбар элчилерине мындай дейт:

«Беш талант алган кул дароо барып, ал акчаны айландырып, дагы беш талант табат. Эки талант алганы дагы эки талант табат. Ал эми бир талант алган кулу барып, кожоюнунун күмүш акчасын жерге көмүп коёт» (Матай 25:16—18). Кожоюн кайтып келгенде эмне кылат?

«Бир топ убакыт өткөндөн кийин, кожоюну келип, кулдары менен эсептешет» (Матай 25:19). Эки кул «жөндөмдүүлүгүнө жараша» колунан келгендин баарын кылган. Экөө тең тырышчаак, эмгекчил, табышкер болгон. Беш талант алган кул да, эки талант алган кул да аларды эки эсе көбөйтүшкөн. Айта кетчү нерсе, ошол учурда бир киши бир талантты болжол менен 19 жылда иштеп тапчу. Кожоюн: «Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей нерседе ишенимдүү болгонуң үчүн, сага чоң нерсени тапшырам. Мырзаңдын кубанычына ортоктош бол» — деп, экөөнү тең мактайт (Матай 25:21).

Ал эми бир талант алган кул эмгектенген эмес. Ал: «Мырзам, мен сенин сеппеген жерден жыйнап, сапырбаган жерден эгин чогулткан катаал киши экениңди билем. Ошондуктан коркконуман барып, берген талантыңды көмүп койгом. Мына, өзүңдүкүн ал»,— дейт (Матай 25:24, 25). Ал талантты, жок дегенде, акча айландыргандарга берип койсо болмок. Ошондо, аз да болсо, кожоюнуна киреше түшмөк. Ооба, ошол кул кожоюнунун эркине каршы иш кылган.

Андыктан кожоюнунун аны «жаман, жалкоо кул» деп атаганы жөндүү болгон. Ал андагы талантты алып, күжүрмөн эмгектенген кулга берген. Анан: «Кимде бар болсо, ага дагы берилет, аныкы мол болот. Ал эми кимде жок болсо, андан өзүндө болгон нерсеси да тартылып алынат»,— деген (Матай 25:26, 29).

Ооба, Машаяктын жолдоочулары ушул бир эле мисалдан көп нерсеге үйрөнө алышат. Иса Машаяк өзүнүн жолдоочуларына шакирт даярдоо ишин тапшырган. Алар аны зор сыймык катары көрүшөт. Мырзасы алардын ошол маанилүү ишке бүт күчүн жумшашын каалайт. Ал жакшы кабарды таратууда жолдоочуларынын баары эле бирдей эмгектенет деп күтпөйт. Ар бири «жөндөмдүүлүгүнө жараша» иш кылышы керек. Бирок бул Машаяктын мүлктү көбөйтүүгө бүт күчүн жумшабаган «жалкоолорго» ыраазы болорун билдирбейт.

Элчилер: «Кимде бар болсо, ага дагы берилет»,— дегенди укканда абдан сүйүнүшсө керек.